«Оо, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Алла Таала албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот” (Бакара, 153)
Бишкек шаарынын четинде жайгашкан жаңы мал базарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан мал союуда адалдыкты жана шарият талаптарын сактоо боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага КМДБнын адал бөлүмүнүн жетекчиси Максат Атабаев, муфтияттын калкты диний маалыматтар менен камсыздоо бөлүмүнүн адиси Абу Бакр ажы Марат уулу, ошондой эле мечиттер бөлүмүнүн кызматкери Каныбек ажы Баргыев катышып, базар жетекчилиги жана касапчылар менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Марат уулу малды союуда жаныбарларга жакшы мамиле кылуу, кыйнабастан, адал жол менен союунун шарияттагы мааниси тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.
«Малды союуда курч бычак колдонуп, бир кыймыл менен мууздоо зарыл. Малдын жаны толук чыккандан кийин гана жиликтеп союу керек. Эгер бир нече мал сойсоң, ар бирине өз-өзүнчө Алланын аты айтылып мууздалышы шарт», — деди.
Ошондой эле ал малды кыбылага каратып союу сүннөт экенин белгилеп, бул амал союмдун адал болушуна көрк кошо турганын айтты.
Иш-чарада мал союуда шариятта белгиленген негизги талаптарга да өзгөчө токтолулду. Тактап айтканда, союу учурунда кекиртек, кызыл өңгөч жана күрөө тамырлары кесилиши шарт экени белгиленип, кан толугу менен агып чыгышы керектиги баса белгиленди.
Каныбек ажы Баргыев да касапчыларга кайрылып, санитардык талаптарга жана тазалыкка өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
«Бир нече малды сойгондо ар бирине өз-өзүнчө Алланын аты менен мууздоо зарыл. Мал союлуучу жай таза болушу керек, бычак жана колдонулган буюмдар дайыма таза абалда кармалышы шарт. Союудан кийин малдын канын толук агызуу жана туура сактоо да абдан маанилүү», — деди Каныбек ажы Баргыев.
Жолугушууда коомдук ишмер Дүйшөн Абдылдаев жаныбарларга карата ырайымсыз, катаал мамиле жасоого мыйзам тарабынан чаралар каралганын эске салып, малды кордобоого чакырды.
Өз кезегинде мал базарынын жетекчилиги касапканада мал союуга бардык шарттар түзүлгөнүн, санитардык талаптар күндөн күнгө жакшыртылып жатканын билдирип, Муфтият өкүлдөрүнүн келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгүнө ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын алкагында КМДБнын адал бөлүмү тарабынан даярдалган «Мал союунун эрежелери» аттуу маалыматтык баннер илинип, касапчыларга жана базардын кызматкерлерине атайын маалыматтык буклеттер таратылды.
Жолугушуунун соңунда касапчылар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, дин аалымдарынан жоопторду алышты.