«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 16.10.2026
  • |

КМДБда умра операторлоруна багытталган жыйын өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Сауд Араб Падышалыгынын (САП) Эр-Рияд шаарындагы учурдагы кырдаалга байланыштуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана Умра зыяратын уюштурууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктердин алдын алуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана аккредитациядан өткөн туристтик фирмалардын операторлорунун катышуусунда жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Сауд Араб Падышалыгында 2026-жылдын 11-октябрында орун алган окуялар жана учурдагы кырдаал кеңири талкууланды. Катышуучулар Умра зыяратчыларынын коопсуздугун камсыз кылуу, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле сапарларды уюштурууда мүмкүн болуучу тобокелдиктердин алдын алуу маселелерин карашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында аккредитациядан өткөн туристтик операторлорго Умра сапарларын уюштурууда жоопкерчиликтүү мамиле кылуу, зыяратчылардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу жана аларга учурдагы кырдаал боюнча расмий, так жана текшерилген маалыматтарды жеткирүү зарылдыгы айтылды.