“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында облустагы бардык имамдардын диний жана фикх багытындагы билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын окуу сабагы уюштурулду. Бул иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Рафаил Татиков жана Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин катышуусунда өттү.
Окуу сабагында негизги темалар катары соода-сатыктагы адал жолдор, рибаа (пайыз) маселеси жана шарияттагы экономикалык жоболор талкууланды. Имамдарга бул темалар боюнча аалымдардын көз караштары, заманбап мисалдар жана фикх негиздери боюнча кеңири маалымат берилди.
Сабак соңунда суроо-жооп иретинде ачык талкуу жүрүп, имамдар өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Катышуучулар окуу сабагына ыраазы болуп, мындай иш-чаралар алардын жамааттар менен иштөөсүндө жана түшүндүрүү иштеринде чоң жардам болорун белгилешти.
Бул иш-чара облус имамдарынын диний сабаттуулугун арттырып, замандын талабына жооп берген фыкх маселелерин терең түшүнүүгө өбөлгө түзмөкчү.