«Кайсы жерде болбо, Аллахтан корк (такыба бол). Жаман иштин артынан жакшы иш кыл, ал жамандыкты өчүрөт. Жана адамдар менен жакшы кулк-мүнөздө мамиле кыл.» (Термизий, 1987)
Бүгүн, 3-июнь күнү Медина-Бишкек багыты боюнча зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкек шаарына келди. Аларды аэробекеттен тосуп алуу иш-чарасына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басарлары Шакир ажы Маматов жана Рафаил ажы Татиков, КМДБнын кызматкерлери жана зыяратчылардын жакындары катышты. Белгилей кетсек ажылыкта жүргөн жарандардын алгачкы тобун Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров өзү коштоп келди. Азирети Муфтий Ыйык сапардан кайткандарга бата-дуба берип, калган зыяратчылар дагы аман-эсен Кыргызстанга жетип, үй-бүлөлөрү жана жакындары менен кубанычта жолугууларын тилеп өттү.
Ал эми мекенге кайтып келе жаткан ажылар бул сапарды жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, штаб мүчөлөрүнө жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Белгилей кетсек бүгүн Медина-Бишкек багыты боюнча 340 адам, ал эми Жидда-Ош багыты боюнча 180 адам учуп келди.
(Ошондуктан Аллах Өз үйүнүн ажыларына Арафаттан жана Муздалифадан кайтып (агылып) келгенден кийин Өзүнөн кечирим суроону буюрган. Анткени алар эң улуу жана эң улук турган жерлерде турушкан. Аллах Таала мындай дейт:
«Андан кийин адамдар агылган жерден агып түшкүлө жана Аллахтан эми кечирим сурагыла. Чындыгында Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу»
(Бакара сүрөсү, 199-аят)
Демек, сен өмүрүңдө жаңы, аппак жана таза баракты ачтың. Ажыдан кийин таза, аруу кийим кийгендей абалга келдиң. Ошондуктан сак бол, сак бол! Өзүңдүн амал дептериңди арам иштер жана туура эмес сөздөр менен кайра карайтып алба.)