«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Кечээ, 1-октябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын конференция залында Бишкек шаарынын казыят жамааты жана райондук хатибияттарынын өкүлдөрүнө багытталган атайын жыйын өткөрүлдү. Жыйында жеке менчик жер тилкелеринде жайгашкан мечиттерди КМДБнын балансына өткөрүү боюнча маселелер каралып, тиешелүү мыйзамдык жана укуктук негиздер боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле баланска өткөрүүнүн жолдору, талап кылынган документтер жана аткарылышы зарыл болгон иштер боюнча маалымат алышуулар жүргүзүлүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Жыйынды Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев алып барып, бул процесстер дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын ишке ашыруу багытында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Айта кетсек, аталган жыйынга КМДБнын бөлүм башчысы Нуркамал кары Мизираимов, Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов жана калаадагы башкы имам-хатибдер катышты. Бул иш-чара КМДБнын мечиттер, курулуш-чарба жана имамдар менен иштөө бөлүмү тарабынан уюштурулду.