"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 29.05.2026
  • |

Ысык-Көл облусунда имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында тестирлөө өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунда имамдардын квалификациясын жогорулатуу жана диний билим деңгээлин бекемдөө максатында илимий сабактар уюштурулуп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан мечиттер тиешелүү диний китептер менен камсыздалган.
Ушул иштердин алкагында облус аймагындагы бардык шаар жана райондордо имамдар арасында тестирлөө өткөрүлдү.

Тесттик суроолор Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан даярдалып, ар бир райондо баш имам-хатибтердин көзөмөлүндө уюштурулду.
Алгачкы тестирлөө фыкх илиминин “даарат” бөлүмү боюнча жүргүзүлүп, имамдардын шарияттагы негизги маселелер боюнча билими текшерилди.
Тестирлөөнүн калыс жана тартиптүү өтүүсү үчүн өкүлчүлүк тарабынан ар бир районго атайын көзөмөлдөөчүлөр дайындалды.

Иш-чаранын негизги максаты — имамдардын илим-билимин өркүндөтүү, диний сабактарга болгон жоопкерчиликти күчөтүү жана келечекте облус деңгээлинде өткөрүлө турган ири тестирлөөлөргө даярдоо болуп саналат.

Тестирлөөнүн жыйынтыгында ар бир райондо жогорку көрсөткүчкө жетишкен имамдар аныкталып, аларга сертификаттар жана атайын сыйлыктар тапшырылды.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү мындан ары да имамдардын билимин жогорулатууга багытталган илимий сабактар жана тестирлөөлөр улантыларын билдирди.