«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Үстүбүздөгү жылдын 28-февраль күнү өлкө аймагындагы мечиттерде таравих намазы окулду. Анын катарында борбордогу Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде таравих намазында Куран хатмга старт берилип, ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов катышып, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун рамазандык куттуктоо сөзүн жеткирди.
2025-жылдагы алгачкы таравих намазына Азирети Муфтийдин дагы бир орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев да катышып, орозо айынын пазилеттери тууралуу баян айтты.
Айта кетсек, Азирети Муфтий орозо ичи ордо калаадагы мечиттерди кыдырып, таравих жана багымдат намаздарын окумакчы.