“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Ислам Академиясынын ректору, PhD доктор Эрмамат Эргешовдун атасы Калмурза Эргешовдун 76 жашында дүйнө салганына байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана жакындарына Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган муфтияттын жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Көңүл айтуу тексти:
Урматтуу Эрмамат агай! Атаңыздын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Сабыр кылыңыз! Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан Алла Таала маркум Калмурза атабызды Өз ырайымына алып, бейиш бакчаларын насип кылсын. “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Аль-Анбийа, 35). “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).
Урматтуу маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, дос-санаалаштары! Алла Таала сиздерге кайрат берсин. Ал эми маркум атабызды бейиши менен сыйласын».