"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Баткен облусуна иш сапар менен барды. Алгач Зардалы айылына баруучу жол оңдоп жаткан жумушчулар менен жолугуп, аларга муфтияттын атынан түшкү тамак уюштурду.
Андан ары Зардалы эли менен жолугуп, ушул чөлкөмдөн чыккан аалым-молдолордун чоңойгон жана эрезеге жеткен үйлөрүн зыярат кылды. Алардын катарында экс-муфтий, маркум Абсаттар ажы Мажитов, аалым-устаздардан Молдо Кошбак, Молдо Шакир, Молдо Сабыр (Мамасабыр) жана Молдо Шамши (Шамсиддин) аттуу улуулардын балалыгы өткөн жерлерди зыярат кылып, алардын атына 200 Куран хатм багыштап бата кылды.
Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар кербенинде Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абдиманап кары Масалиев, КМАКтын алдындагы текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, муфтияттын аппарат жетекчиси Жоробай ажы Шергазиев коштогон КМДБ кызматкерлери, муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров, Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, муфтийдин Нарын облусундагы өкүлү Нуридин ажы Мамасабиров, муфтийдин кеңешчиси Мукадас ажы Кожониязов жана Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу башында турган Баткен чөлкөмүнөн чыккан дин аалымдары бар.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын башында Баткен облусунун Зардалы айылына барчу Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы жолу пайдаланууга берилген. 17,5 чакырымды түзгөн жолдо кеңейтүү жана тегиздөө иштери аяктаган жана мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрө куруу иштери дээрлик аягына чыккан.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 29-сентябрында Зардалы айылына барып, эл менен жолугушууда жакын арада кыштакка барчу жолду салуу башталарын, электр энергиясы менен камсыз кылуу, чакан ГЭС салуу иштери жүргүзөлөрүн билдирген.