«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Бүгүн, 30-сентябрь күнү Бишкек шаарында КМДБ жана КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан «Жаштар экстремизмге каршы» урааны алдында кезектеги футбол мелдеши старт алды. Достук мелдешке ар кайсы мекеме-ишканалардын командалары катышууда.