"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 14.04.2026
  • |

Ош: Имамдардын квалификациясын жогорулатууга багытталган 72 сааттык окуу курсу жыйынтыкталды

Бүгүн, 14-апрель күнү ОшМУнун теология факультетинде Ош мамлекеттик университетинин квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан дин кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган 72 сааттык окуу курсу ийгиликтүү өткөрүлдү.

Бул окуу программасы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмү, Ош мамлекеттик университети, Түркия Диянет вакфы жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте уюштурулду.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин атынан Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы илим-изилдөө институтунун директору, доцент Самаган Мырзаибраимов, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, Ош облусундагы өкүлү Султан ажы Гафуров, Түркия Диянет фондонун өкүлдөрү, теология факультетинин деканы Ниязалы ажы Арипов баштаган факультетитин окутуучулары, Ош шаары жана Ош облусунун имамдары катышты.

Курс алкагында катышуучулар диний билимдерин тереңдетип, заманбап талаптарга жооп берген практикалык жана теориялык билимдерди өздөштүрүштү. Окуу программасы дин кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин арттыруу, коомдогу ролун бекемдөө жана диний кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатын көздөдү.