«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.»
(Термизий, 1987)
Коом | 01.03.2025
  • |

Бишкекте 5000 даана Куран китеби таратылды

Кечээ, 28-февраль күнү Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен 5 миң даана ыйык Куран китеби таратылды.

Куран айы болгон Рамазан айына утурлай уюштурулган саамалыкта Азирети Муфтий Куран окуунун жана аны жашоонун пазилеттери боюнча кеңири токтолду.

«Жалпыбызга маалым болгондой, ушул улуу айда Ыйык Куран түшүрүлгөн. Ушул айда Куран окуй албагандарыбыз Куранга түшөлү. Куранга түшкөндөрүбүз аны жаттайлы. Аны жаттагандарыбыз толук кары болууга тырышалы. Эң негизгиси жүрөгүбүздү Куран менен нурдантып, жашообузду Куран менен кооздойлу», – деди ал жума баянында.

КМДБ жетекчиси сөзүн жыйынтыктап жатып, эл-журттун биримдиги, Мекендин амандыгы жана үммөттүн саламаттыгы үчүн дуба кылды.