"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 20.04.2026
  • |

Ош шаарында болочок ажыларга сабак өтүлдү

Бүгүн, 20-апрель күнү Ош шаарындагы «Сулайман Тоо» мечитинде болочок ажылар үчүн ажылык сапарынын алкагында аткарылуучу иштер, ажылыктын пазилеттери жана негизги эрежелер боюнча атайын сабак өтүлдү.

Иш-чарага Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Абубакир ажы Марат уулу, Ош шаарынын ажы башчылары жана 600 дөн ашуун болочок ажылар катышты.

Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев ажылык ибадатын аткарууда негизги эрежелер, ибадатын маанилүүлүгү боюнча лекция окуду.

«Ажылык – бул машакат. Мал-мүлк жана дене мүчө менен аткарылган ибадат болуп саналат. Бул ибадатты аткарууда эң биринчи сабырыбыз сыналат. Эң башкысы башкаларга зыян берүүдөн алыс болуңуздар», – деди Самидин кары Атабаев.

Ал эми КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Абубакр ажы Марат уулу ажылыктын пазилеттери, эрежелери, Арфат, таваф, Муздалифа, Мина жана мейманканадагы тартиптерге токтолуп, ажыларды ажы башчылар көрсөткөн жол менен иш алып барууга чакырды.