«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси, «Ыйман» мечитинин уюштуруусу биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелгендер (дудук-дүлөй) үчүн уюштурулган эки жумалык Куран жана шарият илимдери боюнча семинар жыйынтыкталды. Семинарга Бишкек, Кара-Кол, Талас жана Баткенден жарандар келип, тереңдетилген диний маалымат алышты.
Семинардын соңунда катышуучуларга семинарга катышкандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды. Катышуучулар диний башкармалыкка ыраазычылык билдирип, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ушундай пайдалуу саамалыктар жана курстар болуп туруусун өтүнүштү.
Айта кетсек, ушундай эле семинар көзү азиз бир туугандар үчүн да өтүлүшү күтүлүүдө.