«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрында Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө шаарындагы «Курманжан датка» диний окуу борборунда «Сабаттуу айым» аттуу тренинг өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – айымдардын диний-укуктук жана үй-бүлөлүк сабаттуулугун жогорулатуу, диний чөйрөдө кызмат кылган айымдардын активдүүлүгүн жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар маалыматтарды талдоо, фактыларды стереотиптерден жана манипуляциядан айырмалоо, медиа сабаттуулук жана маалыматты текшерип туруп бөлүшүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Ошондой эле үй-бүлөлүк мамилелер, Мекенди сүйүү жана коомдун өнүгүшүнө айымдардын кошкон салымы талкууланды. Сабактар интерактивдүү ыкмалар менен өтүп, ислам тарыхынан жана Курандан мисалдар келтирилди.
Катышуучулар тренинг күтүлгөндөн да пайдалуу болгонун белгилеп, диний билимдерди турмушта колдонууну жана маалыматка сын көз караш менен мамиле кылууну үйрөнүшкөнүн билдиришти.
Иш-чарага жалпысынан 38 айым катышып, алардын 34ү катышуу баракчасына маалыматтарын калтырды.
Айта кетсек, «Сабаттуу айым» тренинги Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун муфтиятты өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминдеги аялдардын туура нуктагы диний билим камсыздоо пунктун аткаруу алкагында өткөрүлдү. Бул иш-чара өлкөнүн башка облустары жана райондорунда да уланат.