«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 02.09.2026
  • |

Эрик ажы Молдокулов аскер окуу жайынын студенттери менен жолугушту

КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов аскер окуу жайларынын бирине барып, студенттер менен жолугушуу өткөрүп, Мекенди сүйүү, ага кызмат кылуу, адеп-ахлак жана жаштардын жоопкерчилиги тууралуу баяндама жасады.

Өз сөзүндө ал: «Мекенди сүйүү – сөз менен гана эмес, аны чын жүрөктөн урматтап, элге ак ниет кызмат кылуу менен көрүнөт. Сиздер бүгүн билим алып, эртең өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылган кесиптин ээлери болосуздар. Ошондуктан ар бириңиздерден тартипти, жоопкерчиликти, сабырдуулукту жана мекенчилдикти талап кылынат.

Адамдын чыныгы күчү анын билиминде жана дене даярдыгында гана эмес, анын адеп-ахлагында, ыйманында жана элине болгон жоопкерчилигинде. Ата-энени урматтоо, улууну сыйлоо, кичүүгө кам көрүү, бири-бирине жардам берүү – ар бир жаштын негизги сапаттары болушу керек.

Мекенге кызмат кылуу – чоң аманат. Бул аманатты абийир менен аткаруу ар бирибиздин милдетибиз. Өлкөбүздүн келечеги сиздердей жаштардын колунда», – деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттерге убакытты туура пайдаланууга, билим алууга жана коомго пайдалуу инсан болууга чакырыктар айтылды.