«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Ай жаңы чыкканда же кийин көргөндө айтылчу зикирлер
عن طلحة بن عبيد الله رضي الله عنه قال: كان النبي صلى الله عليه وسلم إِذا رأى الهِلالَ قال: (اللَّهُمَّ أهلّهُ عَلَيْنَا بِاليُمْنِ وَالإِيمَانِ، وَالسَّلاَمَةِ وَالإِسْلاَمِ، رَبِّي وَرَبُّكَ اللَّهُ) رواه الترمذي وحسنه،
Талха ибн Убайдуллахдан (разийаллоху анху) риваят кылынат. Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) жаңы чыккан айды көрсө:
«Аллохумма ахиллаху ъалайна билйумни вал иймани вассаламати вал ислам. Роббий ва Роббукаллох», деп айтаар эле. (Мааниси: Эй Аллахым, бизге бул айды берекелүү, ыйман, саламаттык жана ислам айы кылгын. (Эй жаңы көрүнгөн ай! Менин да Роббим, сенин да Роббиң Аллах) (Термизий риваяты).
عن ابن عمر رضي الله عنهما قال: كان النبي صلى الله عليه وسلم إِذا رأى الهِلالَ قال: (اللَّهُ أكْبَرُ، اللَّهُمَّ أهِلَّهُ عَلَيْنَا بِالأَمْنِ والإيمَانِ، والسَّلامَةِ والإسْلاَمِ، والتَّوْفِيقِ لِمَا يُحبُّ ربُّنا ويَرْضَى، رَبُّنَا وَرَبُّكَ اللَّهُ) رواه الدارمي
Ибн Умардан (разийаллоху анху) риваят кылынат. Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) жаңы чыккан айды көрсө:
«Аллоху акбар, Аллохумма ахиллаху ъалайна бил амни вал иймани вассаламати вал ислами ваттавфийки лимаа йухиббу Роббунаа ва йарзо. Роббунаа ва Роббукаллох», деп айтаар эле. (Мааниси: Аллах улук, эй Раббим, бизге бул айды амандык, ыйман, саламаттык, ислам, тавфик, Өзүң жакшы көрө турган жана ыраазы боло турган ай кыл. (Эй жаңы көрүнгөн ай! Биздин да Роббибиз, сенин да Роббиң Аллах) Дорамий риваяты
عن قتادة أن نبي الله صلى الله عليه وسلم كان إذا رأى الهلال قال : هلال خير ورشد ، هلال رشد وخير ، هلال خير ورشد ، آمنت بالذي خلقك ثلاثا ، الحمد لله الذي ذهب بالشهر كذا و جاء بالشهر كذا رواه أبو داود
Катададан (разийаллоху анху) риваят кылынат. Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) жаңы чыккан айды көрсө:
«Хилалу хойрин ва рушдин, хилалу рушдин ва хойрин, хилалу хойрин ва рушдин. Ааманту биллахиллазий холакока», деп үч жолу айтчы эле, соң:
«Алхамду лиллахиллазий захаба бишшахри казаа ва жаа`а бишшахри каза», деп айтчу. (Мааниси: Жакшылык жана хидаят айы, жакшылык жана хидаят айы, жакшылык жана хидаят айы. Сени жараткан Аллахка ыйман келтирдим. Ал айды кетирип, бул айды келтирген Аллахка мактоолор болсун!) Абу Давуд риваяты
Айды көргөндө айтылчу дубалар
عن عائشة رضي الله تعالى عنها : أخذ رسول الله صلى الله عليه وسلم بيدِي فأرانيَ القمر حين طلع ؛ فقال: (تعوَّذي بالله من شر هذا الغاسق إذا وقب) رواه ابن السني
Айша (разийаллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) ай чыкканда, менин колуман кармап туруп, айды көрсөттү да: “Караңгылыкка чөмгөн түндүн жамандыгынан Аллахтан жардам сура”, деди”.
(Ибн Сунний риваяты)
عن أنس بن مالك رضي الله عنه قال : كان رسول الله صلى الله عليه وسلم إذا دخل رجب قال : «اللهم بارك لنا في رجب وشعبان وبلغنا رمضان » قال : وكان يقول : » ليلة الجمعة ليلة أغر ويوم الجمعة يوم أزهر » . رواه أحمد في المسند والبيهقي في الدعوات الكبير وشعب الإيمان وفضائل الأوقات وهذا حديث قد اتفقت كلمة العلماء على تضعيف رواياته
Анас ибн Малик (разийаллоху анху) кылган риваятта: «Ражаб айы келсе, Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам):
«Аллохумма баарик ланаа фий ражаб ва шаъбана ва баллигна ромазона» деп айтаар эле, делинет. (Мааниси: Эй Раббим, бизге ражаб жана шаъбан айында береке бере көр жана бизди Рамазанга жеткире көр. Ошондой эле “Жуманын түнү кадырлуу түн жана жуманын күндүзү жаркыраган күндүз” деп да айтаар эле) Имам Ахмад “Ал-Муснадда, Имам Байхакий “Фид Даьватил Кабийр”де, “Шуьабил Ийман”да жана “Фазааилул Авкат”да риваят кылган. Аалымдар бир ооздон бул хадистин риваятын заиф деп айтышкан.
Хижрий камарий календарь боюнча ай жаңыруусун эсеп кылуунун эрежеси
Бисмиллахир рохманир рохийм
Ааламдардын Роббиси Аллах таалага мактоолор жана Анын элчиси Мухаммад Мустафага (саллалоху алайхи ва саллам) эсепсиз дуруд салаваттар болсун!
Исламда буюрулган бир катар ибадаттар камарий жыл айларынын атайын күндөрүндө аткарылат.
Ошондуктан камарий жыл айларынын башталуу күндөрүн белгилөө олуттуу маселе деп эсептелинет.
Кийинки жылдардагы Рамазан айынын башталуусу жана айт күндөрүн белгилөө жөнүндөгү болуп жаткан баш аламандыктар бул маселенин дагы да олуттуу экенин көрсөтүп коюуда.
Бул макала ошол маселени оңдоо жолун издөө максатында жазылууда.
Бул ишке киришүүдө Абу Бакр Сыддыктын (разияллоху анху) “… туура болсо Аллахтан, ката болсо менден жана шайтандан…” деген сөзүнө кошулуп, кол урдум жана макаладагы ката жана кемчиликтер үчүн Аллах тааладан магфират жана азиз окурмандардан кечирим сурайм.
Рамазан айы келээрде ай көрүү маселеси көтөрүлөөрү баарыбызга маалым. Шарият илиминен бир аз билими бар “молдоке” деле: “Ай көрүп орозо кармайбыз жана ай көрүп анан айт кылабыз” деген “ураанды” көтөрүп чыгат. Биздин элдин адаты Рамазан айынын башталуусун он күн жок дегенде бир жума мурда айтпасаң тим эле чый-пыйы чыгып кетет. “Ой айтпайсыңарбы эми, мен тээ Алайга кудамдыкына кой союп барышым керек, же болбосо боорсок сыяктуу таттууларды айт майрамына эртерээк бышырып даярданышыбыз керек да” деп бүт молдолордун айрыкча муфтияттын тынчын алат. Жер-жерлердеги имам-молдокелерибиз: “Муфтияттан бизге кабар келсе гана силерге айта алабыз, болбосо жок…” деп, кутулган болушат. Ал эми жергебиздеги жогорку окуу жайлардагы астрономия жаатынын ага окутуучулары: “Ай муфтият силерге эмне болгон, элди кыйнабай айдын жаңырганын эртерээк айтып койсоңор боло, же эмне айдын качан жаңырышын билбейсиңерби. Ушунча илим-техника өнүккөн заманда кантип ушуну билбей каласыңар, же эмне ошончо караңгысыңарбы. Анда айдын качан жаңыруусун силерге биз эле тактап берели, керек болсо жүз жылдыгын тактап беребиз. Себеби муну бүгүнкү күндө оңой эле эсептесе болот да” деп алыстан муфтиятка үн катып, бир чети сүр көрсөтүп: “Ушул биз билгенди силер билбейсиңер да” дегенсип бой көтөргөн болушат.
Ал эми шарият эмне дейт, “астроном”дор айтмакчы чын эеле муфтият караңгы болуп, замандан артта калганбы?! Анда, ай көрүү маселесине шарият эмне дейт карап көрөлү.
Баарыбызга маалым бүгүнкү күндө биз колдонуп жүргөн календарь “григориан календары” деп аталат. Бул календарь күн эсеби менен жүргүзүлөт. Алыс мөөнөттү убакыттын ченемдери (сутка-күн, апта, ай жана жылдар) боюнча системага салуу календарь деп аталат. Календарь түзүүдө ай фазаларынын алмашуу мезгили же жыл мезгилдеринин алмашуу мезгили (тропикалык жыл) негиз кылып алынат. Айдын фазаларынын алмашуу мезгили (29,53 сутка) негиз кылып алынган календарь Ай календары, жыл мезгилдеринин алмашуу мезгили негиз кылып алынгандары болсо күн календарылары деп аталат.
Күн календары Байыркы Египетте б.з.ч. 3000-жылдарда пайда болгон. Ал учурда жыл мезгилдеринин алмашуу мезгили 360 күнгө тең деп, 12 ай 30 күндөн кылып алынган. Кийинчерээк жыл узундугу 365 күн деп табылып, анын бардык айлары 30 күндөн, 12-айы болсо 35 күн кылып белгиленген. Акыры, биздин заманга чейин III кылымда Египетте астрономдор жылдын узундугун 365,25 күнгө барабардыгын аныкташты. Ушундан соң, б.з.ч. I кылымда Римдик кол башчы Юлий Цезарь жылдын узундугу 365,25 күнгө тең календарды астрономдордун жардамында түзүп, аны колдонууга киргизди. Кийинчерээк бул календарь Цезардын урматына юлиан календары деп атала турган болду. Ага ылайык, үч жыл удаалаш келе турган жылдардын узундугу 365 күндөн болуп, төртүнчү жылы 366 күн кылып алынат, анткени 4 жылда 0,25 күндүк (жылдык) калдык чогулуп, 1 күнгө тең болот. Бул кошумча күндү февраль айына кошуп берүүгө (б.а. аны 4 жылда бир 29 күн кылып иштетүүгө) макулдашып алынды.
Бирок кылымдардын өтүшү менен бул календарь жылынын узундугунда али да болсо ката бар экени маалым болду. Аны оңдоо үчүн 1582-жылдын февралында Рим папасы Григорий XIII жылдын узундугунун тагыраак алынган маанисин (365,242 күн) жаңы күн календары үчүн негиз кылып алды. Оңдолгон бул календарь Рим папасынын урматына григориан календары деп атала турган болду. Учурда биз колдонуп жаткан календарь григориан календары болуп, анын мезгили Иса пайгамбардын туулган жылынан башталган.
Бул календардын 12 айынын алтысы байыркы римдиктердин уламыштагы кудайларынын аттары менен (Янус, Фебруус, Афродита, Марс, Мая, Грека), июль жана август айлары рим императорлору Юлий Цезарь жана Августтун аттары менен, калгандары болсо өздөрүнүн тартип номерлери (сентябрь-жетинчи, октябрь-сегизинчи, ноябрь-тогузунчу, декабрь-онунчу) менен аталды, анткени илгери жыл башы 1-мартта кирген. Апрель айы- “aprerie”-“ачылуу” (“ойгонуу”) деген сөздөн алынган болуп, жазда табияттын ойгонуусунан кабар берет. Бул календарь боюнча жыл башы илгери мартта болуп, кийин 1-январга көчүрүлгөн. Россияда жылдын башы байыртада жылына эки жолу – 1-мартта жана 1-сентябрда майрамдалчу. 1342-жылдан Москва митрополити (акими) жаңы жыл майрамы мындан ары 1-сентябрда гана өткөрүлүшү жөнүндө буйрук берди. XVII кылымдын аягында падыша Пётр I буйругу менен 1700-жылда календарь жылынын башы 1-январга которулду. Ошондон бери бул календарь боюнча жаңы жыл 1-январда белгилене турган болду.
Анда да он эки ай бар. Январь, Февраль, Март… Декабрь. Бул календарда кээ бир айлар 30 күндөн кайтса кээ бир айлар 31 күндөн кайтат, жадагалса Февраль айы 28 күндөн кайтып, төрт жылда бир 29 күндөн кайтат. Айтайын дегеним кайсыл ай 30 күндөн кайтса деле же 31 күндөн кайтса деле жадагалса 28 күндөн кайтса деле толук бир ай деп көңүлгө алабыз. Маселен кимдир бирөө мамлекеттик жумушта болсун же башка жерде жумушта болсун бир ай иштесе айлык-маянасын 30 күн иштесе да же 31 күн иштесе да жадагалса Февраль айында 28 күн иштесе да бирдей суммада алат. Кайсы бир айда бир күн аз же көп иштедиң деп, айлык-маянасында кошумча же алымча болбойт.
Ал эми Ислам шариятында болсо календарь ай эсеби менен жүргүзүлөт. Ошол асмандагы айды эсептөө менен жыл санагы жүргүзүлөт. Асмандагы ай кээде 29 күн, кээде 30 күн болот. 28 күн да, же 31 күн да болбойт. Демек жогорку “Григориан календарында”гы айлар сыяктуу эле 29 күн болсо деле же 30 күн болсо деле толук бир ай деп көңүлгө алабыз.
Бизге белгилүү болгондой “Григорян календарынын” эсеби боюнча түнкү саат 00:00 дө (түнкү саат 12:00 дө) сутка алмашат. Ошондо бир күндүз толугу менен жана анын эки тарабында жарымдан түн болуп, бир сутка болот. Мисалы төмөнкү сүрөттө:
Ал эми шариятта болсо күн батканда сутка алмашат. Ошондо бир түн толугу менен жана бир күндүз да толугу менен биригип, бир сутка болот. Суткада түн астында жүрөт. Ошондуктан эртең орозо кармайбыз деген түнү таравих намазын окуйбуз, себеби ошол түнү күн батканда биз Рамазан айынын биринчи суткасына кирип келген болобуз, ал эми эртең айт болот деген түнү таравих намаз окубайбыз, себеби ошол түнү күн батканда биз Рамазан айынан чыгып, Шаввал айынын биринчи суткасына кирип келген болобуз. Мисалы төмөнкү сүрөттө:
Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын төмөнкү хадиси болгондуктан, биз муфтият, дегеле бүт молдокелер: “Качан биз айды көз менен көрсөк гана Рамазан айына кирип орозо кармоону баштайбыз. Эгер көз менен көрбөсөк анда кирбейбиз” деген принципте турабыз.
عَن عَبْدِ اللهِ بْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم ذَكَرَ رَمَضَانَ فَضَرَبَ بِيَدَيْهِ فَقَالَ: الشَّهْرُ هَكَذَا وَهَكَذَا وَهَكَذَا ثُمَّ عَقَدَ إِبْهَامَهُ فِي الثَّالِثَة،ِ فَصُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِه،ِ فَإِنْ أُغْمِيَ عَلَيْكُمْ فَاقْدِرُوا لَهُ ثَلَاثِينَ (رواه مسلم)
“Абдулла ибн Умардан (разийаллоху анху) риваят:
“Албетте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) Рамазан айы жөнүндө айтып жатып, эки колунун манжаларын ачык бойдон көтөрүп: “Ай ушундай, ушундай жана ушундай болот” деп, үч жолу колун көтөрүп, үчүнчү жолкусунда бир колунун баш бармагын жумуп алды. (ошондо айдын 29 күн болуусуна ишара кылды). Ошондуктан айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп ооз ачкыла (айт кылыгыла). Эгер кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калса, ошол үстүңөрдөгү айды отузга толтуруп эсептегиле (да бүрсүкүнү айга киргиле)” деди. (Имам Муслим риваяты).
Ханафий мазхабынын усулул фикх эрежеси боюнча Куранда буйрук иретинде айтылган сөз болсо анда ал түздөн-түз фарз өкүмү болот. Ал эми хадисте буйрук иретинде айтылган сөз болсо, анда түздөн-түз важиб өкүмү болот.
Демек, хадистеги “Айды көрүп (анан) орозо кармагыла…” деп, буйрук иретинде айтылган сөзгө көрө биз үммөттөргө айды көрүп анан Рамазанга кирип орозо кармоо важиб экендиги ачык болот. Ал эми астрономдордун эсеби боюнча айдын жаңыруусун билип, айга киришибизге тоскоол болгон нерсе төмөнкү хадис:
عن ابْنَ عُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ: إِنَّا أُمَّةٌ أُمِّيَّةٌ لَا نَكْتُبُ وَلَا نَحْسُبُ؛ الشَّهْرُ هَكَذَا وَهَكَذَا، يَعْنِي مَرَّةً تِسْعَةً وَعِشْرِينَ وَمَرَّةً ثَلَاثِينَ (متفق عليه)
Абдуллах ибн Умардан (разийаллоху анху) риваят:
Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам):
“Албетте биз илимсиз үммөтбүз, жаза албайбыз, эсептей албайбыз. Ай кээде 29 күн болсо кээде 30 күн болот” деди. (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты).
Демек жогорку хадистерден билингендей ай кээде 29 күн болсо, кээде 30 күн болот. Рамазан айы деле ушундай, кээде 29 күн, кээде 30 күн болот. Элибизде Рамазан ай 29 күн болсо: “Ата бабаларыбыз кылбаган нерсени кылып жатасыңар, ушул күнгө чейин эч качан 29 күн орозо кармалган эмес, кайдагы бидъатты чыгарасыңар” деп, ызы чуу салуу, нааразы болуу көрүнүштөрү байкалып жүрөт.
Андыктан биз да Рамазандын орозосун 29 күн кармайбызбы же 30 күн кармайбызбы, шаръий далилдер менен изилдөө жүргүзүп көрөлү.
عَنْ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ أَبِي بَكْرَةَ عَنْ أَبِيهِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ عَنْ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ شَهْرَانِ لَا يَنْقُصَانِ شَهْرَا عِيدٍ رَمَضَانُ وَذُو الْحِجَّةِ (رواه البخاري)
“Абдурахман ибн Аби Бакра атасынан (разийаллоху анху) риваят кылат:
“Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам):
“Эки айт майрамы бар айлар кем болбойт. Алар Рамазан жана Зул-Хижжа айлары” деп айтты”. (Имам Бухарий риваяты).
Бул хадиске ылайык Рамазан жана Зул-Хижжа айлары дайыма 30 күн болот деген түшүнүк өзүнөн-өзү маалым болду. Аалымдар бул хадиске кандай түшүндүрмө беришкен:
وقد اختلف العلماء في معنى هذا الحديث : فمنهم من حمله على ظاهره فقال : لا يكون رمضان ولا ذو الحجة أبدا إلا ثلاثين ، وهذا قول مردود معاند للموجود المشاهد ، ويكفي في رده قوله ، صلى الله عليه وسلم : صوموا لرؤيته وأفطروا لرؤيته ، فإن غم عليكم فأكملوا العدة فإنه لو كان رمضان أبدا ثلاثين لم يحتج إلى هذا . ومنهم من تأول له معنى لائقا . وقال أبو الحسن : كان إسحاق بن راهويه يقول : لا ينقصان في الفضيلة إن كانا تسعة وعشرين أو ثلاثين . انتهى . وقيل : لا ينقصان معا ، إن جاء أحدهما تسعا وعشرين جاء الآخر ثلاثين ، ولا بد . وقيل : لا ينقصان في ثواب العمل فيهما ، وهذان القولان مشهوران عن السلف وقد ثبتا منقولين في أكثر الروايات في البخاري
Аалымдар бул хадиске маани берүүдө түрдүүчө пикирде болушкан:
Алардан кээ бири бул хадистин зоохирине (түздөн-түз) маани беришкен да: “Рамазан айы менен Зул-Хижжа айы дайыма отуз күндөн болот” деп айтышкан. Бул пикир Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын ачык айткан сөзүнө терс келгендиги үчүн туура эмес (мардуд). Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) төмөнкү сөзү жогорку пикирдин туура эместигине жетиштүү. Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам): “…айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп ооз ачкыла (айт кылыгыла). Эгер кандайдыр себептер менен силерге ай көрүнбөй калса, ошол үстүңөрдөгү айды отузга толтуруп эсептегиле (да бүрсүкүнү айга киргиле)” деп айткан. Эгерде Рамазан айы дайыма 30 күн болгондо Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) бул сөздү айтуусуна кажет болмок эмес.
Аалымдардын кээ бири бул хадиске ылайыктуу маани менен түшүндүрмө беришкен:
Абул Хасан (рахимахуллах) айтат: Исхак ибну Рохавия (рахимахуллах) бул хадиске маани берүүдө мындай деп айтчу:
“Бул эки ай 29 күн болсо да же 30 күн болсо да артыкчылыгы (сооп жана башка нерселери) азайбайт”.
Дагы бир маани берүүдө; “Экөө тең 29 болуп калбайт, эгер бири 29 күн болсо экинчиси сөзсүз 30 күн болот” деп айтылган.
Дагы бирөөсүндө: “Ал эки айдагы амалдарга берилчү сооптор 29 күн болсо деле 30 күндүн сообунан кемитилбейт” деп айтылган.
Мурунку өткөн улуу муун аалымдар мына ушул акыркы айтылган эки маанини айтып келишкен. Имам Бухарий (рахимахуллах) көптөгөн риваяттарында ушул акыркы эки маани айтылган.
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) жашоосунда Рамазан айынын орозосун канча жолу кармаган жана алардын канчасын 29 күн, канчасын 30 күн кармаган, тарыхка бир назар салып көрөлү.
قال الإمام النووي في «المجموع» (6/ 205): [صَامَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَآله وسَلَّمَ رَمَضَانَ تِسْعَ سِنِينَ؛ لِأَنَّهُ فُرِضَ فِي شَعْبَانَ فِي السَّنَةِ الثَّانِيَةِ مِن الْهِجْرَةِ، وَتُوُفِّيَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَآله وسَلَّمَ فِي شَهْرِ رَبِيعٍ الْأَوَّلِ سَنَةَ إحْدَى عَشْرَةَ مِن الْهِجْرَةِ] اهـ.
Имам Нававий (рахимахуллах) “Ал-Мажмуъ” китебинде: “Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) Рамазан айынын орозосун тогуз жолу кармаган. Себеби, Рамазан айынын орозосу хижраттын экинчи жылы Шаъбан айында фарз болгон. Ал эми Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) хижраттын он биринчи жылы Роийъул Аввал айында дүйнөдөн өткөн”, деп айткан.
Демек Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) баш аягы болуп, тогуз жолу Рамазан айынын орозосун кармаптыр. Эми ушул тогуз жолку орозонун канчасын 29 күн канчасын 30 күн кармаганын карап көрөлү.
قال ابن خزيمة: إن صيام تسع وعشرين لرمضان كان على عهد النبي — صلى الله عليه وسلم — أكثر من صيام ثلاثين خلاف ما يتوهم بعض الجهال والرغَّاء ، أن الواجب أن يصام لكل رمضان ثلاثون يوما كوامل
Ибну Хузайма рахимахуллах: “Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васалламдын доорунда Рамазан айынын орозосу 30 күндөн 29 күнү көбүрөөк болгон. Бул кээ бир наадан жана келжирек адамдардын: “Албетте ар бир Рамазан айы толук 30 күн болуусу ваажиб”, деп ойлогон нерселерине терс келет”, деп айткан.
عن ابن مسعود قال : » لما صمت مع النبي — صلى الله عليه وسلم — تسعا وعشرين أكثر مما صمت معه ثلاثين «(رواه ابن خزيمة)
“Абдулла ибн Масъуд (разийаллоху анху): “Мен Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) менен кошо (Рамазан айынын орозосун) 30 күн кармагандан көрө 29 күн көбүрөөк кармадым”, деп айткан. (Ибну Хузайма риваяты).
قال بعض الحفاظ صام رسول الله صلى الله عليه و سلم تسع رمضانات منها رمضانان فقط ثلاثون كذا في شرح ابن حجر
Кээ бир аалымдар айтат: “Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) тогуз жолу Рамазандын орозосун кармаган. Андан экөөсүн гана 30 күн кармаган (калган жетөөсүн болсо 29 күн кармаган)”, деп айтышкан. Ибну Хажардын (рахимахуллах) шархында ушундай делинген.
Демек Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) жашоосунда Рамазан айынын орозосун 30 күндөн 29 күн кармаган жылдары көп экендиги бизге маалым болду.
Андыктан: “Эмне үчүн 29 күн кармайбыз, 30 күн эмес”, деп чуу салуунун кереги жок. Рамазан айы кээде (көбүрөөк учурда) 29 күн, кээде (азыраак) 30 күн болуусу табигый көрүнүш. Ким буга нааразылыгын билдирсе өзүнүн наадандыгын жана келжиректигин гана айгинелеген болот.
Жогорку Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айды эсептей албастыгын моюндаган хадиске көрө биз астрономдордун эсеби менен айга кире албайбыз, себеби эсептей албастыгын Пайгамбардын (соллаллоху алайхи васаллам) өзү моюндап жаткандан соң ал кишинин алдында биз кимбиз (өз алдынча айды эсептегидей). Фатваа китептерибизде да “Астрономдордун эсебине таянылбайт” деп айтылган.
Демек биз үммөткө важиб болгон нерсе ар бир айдын 29- суткасы бүтүп жатканда күн батуусунун алдында (аср менен шамдын ортосунда) ай кароо иш чарасын өткөрүү керек. Эгер ай көрүнсө жаңы айга киребиз. Көрүнбөсө үстүбүздөгү айды 30 га толтуруп бүрсүкүнү жаңы айга киребиз. Маселе ушул.
Мына ушинтип, астрономдорго жооп берген болобуз да, айдын көрүнүүсүн күтүп жата бербей бир жума же он күн мурда болжолдуу түрдө Рамазан “балан” числодо башталат, бирок айдын көрүнүүсүнө карап бир күн айырма болуусу ыктымал деп муфтияттан фатваа чыгарабыз. Фатваа чыккандан соң, кээ бир сырттан аңдып турган “муфтийлер”: “Эмне муфтияттын көзү ачыкбы, айды мурда эле көрүп алдыбы, бир жума же он күн мурда айтууга эмне акысы бар. Булар Куран, Хадисти тебеледи, шариятка терс иш кылды, фатваалары жарабайт” деп кыйкырып чыгышат. Дегеле Рамазан айынын башталуусун алдын ала (бир жума же он күн, ээ койчу бир күн мурда) айтсаң да балээ, айтпасаң да балээ. Кыскасы “Олтурсаң опок, турсаң сопок”.
Негизи араб өлкөлөрүндөгү элдин адаты, Шааьбан айынын 29-кечесинде жамаат мечитте куптан намазын окугандан соң, бир азга мечиттен чыкпай имамдан кабар күтүп турушат. Имам чыгып: “Бизге дин башкармалыгынан кабар келди, ай көрүнүптүр, эртең орозо кармайбыз. Азыр сапка туруңуздар таравих намазын окуйбуз” деп жамаат менен таравих намазын окуп тарап кетишет. Же болбосо имам чыгып: “Бизге дин башкармалыгынан кабар келди, ай көрүнбөптүр, ошондуктан бүрсүкүнү орозо кармайбыз, таравих намазын болсо эртең окуйбуз. Азыр үйүңүздөргө тарап кете бериңиздер” десе жамаат “макул” деп, унчукпай тарап кете берет. Биздегидей дин башкармалыгын же молдокелерин эмне үчүн эртерээк айтпайсың деп жакадан албайт. Аларга ошол адат сиңип кеткен. Чындыгында шарият талап кылган нерсе ушундай болуусу керек.
Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тарсаң араба сынат.Эмне кылуу керек?! Кантсек мындай кырдаалдан чыгып кетебиз?! Деги чыгууга жол барбы?! Эки тарапка тең (элге, астрономдорго да “муфтий”лерге да) татыктуу жооп бере алабызбы?!
Урматтуу окурман! Мындан аркы айтчу нерселерибизге жакшылап көңүл буруң! Келиңиз экөөлөшүп буга жол издейли.
Биринчиден жогоруда хадисте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айды эсептеп болбостугун айтып, өзүнүн сабатсыздыгын моюндады. Ооба Пайгамбарыбыз чындап эле окуганды жана жазганды билбеген адам болгон, бирок бул дегени Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам жаахил-наадан болгон дегендик эмес.
Бул да болсо Кудайдын каалоосу, ушундай (окуганды, жазганды билбеген) адамды пайгамбар кылып жиберди. Эгерде илимдүү-сабаттуу адамды пайгамбар кылып жибергенде адамдар: “Бул адам сөздөрүн илимине таянып айтып жатат” деп, анын пайгамбарлыгына ишенбей коюшмак. Ал эми чындап эле окуганды, жазганды билбеген адам илимдүү адамдын да акылы жетпей турган нерселерди айтып жаткандыгы адамдарды таң калтырбай койбойт. “Чындап эле бул адам мындай сөздөрдү айта алчу эмес, себеби өзү илимсиз болсо кайдан билмек. Демек буга кандайдыр бир күч ээси болгон Зат үйрөтүп жатат, ошондуктан бул адам чындап эле пайгамбар го” деп, аны ээрчишкен.
Аалымдарыбыз, Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) (айды) эсептөөдөн кайтаргандыгынын себебин төмөнкүчө түшүндүрүшөт. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айды эсептөөдөн кайтарган учурда, тагыраагы ошол доордо, христяндардын жылдыз эсеби менен гороскоп-төлгөөсүн айтуу туу чокусуна чыккан болчу. Мусулмандар да ушул тарапка ооп кетпестиги үчүн Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айды эсептөөдөн тоскон. Ошондуктан Пайгамбарыбыздын бул тыюусу түбөлүк эмес. Учуру келди жылдыз эсеби аркылуу гороскоп-төлгөсү менен айды эсептөөнүн айырмасы ачыкка чыкты. Тагыраагы мусулмандар айды эсептөө менен төлгөчүлүккө өтүп кетпөө деңгээлине жетишти. Дегеле айды жана күндү эсептөөгө болобу?!
АЙДЫН ОРБИТАСЫ
وَالْقَمَرَ قَدَّرْنَاهُ مَنَازِلَ حَتَّىٰ عَادَ كَالْعُرْجُونِ الْقَدِيمِ ◌ لَا الشَّمْسُ يَنْبَغِي لَهَا أَنْ تُدْرِكَ الْقَمَرَ وَلَا اللَّيْلُ سَابِقُ النَّهَارِ ۚ وَكُلٌّ فِي فَلَكٍ يَسْبَحُونَ ◌
﴿سورة يس: 39-40﴾
“Биз ай үчүн да бир катар барчу жерлерди аныктап койдук; аягында ал эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат). Күн айга жете албайт, түн да күндүздөн алдыга өтүп кете албайт. Баары бир орбитада сүзүп жүрүшүүдө”. (“Ясин” сүрөсү, 39-40-аяттар)
Айдын орбитасы башка планеталардын спутниктери сыяктуу бирдей бир орбитада эмес. Ай орбитасында баратканда жердин кээде алдына, кээде артына өтөт. Ошол эле учурда жер менен бирге күндүн айланасында айлангандыктан, космосто тынымсыз «S» тамгасына окшош бир орбита чийет. Айдын космостогу мындай орбитасынын калыбы Куранда «эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат)» сүйлөмүндө сүрөттөлгөндөй, кургаган курма дарагынын бутагынын ийрилигине абдан окшошууда. Аяттагы «уржун» сөзүнүн мааниси куурап ичкерген, тырышкан курма бутагы жана курма дарагынын мөмөлөр жыйылып алынган соң калган бөлүгүн айтуу үчүн колдонулат. Мындан тышкары, бул бутактын «эски» сөзү менен айтылышы да абдан сырдуу, себеби курма бутагынын эскиси ичкерээк жана ийрирээк.
Албетте, 1400 жыл мурун айдын орбитасы жөнүндө маалыматка ээ болуу мүмкүн эмес эле. Учурдун технологиясы жана илимий жетишкендиктери менен аныктала алган мындай түзүлүштүн Куранда мынчалык так бир окшоштуруу менен билдирилиши Курандын дагы бир илимий керемети.
|
АЙ ЖЫЛЫНЫН ЭСЕПТЕЛҮҮСҮ
هُوَ الَّذِي جَعَلَ الشَّمْسَ ضِيَاءً وَالْقَمَرَ نُورًا وَقَدَّرَهُ مَنَازِلَ لِتَعْلَمُوا عَدَدَ السِّنِينَ وَالْحِسَابَ ۚ مَا خَلَقَ اللَّهُ ذَٰلِكَ إِلَّا بِالْحَقِّ ۚ يُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ ﴿سورة يونس: 5﴾ |
“Ал күндү жарык, ал эми айды нур кылды. Силер жылдарды жана убакытты билүүңөр үчүн алардын орундарын белгиледи. Аллах буларды чындык менен жаратты. Ал түшүнгөн адамдарга Өзүнүн аяттарын ачык-айкын баяндайт”
(“Юнус” сүрөсү, 5-аят)
وَالْقَمَرَ قَدَّرْنَاهُ مَنَازِلَ حَتَّىٰ عَادَ كَالْعُرْجُونِ الْقَدِيمِ ﴿سورة يس: 39﴾
“Биз ай үчүн да бир катар барчу жерлерди аныктап койдук; аягында ал эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат)”. (“Ясин” сүрөсү, 39-аят)
Жогорудагы биринчи аятта Аллах айдын адамдар үчүн бир жыл эсептөөдө бир өлчөө болоорун апачык билдирген. Мындан тышкары, бул эсептердин айдын орбитасында айланышы учурундагы көрүнүштөрүнө жараша жасалаарына да көңүл бурулган. Жер-ай жана жер-күн түздүктөрү арасындагы бурч тынымсыз өзгөрүп тургандыктан, биз айды ар кайсы убакта ар кандай абалда көрөбүз. Мындан тышкары, айды көрө алышыбыз айдын күндөн алган жарыкты чагылтышы натыйжасында мүмкүн болгондуктан, айдын күн тарабынан жарык кылынган тарабы жердеги байкоочу үчүн тынымсыз ар кандай калыпта өзгөртөт. Мындай өзгөрүүлөр эске алынып, бир катар эсептөөлөр жасалат жана бул адамдарга жылды эсептөө мүмкүнчүлүгүн берет.
Мурда 1 ай адамдар тарабынан эки толгон ай арасындагы аралык же айдын жердин айланасында айланган убактысы катары эсептелчү. Бул эсеп боюнча 1 ай 29 күн 12 саат жана 44 мүнөткө ээ эле. Бул «камарий (ай боюнча) ай» эсеби деп аталат. 12 камарий ай болсо румий календарь боюнча 1 жыл болот. Бирок жердин күндү айланып бүтүшүн 1 жыл деп кабыл алган миладий (учурда колдонулган григориан) календарь менен румий календарь арасында жыл сайын 11 күндүк бир айырма пайда болот. Кахф Сүрөсүнүн 25-аятында да бул айырмага мындайча көңүл бурулган:
وَلَبِثُوا فِي كَهْفِهِمْ ثَلَاثَ مِائَةٍ سِنِينَ وَازْدَادُوا تِسْعًا ﴿سورة الكهف: 25﴾
“Алар үңкүрлөрүндө үч жүз жыл болушту (турушту) жана дагы тогуз (жыл) кошушту”. (“Кахф” сүрөсү, 25-аят)
Аяттагы убакытты мындайча түшүндүрүүгө болот: 300 жыл х 11 күн (ар бир жыл үчүн пайда болгон айырма) = 3300 күн. 1 күн жылынын 365 күн 5 саат 48 мүнөт жана 45,5 секундадан тураарын эске алсак, анда 3300 күн/365,24 = 9 жыл. Башкача айтканда, миладий календарь боюнча 300 жыл румий календарь боюнча 300+9 жылга барабар. Байкалгандай, аятта кылдат эсептерге таянган бул 9 жылдык айырмага көңүл бурулган. (Эң туурасын Аллах билет). Албетте, Куранда мындай бир маалыматка көңүл бурулушу Курандын илимий кереметтеринин бири.
Мусулмандардын ай жана күн хижрий календарлары
Ай – хижрий календары. Синодикалык Ай 29,53 суткага, жыл мезгилдеринин алмашуу мезгили – тропикалык жыл болсо 365,2422 суткага тең болуп, алар бүтүн суткаларда (күндөрдө) туюнтула албастыгы календарлар түзүүнү татаалдандат. Анткени календарь айы да, жылы да иш жүзүндө бүтүн суткаларды туюнтууну талап кылат.
Биринчи ай календары б.з.ч. 2500-жылдарда Байыркы Вавилондо пайда болгон. Жети күндүк апта да ошол маалдарда, жылдыздардын фонунда аракеттене турган жети асман телосунун (Күн, Ай жана 5 планета) санына теңдеп киргизилген. Муну менен асман телолору ыйыкташтырылып, аптанын бирден күнү аларга арналган. Кийинчерээк мусулман календары деп атала турган ай календары калыптанды. Көптөгөн Азия мамлекеттеринде колдонула турган бул календарь жылына узундугу 354 күн болуп, ал 12 айга бөлүштүрүлгөн. Анда айлар 29 жана 30 күндөн алмашып, орточо Ай фазаларынын алмашуу мезгили – 29,5 күнгө тең болот. Анын айлары асманда жаңы Ай көрүнүшү менен башталат. Календарь айлары Ай фазаларына ылайык келиши үчүн бул календарда болжол менен ар 3 жылда жылдар 355 күн кылып алынат. Бул календарь жылынын узундугу биз колдончу календарь жылынан орточо 11 күнгө кыскалыгынан, жылда анын жаңы жылы болжол менен 11 күн эрте келет жана натыйжада 33 жылда 1 жылга илгерилейт, башкача айтканда ай календары боюнча 34 жыл өтөт .
Бул календардын башталышы пайгамбарыбыз Мухаммаддын (соллаллоху алайхи васаллам) Меккеден Мединага көчкөн жылынын башынан башталып, ал григориан календары боюнча 622-жылдын 16-июлуна туура келет. Мусулмандардын бул календарлары хижрий, толук кылып айтканда, Ай-хижрий же камарий-хижрий календарь деп аталат (“hijratun” – арабча “көчүп өтүү” дегенди билдирет). Бул календардын 12 айы төмөнкүчө аталат: Мухаррам, Сафар, Рабийъул аввал, Рабийъул ахир, Жумадул аввал, Жумадул ахир, Ражаб, Шаъбан, Рамазан, Шаввал, Зулкаъда, Зулхижжа.
Бул календарь боюнча жаңы – 1440-жөнөкөй жылдын 1-мухаррамы 2018-жылдын 13-сентябрында кирет.
Күн хижрий календары. Омар Хайямдын күн-хижрий календары. XI кылымда Нишапурда (Хорасан) жашап, математика, астрономия боюнча эмгектенген белгилүү акын Омар Хайям (1048 – 1131) 1070-жылда селжук султаны Маликшах жана анын вазири Низам ул-Мулк тарабынан сарайга чакырылат. Анын суранычы боюнча шах Хайям жана анын шакирттерине 1076-жылды Исфаханда (Иран) обсерватория куруп берет. Маликшах өлөгнгө чейин (1092-ж.) иштеген бул обсерваториядагы астрономиялык байкоолор натыйжасында жүздөн ашуун жарык жылдыздардын коордиталарын жана Ай, Күн жана планеталардын кыймылдарын чагылдырган жадыбалдарды өз ичине алган “зиж2 түзүлгөн. Бул астрономиялык колдонмо кийинчерээк “Маликшахтын зижи” деген ат менен дүйнөлүк астрономи тарыхынан орун алган.
Абу Райхан ал-Беруний өзүнүн “Байыркы элдерден калган эстеликтер” чыгармасында Иранда календарь жылынын узундугу 365 күн болуп, 12 айдын биринчи 11 и 30 күндөн, 12-си болсо 35 күндөн болгонун маалымдайт. Бул календардын жыл башы дайыма жазгы күн-түн теңелүү (21-март) менен дал келет. Тропикалык жылдын узундугу чынында 365 күн болбой, андан 6 саатка узундугу себеп, жылдар өтүшү менен календарь жылынын башы күн-түн теңелүүдөн жылып кетүүсүнө (ар төрт жылда болжол менен 1 күн) себеп болгон. Календардагы мындай кемчилдикти жоюу үчүн Маликшах астроном жана математиктерден турган кеңеш түзүп, ага жетекчилик кылууну Омар Хайямга тапшырат. Кеңештин башкы милдети календарь жылынын башын (“Нооруз”) жазгы күн-түн теңелүүдөн жылбай турган кылып түзүү болгон. Ал үчүн кеңеш 366 күндүк кабыйса жылын киргизип, анын келүү тартибин, римдиктердин юлиан календарынан башкачараак түрүн сунуштады.
Кийинчерээк Омар Хайям календары деп аталаган бул календарда кабыйса жылы 33 жылда 8 жолу келип (рим календарында 32 жылда), алгачкы 7өө ар төртүнчү жылда, акыркы 8-си болсо 5-жылы келе турган кылып кабыл алынды, башкача айтканда, 33 жылдык мезгилдин 4-, 8-, 12-, 16-, 20-, 24-, 28-, жана 33-жылдары кабыйса жылдары саналып, 366 күндөн болду, калган 25 жылы 365 күндөн эле.
Омар Хайямдын календарында жылдын орточо узундугу 365 8/33 ═365,24242 күнгө тең болуп, тропикалык жылдын чыныгы узундугунан (365,24220 күн) болгону 0.00022 суткага, башкача айтканда 19,5 секундга гана узун болчу. Бул каталык ушунчалык кичине болгондуктан. Ал топтолуп отуруп 4500 жыл өткөндөн кийин гана 1 күнгө жетчү. Биз колдонуп жаткан григориан календарынын катасы бир күнгө жетиши үчүн болсо 3300 жыл (б.а. Омар Хайям календарындагынан 1200 жыл аз убакыт) керек болот. Демек Омар Хайямдын түзгөн календары биз колдонуп жаткан григориан календарынан бир топ жылга эсеби туурараак болгондугу маалым болот.
Омар Хайямдын бул календары учурда Иранда иштетилүүчү Жалалий (Маликшахтын ылакабы) календарынын негизин түзөт.
Бул календарь мезгилинин башы да кийинчерээк мусулмандардын хижрий – камарий календарынын башындагыдай 622-жылдын 16-июлуна көчүрүлүп, ал күн-хижрий календары деген ат менен атала турган болду. Бул календардагы айлар бизде Күндүн жылдык көрүнмө кыймылы учурунда кесип өтө турган жылдыз түркүмдөрүнүн аттары менен Кой (Hamal), Букачар (Savr), Эгиздер (Javzo), Бөйөн (Saraton), Арстан (Asad), Бийкеч (Sunbula), Тараза (Mezon), Чаян (Aqrab), Жаачы (Qavs), Текечер (Jaddi), Суу куяр (Dalv), Балык (Hut) деп аталат.
Күн-хижрий календары боюнча – 1397-жыл 2018-жылдын 21-мартында кирди.
Куранда Аллах таала айтат:
فَالِقُ الْإِصْبَاحِ وَجَعَلَ اللَّيْلَ سَكَنًا وَالشَّمْسَ وَالْقَمَرَ حُسْبَانًا ذَلِكَ تَقْدِيرُ الْعَزِيزِ الْعَلِيمِ) ﴿ سورة الأنعام: 96﴾،
“Ал таңды аттыруучу жана түндү силерге эс алуучу орун кылды. Күндү жана айды силер эсеп кылууңар үчүн жаратты. Мунун баары-Ызааттуу, Билүүчү болгон Заттын тагдыры (өлчөп койгону)”. (“Ал-Аньам” сүрөсү, 96-аят).
الشَّمْسُ وَالْقَمَرُ بِحُسْبَانٍ ﴿ سورة الرحمان: 5 ﴾
“Күн жана ай (Аллах белгилеген) эсеп менен (айланат)”. (“Ар-Рохман” сүрөсү, 5-аят)
إنَّ عِدَّةَ الشُّهُورِ عِنْدَ اللَّهِ اثْنَا عَشَرَ شَهْرًا فِي كِتَابِ اللَّهِ يَوْمَ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ مِنْهَا أَرْبَعَةٌ حُرُمٌ ۚ ذَٰلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ ۚ…
﴿سورة التوبة: 36﴾
“Чындыгында асмандар менен жерди жараткандан бери Аллахтын Өзүнүн Китебинде (Лавхул Махфузда) айлардын саны он эки (бойдон турат). Булардын төртөөсү ыйык айлар. Мына ушул (Ислам)-бекем дин…” (“Тавба” сүрөсү, 36-аят).
Жогорку аяттардан белгилүү болгондой, ай менен күндүн эсеби бар. Болгондо да ал эсеп Жараткандын эсеби. Жараткандын эсебинде эч кандай кемчилик болуусу мүмкүн эмес. Асман телолорунун бүт баары аалам мейкиндигинде Аллах тагдыр кылып-өлчөп койгон орунда кыйшайбастан сүзүп жүрөт. Эгерде аз да болсо өз огунан чыгып кетсе заматта ааламда кыйроо болуусу эч кимге сыр эмес. Бүгүнкү күндө асаман телолорунун ордун жана алардын кыймыл-аракетин эсептөө илими өз туу чокусуна жетти. Маселен, биз жашап жаткан жердин каалаган жеринен саат канчада күн чыгаарын жана күн батаарын жердин күндүн айланасындагы аракетин эсептөө менен алдын ала айтуу эч кыйынчылык туудурбайт. Ошондой эле айдын жер айланасындагы аракетин да ар бир секундасына чейин аныктоо мүмкүн. Маселен, качан ай жаңырат, качан толот жана башка… Жогоруда намаз убактыларын да жердин күндүн айланасындагы аракетин эсептөөгө көрө аныкталды.
Ташкенттик Молдо Тажихужа ибн Эшанхандын калемине таандык (1903-жылы Петербург шаарында басмадан чыгарылган) “Мухимматуд Дин” атту китепте, Азирети Алинин (разийаллоху анху) керемети менен болгон ай эсебин жүргүзүү эрежеси жазылган. Анда төмөнкүдөй айтылган:
آی حسابی
جناب حضرت علی کرم الله وجهه سیاحت قیلیب یوروب بر تاغ لیک جایغہ باریب قالدیلار اول موضعداگہ آدم لار آفتاب و آی نینگ کورماس ایکانلار آی و یل نی حسابین بیلماس ایکانلار دین و ملّتدين بيكانه ايكانلار حضرت علي رضي الله عنه أول قومغہ دين اسلام اورگاتیب شریعت احکام لارینی تعلیم بردیلار الاردین بری سورادیکہ بيزلار آى و يل حسابينى بيلمايدورميز تعليم برسہ لار حضرت علی کرم اللہ وجہہ ایدیلار آتینگ نیمہ اییدیکہ آتیم اہجزدبود ایدیلارکہ فرزندینگ بارمو ایدی ایکے قیزیم بار برینی آتے زبجہوا برینی آتی بدہزاج حضرت علی رضی اللہ تعالی عنہ ایدیلار سنینگ آتینگ سکز حرف ہر حرفینی بر یلدن اعتبار قیل ایکی قیزینگ نے نامی اون ایکی حرف ہر حرفی بر آیغہ اشارت بولسون چنانچی زبجہواداگے ز محرّمغہ ب سفرغہ ج ربيع الأول ھ ربيع الآخر و جمادى الأولى غہ الف جمادى الآخرغہ بدہمزاج داگے ب رجب غہ د شعبانغہ ھ رمضانغہ ز شوّالغہ الف ذو القعدغہ ج ذو الحجےگا اشارت بولسون اندين كيين تأريخ ہجريدين سكيز تشلاب قنچہ قالسہ اوشبو قالغانيغہ موافق اوشل يل تماميغہ اہجزدبود حرفینی حسابنچہ بر قالسہ الفنے ایکے قالسہ ہاسی نی اوچ قالسہ جیم حرفینی شونگا اوخشاش تا آخریغچہ آی حرفیغہ قوشوب حساب قیلینور اگر یتی و یا یتی عددن زیادہ بولسہ یتی عددنے تشلاب باقیسی اگر یتی عددن کم بولسہ اوزینی اعتبار قیلینوب آی باشی محسوب بولور
АЙ ЭСЕБИ
Азирети Али (разийаллоху анху) саякат кылып жүрүп, бир тоолуу жерге барып калат. Ал жердеги адамдар күн жана айды көрүшпөйт экен. Ай жана жыл эсебин да билишпейт экен. Динден жана элден да жат болушуптур. Азирети Али (разийаллоху анху) ал коомго Ислам динин үйрөтүп, шарият өкүмдөрүнөн таалим берди. Алардан бирөө:
“Биз ай жана жыл эсебин билбейбиз, бизге үйрөтсөңүз”, деп суранды. Азирети Али (разийаллоху анху):
“Атың ким?”, деп сурады. Ал:
“Атым Ихжазудабуд ( اہجزدبود )”, деп жооп берди. Азирети Али (разийаллоху анху):
“Перзенттериң барбы?”, деп сурады. Ал:
“Эки кызым бар, биринин аты Зибижхава ( زبجہوا ) экинчисинин аты Бдихзаж ( بدہزاج)”, деп жооп берди. Азирети Али (разийаллоху анху):
“Сенин атың сегиз тамгадан турат экен (араб алфавитиндеги тамгалар менен эсептегенде ИХЖЗДБУД), ар бир тамгасын бир жыл деп көңүлгө ал. Эки кызыңдын аты (биригип, араб алфавитиндеги тамгалар менен эсептегенде ЗБЖХВА, БДХЗАЖ) он эки тамгадан турат экен. Ар бир тамгасы бир айга ишарат болсун. Маселен, Зибижхавадагы “З” (зай) тамгасы “Мухаррам” айына, “Б” (баа) тамгасы “Сафар” айына, “Ж” (жийм) тамгасы “Робийъул Аввал” айына, “Х” (хаа) тамгасы “Робийъул Аахир” айына, “В” (ваав) тамгасы “Жумадул Уула” айына болсо, “А” (алиф) тамгасы “Жумадул Аахир” айына ишарат кылат. Ал эми Бдихзаждагы “Б” (баа) тамгасы “Ражаб” айына, “Д” (даал) тамгасы “Шаъбан” айына, “Х” (хаа) тамгасы “Рамазан” айына, “З” (зай) тамгасы “Шавваал” айына, “А” (алиф) тамгасы “Зул Каъда” айына болсо, акыркы “Ж” (жийм) тамгасы “Зул Хижжа” айына ишарат кылат. Андан соң, төмөнкүдөй эреже менен эсептейбиз:
Айдын башын аныктоо үчүн Азирети Али (разийаллоху анху) тарабынан анын керемети менен болгон тактоо эрежеси.
Хижрий жылды сегизге бөлүп алабыз. Себеби жогорку “ихжазу дабуд” сөзү араб тамгалары менен алганда сегизди түзөт. Анан бөлгөндө калкулятор менен эмес, кол менен бөлөбүз. Анткени калкулятор менен бөлгөндө калдыксыз чыгат. Ал эми бизге калдык саны керек. Ошол калдык саны менен биз “жыл акимин” аныктайбыз. Тагыраак айтканда, калдык саны канча чыкса ошол катардагы тамганы жыл акими деп дайындап алабыз.
Мисалы: 1438ди 8ге бөлөбүз.
Биздин бул бөлүүбүздө 6 калдык калды. Эми биз ушул алты саны менен “жыл акимин” аныктайбыз. Жогорку إهجز دبودтамгаларынын катар боюнча алтынчысы ب тамгасы. Демек жыл акими ошол тамга делинет. Эгер бөлгөндө калдык калбаса, акыркы тамганы жыл акими деп тандалат. Араб тамгалары сандар үчүн да тагыраак айтканда сан ордуна да иштетилген. Ар бир тамга өзүнүн сандык-“абжадий” кыйматына ээ.
| 1000 | غ | 100 | ق | 10 | ي | 1 | ا |
| 200 | ر | 20 | ك | 2 | ب | ||
| 300 | ش | 30 | ل | 3 | ج | ||
| 400 | ت | 40 | م | 4 | د | ||
| 500 | ث | 50 | ن | 5 | ه | ||
| 600 | خ | 60 | س | 6 | و | ||
| 700 | ذ | 70 | ع | 7 | ز | ||
| 800 | ض | 80 | ف | 8 | ح | ||
| 900 | ظ | 90 | ص | 9 | ط |
“Баа” ( ب ) тамгасынын эсептик саны 2 экен. Муну көңүлүбүзгө сактап туралы да, ай акимин аныктап алалы. Албетте биз аныкташыбыз керек болгон ай Рамазан айы. Рамазан айы БДХЗАЖ тамгаларынын “Х”
( ه хаа) тамгасына дал келет. Ал эми “Х” ( ه хаа) тамгасынын эсептик саны 5. Биз 2 саны менен 5 санын кошобуз. Кошкондо 7 болуусу баарыбызга белгилүү. Эми жекшембиден баштап жети күндү эсептейбиз, маселен:
1-жекшемби, 2-дүйшөмбү, 3-шейшемби, 4-шаршемби, 5- бейшемби, 6-жума, 7-ишемби болот. Мына бизге ушул 7-күн керек болчу, ал ишемби экендиги маалым болду. Ошондо Рамазан айынын башы ишемби күнгө дал келет.
Дал ушундай эреже менен 1439-хижрий жылындагы Рамазан айынын башталуусун өзүңүз тактап көрүңүз.
Келиңиз эми биз ушул эреже менен 1440-хижрий жылындагы Курман айт күнүн издеп көрөлү. 1440 санын 8 ге бөлсөк 180 ден тийет да калдык калбайт. Биз жогоруда айттык, эгер калдык калбаса ИХЖЗДБУД тамгаларынын акыркысын жыл акими деп тандап алабыз деп, ошондо 1440-жылы жыл акими “Д” ( د даал) тамгасы болду. “Даал” тамгасынын эсептик саны 4 болот. Андан кийин бизге керек болгон ай Зул Хижжа айы, демек жыл акими Зул Хижжа деп аныктап алалы. Зул Хижжа айы БДХЗАЖ тамгаларынын акыркысы “Ж” ( ج жийм) тамгасына дал келет. “Жийм” тамгасынын эсептик саны болсо 3 болот. Мында да экөөнү кошсок 7 чыгат. Демек жогоркудай жол менен апта күндөрүн жекшембиден баштап санасак, жетинчи күн ишемби болот. Ошондо Зул Хижжа айынын башталуусу да ишемби күнүнө туура келет. 2018-жылы Курман айт майрамы жергебизде 21-августта белгиленген. Бирок эсиңизде болсун Курман айт майрамы Зул Хижжа айынын 10-күнү болот. Ошондо 2018-жылы Зул Хижжа айынын башы 12-августка дал келиптир. Камарий-хижрий жыл эсеби Миладий жыл эсебинен 10-9 күн аз болот. Демек, 2019-жылы Зул Хижжа айынын башы 2-же 3-августка дал келүүсү мүмкүн. Биз 2019-жылдын календарын карайбыз, ишемби күнүнө кайсы число дал келет экен. 2019-жылы 3-август ишемби күнүнө дал келет экен. Андыктан биз “Ихжазудабуд” эрежеси менен Зул Хижжа айынын башы 3-августка дал келди дейбиз да, Зул Хижжа айынын 10-күнү ошондо 12-августка дал келет да Курман айт майрамы мына ушул числого туш келүүсү мүмкүн.
Бирок урматтуу окурман сизге бир нерсени эскерте кетүүбүз зарыл деп ойлойм. Аалымдарыбыз бул “Ихжазудабуд” эрежеси менен болгон эсепке 100 % ишенич жок жана ал эсепке таянылбайт деп айтышкан. Себеби Азирети Алинин (разийаллоху анху) мындай окуясы эч бир ишеничтүү тарыхый булактарда айтылган эмес. Калаберсе бул эсеп тажрыйба кылынганда көбүнесе туура чыкпай калган. Анткени, бул эсеп дайыма асманда “вужуду хилал” (айдын бар экендигин) айткан, “ру’ятул хилал”ды (айдын көз менен көрүнүүсүн) көңүлгө алган эмес.
Биз сизге бул эрежеден кабар бергендигибиздин себеби, мына ушундай жол менен да ай эсеби жүргүзүлөт, муну да билип алганыңыз зыян болбойт деген максатта болду. Ошондой эле кээ бир молдокелерибиз “Ихжазудабуд” эсебине бекем таянып алышкан жана болгон акыйкат ушул гана деген түшүнүктү сиңирип алышкан. Алардын мындай ойлогону анчалык туура эмес болуп калат. Андыктан урматтуу окурман сабагбыздын мындан аркы жүрүшүнө жакшылап маани бериңиз, буюрса сиздин бүт суроолоруңузга жооп табылат деп ишендиребиз.
Ханафий мазхабынын усулул-фикх эрежеси боюнча Куран менен Хадис бир-бирине карама-каршы келип калса эмне кылынат. Мисалы, жогоркудай хадисте Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам айды эсептей албайбыз деп жатса, Куранда эсептесе болот деп жатат. Мындай учурда ханафийлердин усулу боюнча, эгер ошол Куран аятына карама-каршы келген хадис мутаватир же машхур хадис болбосо экөөнө тең (Куран, хадиске) амал кылуу мүмкүнчүлүгү болсо, анда экөөнө тең амал кылабыз. Маселен: наркы үч мазхабтын пикиринде “Фатиха” сүрөсүн намазда окулуу өкүмү фарз делинет. Алардын далили:
عَنْ عُبَادَةَ بْنِ الصَّامِتِ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صلى الله عليه وسلم قَال : لا صَلاةَ لِمَنْ لَمْ يَقْرَأْ بِفَاتِحَةِ الْكِتَابِ (رواه مسلم)
Убада ибн Сомиттен (разийаллоху анху) риваят:
Албетте Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам):
“Ким намазында “Фатиха” сүрөсүн окубаса, анда анын намазы жок” деп айтты”. (Имам Муслим риваяты).
Бирок ханафийлерде намазда “Фатиха”сүрөсүн окуунун өкүмү фарз эмес балким важиб. Эмне үчүн ачык хадис турса да наркы мазхабтардай фарз өкүмүн бербей важиб делинди. Абу Ханифанын (рахимахуллах) “Фатиха” сүрөсүнүн намазда окулуусуна фарз эмес важиб өкүмүн бергендигинин себеби: “Хадис менен фарз өкүмүн берчү болсок анда Куран аяты бекер болуп калат”, деп айткан. Куранда:
وَاللَّهُ يُقَدِّرُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ ۚ عَلِمَ أَن لَّن تُحْصُوهُ فَتَابَ عَلَيْكُمْ ۖ فَاقْرَءُوا مَا تَيَسَّرَ مِنَ الْقُرْآنِ ۚ عَلِمَ أَن سَيَكُونُ مِنكُم مَّرْضَىٰ ۙ وَآخَرُونَ يَضْرِبُونَ فِي الْأَرْضِ يَبْتَغُونَ مِن فَضْلِ اللَّهِ ۙ وَآخَرُونَ يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۖ فَاقْرَءُوا مَا تَيَسَّرَ مِنْهُ ۚ وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ ﴿ سورة المزمل: 20﴾
“Аллах түндү да күндү да тактап өлчөп койгон. Аллах силер муну эске албасыңарды билет жана ошол үчүн силерди кечирет. Курандан кайсынысын окуу силерге жеңил болсо, ошону окугула. Ал силердин араңарда оорулуулар болоорун, башкалары Аллахтын ырайымын издеп (соода же сапар кылып) жер бетин кезип жүрөөрүн, ошондой эле дагы башкалары Аллах жолунда күрөшөөрүн билет. Ошондуктан, Курандан кайсынысын окуу силерге жеңил болсо, ошону окугула. Намаздарды (өз убагында) окугула жана зекетти бергиле…” делинген.
(“Музаммил” сүрөсү, 20-аят).
Курандан кайсынысын окуу силерге жеңил болсо, ошону окугула… деди. Аллах таала намазда окулуучу куранды бир сүрөгө, тагыраак айтканда “Фатиха”га дайын кылып койгон жок. Демек биз хадис өкүмү менен фарз өкүмүн берсек, анда Куран аятындагы Аллахтын сөзү бекер болуп калат. Эми карап көрүңүз урматтуу окурман, Куран менен хадис бир-бирине карама-каршы келип калды. Анда биз ханафийлер экөөнө тең амал кылуунун жолун карадык да Куран өкүмү менен намазда Курандын кайсыл жеринен болсо да бир аят окуу фарз. Ал эми хадис өкүмү менен намазда “Фатиха” сүрөсүн окуу важиб дедик.
А бирок Куран менен хадис бир-бирине карама-каршы келип, экөөнө тең амал кылуунун жолу болбосо, анда биз хадисти таштайбыз да Куранды карманабыз. Мунун мисалы, дагы эле ошол үч мазхабта, кыз бала балагатка жеткен болсо да же акыл-эси жайында болсо да валийсинин (атасынын, атасы жок болсо бир тууган ага же инисинин, аларда жок болсо кандайдыр бир эркек жакын тууганынын) уруксатысысыз күйөөгө тийип никелене албайт. Алардын далили:
عَنْ عَائِشَةَ، قَالَتْ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَيُّمَا امْرَأَةٍ نَكَحَتْ بِغَيْرِ إِذْنِ مَوَالِيهَا، فَنِكَاحُهَا بَاطِلٌ, بَاطِلٌ, بَاطِلٌ » (رواه الترمذي)
Айша энебизден (разийаллоху анха) риваят:
“Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам):
“Кайсыл гана аял болбосун, валийсинин уруксатысыз никеленип күйөөгө тийсе, анын никеси батыл, батыл, батыл (никеси жок)” деди. (Имам Термизий риваяты).
Ал эми Ханафий мазхабынын фикх китептеринде мындай деген текст бар:
نَفَذَ نِكَاحُ حُرَّةٍ مُكَلَّفَةٍ وَ لَوْ مِنْ غَيْرِ كُفْوٍ بِلَا وَلِيٍّ (مختصر الوقاية, كتاب النكاح)
Балакатка жетип, акыл-эси жайында болгон, азат аялдын никеси жүрө берет, мейли эгер (тийген күйөөсү) өзүнүн теңи болбосо да жана валийсинин уруксаты жок болсо да…
(“Мухтасарул-Викоя”, “Нике” китеби)
Абу Ханифа (рахимахуллах) эмне үчүн жогорку хадиске каршы өкүм берди деген суроо пайда болуусу табигый. Себеби Абу Ханифа (рахимахуллах): “Куранда нике аял тарабынан-анын ыктыяры менен болуусуна ишаарат бар, усулда ишааратун насс-ка амал кылуу шарт” дейт.
حَتَّىٰ تَنكِحَ زَوْجًا غَيْرَهُ ۗ ﴿سورة البقرة: 230﴾
Башка эрге никеленмейинче… (“Бакара” сүрөсү, 230-аят).
Араб тилинде сөздөр эркектик түр (мужской род) жана аялдык түр (женской род) болуп бөлүнөт. Жогорку аятта “никеленмейинче” деген сөз, тагыраак айтканда этиш, аялдык түр (женской род) менен айтылып жатат. Абу Ханифа (рахимахуллах): “Демек нике аял тарабынан да болуусуна Куран аяты ишаарат кылып жатат. Ал эми Курандын ишааратына амал кылуу шарт. Буга каркама-каршы келген хадиске амал кылалы десек, анда Курандын сөзү бекер болуп калат. Экөөнө тең амал кылуунун жолу жок. Ошондуктан биз хадисти таштап, Куранга амал кылдык” деп айткан.
Ал эми Куран аятына карама-каршы келген хадис мутаватир же машхур хадис болсо анда ханафийлердин усулу боюнча хадиске амал кылабыз. Мутаватир хадис дегени Пайгамбарыбыздан жалганга келишип албагыдай деңгээлде көп адам уккан хадис болот. Тагыраак айтканда хадис санадынын (риваятчылардын чынжырдык санжырасы) ар бир табакасында (ар бир тепкичинде) ровийлердин саны жалганга келишип албагыдай деңгээлде көп болуусу шарт. Хадис аалымдары бул көпчүлүктүн саны он кишиден кем болбосун деп айтышкан. Мисалы Пайгамбарыбыздан (соллаллоху алайхи васаллам) эң кеминде он адам уккан болуусу керек, алардан кийинки уккандардын саны да ондон кем болбостугу шарт. Кыскасы хадисти риваят кылуучу имам Бухарий же имам Муслим сыяктуу аалымга чейинки чынжырдын ар бир тепкичиндеги риваят кылуучулардын саны ондон кем болбостугу керек. Ханафийлердин усулунда мындай хадис (мутаватир) Куранга карама-каршы боло алат. Маселен, Куранда:
وَالْأَنْعَامَ خَلَقَهَا لَكُمْ فِيهَا دِفْءٌ وَمَنَافِعُ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ ◌ وَلَكُمْ فِيهَا جَمَالٌ حِينَ تُرِيحُونَ وَحِينَ تَسْرَحُونَ◌ وَتَحْمِلُ أَثْقَالَكُمْ إِلَى بَلَدٍ لَمْ تَكُونُوا بَالِغِيهِ إِلَّا بِشِقِّ الْأَنْفُسِ إِنَّ رَبَّكُمْ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ ◌ وَالْخَيْلَ وَالْبِغَالَ وَالْحَمِيرَ لِتَرْكَبُوهَا وَزِينَةً وَيَخْلُقُ مَا لَا تَعْلَمُونَ ◌ ﴿ سورة النحل: 5-6-7-8﴾
“Ал үй-айбанаттарын жаратты. Аларда силер үчүн жылуулук (инсан айбанаттардын жүнүнөн, терисинен жылуу кийимдерди, боз үйлөрдү жасайт) жана көптөгөн пайдалар бар. Силер алардын этинен да жейсиңер. (Малыңар жайытка) жайылганда жана кечинде кайтканда да силер үчүн жагымдуу-кооздук бар. (Айбандар) силердин жүгүңөрдү, зор машакат менен гана жете ала турган (алыскы) шаар(лар)га ташып берет. Чындыгында Роббиңер Ырайымдуу, Мээримдүү! Ал силер минишиңер үчүн жана кооздук-сулуулук үчүн (ойноктогон) жылкыларды, качырларды жана эшектерди (жаратты). Ошондой эле Ал силер билбеген нерселерди да жаратат”. (“Нахл” сүрөсү, 5-6-7-8-аяттар).
Аллах таала ушул аяттарда эти желинчү үй-жаныбарларын жана алардын пайдаларын айтып кеткенден соң, жылкы, качыр жана эшекти алардын катарына кошкон жок. Аалымдар Аллах таала жылкыны эти желинбечү качыр менен эшектин катарында атап кетти. Демек жылкынын эти адал эмес дешкен. Абу Ханифа (рахимахуллах) да ушул пикирде болгон.
Ал эми жылкынын эти адал экендигине төмөнкү хадисти далил кылышкан:
عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ : نَهَى رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَوْمَ خَيْبَرٍ عَنْ لُحُومِ الْحُمُرِ الْأَهْلِيَّةِ وَرَخَّصَ فِي الْخَيْلِ
(رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ وَمُسْلِمٌ)
“Жабир ибн Абдулладан (разийаллоху анху) риваят:
“Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) Хайбар күнүндө үй-эшектеринин этин жештен тыйган. Ал эми жылкынын этин жешке уруксат берген”.
(Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты).
Ханафий мазхабындагы Абу Ханифанын (рахимахуллах) шакирттери Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммад (рахимахумаллах) ушул хадис менен жылкынын этин адал дешкен. Ал эми Абу Ханифа (рахимахуллах) болсо жылкынын этин арам деген. Бирок өлүмүнө үч күн ж е тогуз күн калганда сөзүнөн кайтып, жылкынын этинин адалдыгына шакирттеринин сөзүнө кошулган. Себеби бул келтирилген хадис мутаватир болгондуктан ушул өкүмгө барышкан. Урматтуу окурман биз бул жерде Куран менен хадис бир-бирине карама-каршы келип калганда Куранды эмес хадисти кармандык, себеби ал хадис мутаватир хадис болчу. Жылкынын эти жана сүтү адал экендигине башка хадистер да бар.
عَنْ أَسْمَاءَ بِنْتِ أَبِي بَكْرٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَتْ: نَحَرْنَا عَلَى عَهْدِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فَرَساً فَأَكَلْنَاهُ. (رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ وَمُسْلِمٌ)
Асмаа бинти Абу Бакрдан (разийаллоху анха) риваят:
Ал айтат:
“Биз Пайгамбар соллаллоху алайхи васалламдын доорунда жылкыны союп жейт элек”.
(Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты)
عَنْ جَابِرٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ : سَافَرْنَا مَعَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ وَكُنَّا نَأْكُلُ لَحْمَ الْخَيْلِ وَنَشْرَبُ أَلْبَانَهَا (رَوَاهُ الدَّارَقُطْنِيُّ وَالْبَيْهَقِيُّ)
Жабирден (разийаллоху анху) риваят:
“Биз Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) менен чогуу сапарга чыкканда жылкынын этин жеп,сүтүн ичет элек” деди”.
(Имам Дарокутний жана Имам Ал-Байхакий риваяты).
Куранга карама-каршы боло турган дагы бир хадис “машхур” деп аталат. “Машхур” хадис дегени хадисти риваят кылуучу сахабадан тартып имам Бухарий же имам Муслим сыяктуу аалымга чейинки чынжырдын ар бир тепкичиндеги риваят кылуучулардын саны үчтөн кем болбостугу керек. Ханафийлердин усулунда мындай хадис (машхур) Куранга карама-каршы боло алат. Маселен, Куранда:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا قُمْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ فَاغْسِلُوا وُجُوهَكُمْ وَأَيْدِيَكُمْ إِلَى الْمَرَافِقِ وَامْسَحُوا بِرُءُوسِكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ إِلَى الْكَعْبَيْنِ ۚ﴿سورة المائدة: 6﴾
“Эй момундар! Качан намазга турууну кааласаңар жүзүңөрдү жана колуңарды чыканактарын кошуп жуугула. Башыңарды сылагыла (масх тарткыла) бутуңарды томугун кошуп жуугула… (“Мааида сүрөсү, 6-аят).
Даарат алганда бутту томук менен кошо жуу фарз экендиги баарыбызга маалым. Бирок бутубузга маасы кийип, ага масх тартабыз го, бул Куранга терс эмеспи. Терс болсо эмнеге маасыга масх тартабыз.
عَنِ الْمُغِيرةَ بْنِ شُعْبَةَ رضي الله عنه: قَالَ: كُنْتُ مَعَ النَّبِيِّ صلّى الله عليه وسلّم ذَاتَ لَيْلَةٍ فِي مَسِيرٍ، فَقَالَ لِي: «أَمَعَكَ مَاءٌ؟» قُلْتُ: نَعَمْ، فَنَزَلَ عَنْ رَاحِلَتِهِ، فَمَشَى حَتَّى تَوَارَى فِي سَوَادِ اللَّيْلِ، ثُمَّ جَاءَ فَأَفْرَغْتُ عَلَيْهِ مِنَ الإِدَاوَةِ، فَغَسَلَ وَجْهَهُ، وَعَلَيْهِ جُبَّةٌ مِنْ صُوفٍ، فَلَمْ يَسْتَطِعْ أَنْ يُخْرِجَ ذِرَاعَيْهِ مِنْهَا، حَتَّى أَخْرَجَهُمَا مِنْ أَسْفَلِ الْجُبَّةِ، فَغَسَلَ ذِرَاعَيْهِ، وَمَسَحَ بِرَأْسِهِ، ثُمَّ أَهْوَيْتُ لأَنْزِعَ خُفَّيْهِ فَقَالَ: «دَعْهُمَا فَإِنِّي أَدْخَلْتُهُمَا طَاهِرَتَيْنِ» وَمَسَحَ عَلَيْهِمَا. (مُتَّفَقٌ عَلَيْهِ)
Мугийра ибн Шуьбадан (разийаллоху анху) риваят:
“Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) менен чогуу сапарда түнү бараткан элем. Ал киши:
“Сууң барбы?” деп сурады.
“Ооба бар” деп жооп бердим. Минген улоосунан түштү да түн караңгылыгына кирип кетти. Кайра келгенде мен ага идиштен суу куюп бердим, анан ал киши жүзүн жууду. Үстүндө жүндөн жасалган (жеңи узун) күрмөсү бар эле. Күрмөнүн жеңи тар болгондугунан эки колун чыгара албады. Анан эки колун күрмөнүн этегинен чыгарып жууду. Соң башына масх тартты. Андан соң мен Пайгамбарыбыздын маасысын бутунан чечип алуу үчүн чыгарууга камынып калганымда:
“Тим кой, мен бул маасыны кийгенимде эки бутумду жууп анан кийгенмин” деди да, маасысына масх тартты”. (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты).
Ахли суннат вал жамаат аалымдары дааратта бутту жуунун ордуна маасыга масх тартууга уруксат беришкен.
Себеби бул келтирилген хадис машхур болгондуктан ушул өкүмгө барышкан. Урматтуу окурман биз бул жерде Куран менен хадис бир-бирине карама-каршы келип калганда Куранды эмес хадисти кармандык, себеби ал хадис машхур хадис болчу.
Эми өзүбүздүн маселеге кайтсак. Ай көрүү маселесинде да, тагыраак айтканда айды эсептөөдө да Куран менен хадис бир-бирине карама-каршы келди. Куран эсептесе болот десе, хадис эсептей албайбыз дейт. Биз Куранды таштап хадиске амал кылалы десек, айды эсептей албайбыз деп айтылган хадис “мутаватир же “машхур” эмес. Ошондуктан жогоруда айтылган усулдун эрежесине көрө экөөнө тең амал кылуунун жолун издейбиз.
Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи васаллам “Айды көрүп орозо кармагыла жана айды көрүп айт кылгыла” деп айткандыгынан, айдын көзгө көрүнө турган абалын эсептесек болот.
(Уландысы бар)
Абибилла ажы КАДЫРБЕРДИЕВ
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин Төрагасы