«Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. Аныгында, кыйынчылыкты улай жеңилдик келет» (Инширах, 5-6.)
Коом | 21.01.2026
  • |

Ротация: Эрик ажы Молдокулов Азирети Муфтийдин Жалал-Абаддагы өкүлү болуп дайындалды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Нарындагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Эрик ажы Молдокулов ротациялык жол менен муфтийдин Жалал-Абаддагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду. 

Жаңы дайындалган өкүлдү Азирети Муфтийдин орун басары Шүкүр ажы Исмаилов жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады. Ал эми өкүлдүн мурдагы милдетин аткаруучу Ниматулла ажы Жээнбеков Сузак районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды.

Эрик ажы Молдокулов тууралуу:
Молдокулов Эрик Тыныбекович 1985-жылы 15-январда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Комсомол айылында жарык дүйнөгө келген. 
1992-жылы Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектептин босогосун аттап 2003-жылы аяктаган. 
2004-жылы КИУга тапшырып, 2009-жылы ийгиликтүү аяктаган. 

Алгачкы эмгек жолун 2011-жылы Нарын шаарында жайгашкан Нарын диний медресесинде окутуучулук жана жетекчилик кызматынан баштаган. 
2014-жылдан 2020-жылга чейин Нарын шаарындагы “Саад ибн Абу Ваккас” мечитинде имамдык кылган. 
2020-жылдан 2021-жылга чейин Нарын облусунун мусулмандарынын казыятынын казынын орун басары болуп иштеген. 
2021-жылдан 2026-жылга чейин Нарын облусунда казылык кызматты аркалады. 

Үй-бүлөлүү; 3 уул, 1 кызы бар. 
Ата-энеси дыйканчылык менен алектенет. Беш бир тууган.

Айта кетсек, КМДБ жетекчисинин коомдогу диний маданиятты өстүрүү жана муфтиятты өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш планынын алкагында ротациялык жол аркылуу дайындоолор жүрүүдө.