"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Ыйык Рамазан айы – ыйман, сабырдуулук жана берешендик менен айырмаланган мезгил. Бул касиеттүү айдын ичинде КМДБнын Талас облусундагы өкүчүлүгү кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүп, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө кол сунду.
Облус аймагындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөр чакырылып, алар үчүн дасторкон жайылып, атайын ооз ачар уюштурулду. Ифтар кечине КМДБнын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн үгүт-насаат адиси Ибраим Осмонбеков катышып, келген конокторду жана жардам алган үй-бүлөлөрдү Рамазан айы менен куттуктады. Ал орозо айындагы сооптуу иштердин маанисине токтолуп, ал жардам көрсөткөн бардык боорукер инсандарга терең ыраазычылыгын билдирип, алардын бул берешендиги чоң соопко айланарын баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында 204 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчалары таратылды. Саамалыкка жергиликтүү кайрымдуу инсандар активдүү катышып, өз салымдарын кошту. Алардын жардамы менен көптөгөн үй-бүлөлөргө кубаныч тартууланды.
Бул сыяктуу кайрымдуулук иш-чаралары Рамазандан кийин дагы улантылып, муктаждарга жардам берүү жүргүзүлөрү белгиленди.