Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”. Абу Дауд:1134
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, ыйык Орозо айт майрамына карата өткөрүлгөн Айт намазга катышты.
Майрамдык намаз Кыргызстандын миңдеген жарандарынын катышуусунда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянтта өттү.