“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Кечээ, 19-июль күнү Ош облусу боюнча дин кызматкерлери арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага Ош облус аймагындагы райондук хатибияттар, КМДБнын Ош облусундагы жана Ош шаарындагы өкүлчүлүктөрү катышты.
Анда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров жалпы катышуучуларга ийгилик каалап, жеңүү үчүн эмес, достук мамилени бекемдөө менен ден-соолукту чыңдоону максат кылуу керектигин баса белгиледи.
"Спорттук мелдеште баарыңарга ийгилик каалайм, бирок жеңүү үчүн эмес, достук мамилени бекемдөө менен ден-соолукту чыңдоону максат кылуу керек. Тартип менен бири-бирибизди сыйлап, оюн көрсөтүү керек. Бул спорттук мелдешти Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев баштап берген болчу. Бүгүн эми Ноокат райондук хатибияты өз кезеги менен жогорку деңгээлде өткөрүп жатат. Буйруса бул жөрөлгө улантылып, башка райондук хатибияттар тарабынан кезек-кезеги менен өткөрүү пландалган"- деди Султанали ажы Гапуров
Айта кетсек, аталган спорттук мелдеш Ноокат райондук хатибияты тарабынан өткөрүлүп, жеңүүчүлөр үчүн белектер, катышуучуларга сый тамак уюштурулду.