«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 17.10.2026
  • |

G20 форумдун алкагында Старейшина Маркус Нэш менен жолугушуу өттү

Кыргызстандан барган делегация АКШнын Юта штатынын Солт-Лейк-Сити шаарында G20 диндер аралык форумдун алкагында Старейшина Маркус Нэш менен жолугушту.

Айта кетсек, Солт-Лейк-Ситиде G20 форуму өтүүдө.

Кыргызстандын атынан форумга катышуучулар:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков;
- Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров;
- Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев;
- Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов ж.б.