«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Сауд Араб Падышалыгынын Медина шаарындагы мейманканалардын жетекчилиги Кыргызстандык ажылардын жогорку маданиятын, тартиптүүлүгүн жана тазалыкка болгон жоопкерчиликтүү мамилесин өзгөчө белгилеп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын атайын сыйлык менен сыйлады.
Сыйлык КМДБнын Медина шаарындагы өкүлү Жоробай ажы Шергазиевге тапшырылды.
Мейманкана жетекчилиги Кыргызстандан келген ажылар башка зыяратчылар үчүн жакшы үлгү болгонун баса белгилешти.
Бул сыйлык ажыларыбыздын адеп-ахлакка, тартипке жана исламдык баалуулуктарга болгон жоопкерчиликтүү мамилесинин дагы бир далили болуп саналат.
Аллах Таала бардык ажылардын ажылыгын кабыл кылсын! 🤲