Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 27.10.2025
  • |

Бишкекте республикалык Куран жарышы старт алды

Бүгүн, 27-октябрь күнү Бишкек шаарындагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уюштуруусу, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин демилгеси менен кезектеги республикалык Куран жарышы старт алды.

Бүгүн мелдештин алгачкы күнү болуп, кыз-келиндер Курандын 30, 15 жана 5 параларынан өз күчтөрүн сынашууда. Эртең мырзалар таймашса, 29-октябрда сыйлоо аземи өтөт.

Конкурстун максаты ислам баалуулуктарын даңазалоо, Ыйык Куранды сүйдүрүү, Куранды тажвид эрежелери менен жаттоого үндөө жана жаш карыларды шыктандыруу болуп эсептелет.