"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кечээ, 19-апрель күнү Токмок шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси, Ислам Академиясынын уюштуруусу менен экс-муфтий, маркум Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган диний окуу жайлар арасындагы салттуу турнир өткөрүлдү.
Аталган турнир бир нече жылдан бери үзгүлтүксүз уюштурулуп, бүгүнкү күндө 35 диний окуу жайлар менен мекемелерди бириктирген ири иш-чарага айланды. Быйылкы мелдешке 86 команда катышып, жалпы 700дөн ашуун оюнчунун башын бириктирди.
ЖЫЙЫНТЫК
Футбол боюнча (студенттер):
1-орун – «Имам Мухаммад» медресеси (Ош)
2-орун – «Кутайба бин Муслим» ислам институту
3-орун – Куран Академиясы медресеси
4-орун – Арашан Куран жаттоо медресеси
Номинациялар:
«Мыкты дарбазачы» – Мухаммед Кубатбеков (Куран Академиясы)
«Мыкты коргоочу» – Абдулазиз Кыязбек уулу («Кутайба бин Муслим»)
«Мыкты чабуулчу» – Азамат Мурзабеков («Имам Мухаммад», Ош)
Футбол боюнча (окутуучулар):
1-орун – Куран Академиясы медресеси
2-орун – Кыргызстан ислам университети
3-орун – «Кутайба бин Муслим» ислам институту
4-орун – Арчалы медресеси
Номинациялар:
«Мыкты дарбазачы» – Максат ажы Осмон уулу («Кутайба ибн Муслим»)
«Мыкты чабуулчу» – Бахрудин Сангаков (Куран Академиясы)
«Мыкты оюнчу» – Бакыт ажы Ниязов (КИУ)
* * *
Волейбол боюнча (студенттер):
1-орун – «Көлмө» медресеси
2-орун – Абдулла бин Масъуд медресеси(Арча Бешик)
3-орун – Абу Бакр Сыддык медресеси (Ош)
4-орун – Кыргызстан ислам университети
Номинациялар:
1. «Мыкты коргоочу» – Баястан Абдырахманов («Ибн Масъуд»)
2. «Мыкты чабуулчу» – Бахтияр Абдулла уулу («Абу Бакр Сыддык», Ош)
3. «Мыкты оюнчу» – Элесбек Закиров («Көлмө»)
Волейбол боюнча (окутуучулар):
1-орун – Муфтияттын Бишкектеги өкүлчүлүгү;
2-орун – АГИ;
3-орун – «Асыл Кенч»;
4-орун – «Көлмө» медресеси.
Номинациялар:
«Мыкты коргоочу» – Улукбек ажы Атакулов (муфтияттын Бишкектеги өкүлчүлүгү)
Мыкты оюнчу – Асылбек Назаров («Асыл Кенч»)
Мыкты чабуулчу – Гүлжигит Алмазбек уулу (АГИ)
Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, ынтымакты бекемдөө жана тарбиялык баалуулуктарды өнүктүрүү. Турнир спорттук мелдеш менен катар, диний окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, устаз менен шакирттин байланышын бекемдөөгө жана жаштардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Акыркы жылдары турнирдин масштабы кеңейип, өлкөнүн бардык аймактарынан, анын ичинде түштүк региондордон да катышуучулар келип, иш-чара республикалык деңгээлге көтөрүлдү.
Быйылкы турнир Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы №363 Жарлыгы менен түзүлгөн Ислам Академиясы тарабынан уюштурулду. Мамлекет тарабынан спортту, айрыкча футболду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жаткан шартта, аталган турнир жаштарды сергек жашоого үндөө, тартипке, жоопкерчиликке жана биримдикке тарбиялоо жагынан маанилүү коомдук иш-чара болуп саналат.
Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров да ДОЖ студенттерин сергек жашоого үндөп, ДОЖдор аралык маданий массалык иш-чараларды колдоп келет.