«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.»
(Термизий, 1987)
Коом | 24.11.2025
  • |

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелгендерге экзамен өткөрүлүп, мыктыларга умрага жолдомо тапшырылды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси, «Ыйман» мечитинин уюштуруусу менен мүмкүнчүлүгү чектелгендер (дудук-дүлөй) үчүн уюштурган Куран жана шарият илимдери боюнча семинардын жыйынтыгы чыкты. 

Семинардын соңунда атайын экзамендер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө умра сапарына сертификаттар тапшырылды. 

Катышуучулар диний башкармалыкка жана демөөрчү Асанбек ажы Төрөевге ыраазычылыктарын билдирип, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн ушундай пайдалуу жана зарыл семинарлар, курстар үзгүлтүксүз өткөрүүнү өтүнүштү.