«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
(Башы мурдагы макалада)
Ай көрүү жана айт маселелери жөнүндө жергиликтүү калкка жеңил болсун деген максатта макала жазуу көңүлүмө келди. Анан Ханафий мазхабындагы Зохиру риваятка көрө баарына маалым болгон “ихтилафул матаалиъ гойру муътабар” деген маселени жазаардан мурда маселени өзөгүнөн карап көрөйүн деп, Зохиру риваят деп аталган имам Мухаммад ибн Хасан Шайбанийдин (рахимахуллах) китептерине кайрылып көрдүм. Аллахка тобокел кылып, аты аталган китептерди тыткылап “ихтилафул матаалиъ гойру муътабар” деген сөздү таптакыр таппай койдум. Жогорку маселени табуу чүчн аты аталган китептерди карап берүүсүн мусулман бир тууган досторумдан да өтүнүп көрдүм. Ошентип, биз баарыбыз Зохиру риваят деп аталган алты китептин биринен да ачык-айкын бул маселеге таандык бир да сөз таппадык.
Асл китептеринен болгон Истихсан деген китепте айтылган сөзгө көрө:
“Эгер асманда булут болуп, айды көрүүгө тоскоолдук болсо деле адилетүү-ишеничтүү
бирөө булуттардын арасынан айды көрдүм деп кабар берсе, же башка аймакта айды көргөндүгүн кабар берсе мусулмандар анын күбөлүгү менен орозо кармаса болот”.
Мен мунун маанисине назар салып көрдүм. Имам Сарахсий (рахимахуллах) “Мабсут” китебинде, имам Казыхан (рахимахуллах) өзүнүн фатваасында бул сүйлөмдөгү “башка аймак”тан мурат шаардын сырт жагы бүт жер жүзү эмес деп тафсир кылышкан. Сүйлөмдүн мааниси да ушундай. Жадагалса Казыхандын (рахимахуллах) өзү “Жаамиъус сагийр”дин шархында: “Захиру риваятка көрө (бир адамдын күбөлүгүн кабыл кылбастыкта) шаардын ичи менен сыртында айырма жок”, деп айткан. Дал ушундай сөздү “Бадаиъус Санааиъ”дин автору Алауддин ал-Каасаний (рахимахуллах) жана “Тухфатул фукахаа” китебинин автору Абу Бакр Алауддин ас-Самаркандийлер (рахимахуллах) да айткан. Ошондой эле “Ал-Мухийтул Бурханий” китебинин автору Ибн Мааза (рахимахуллах) ушундай сөздү айтылуу Имам Кудурийден (рахимахуллах) риваят кылган.
Казыхандын сөзү төмөнкүдөй:
“Эгер бирөө шаардын сыртынан келсе “Зохиру риваятта” да ушундай, анын күбөлүгү кабыл кылынбайт. Тахавий рахимахуллах: “Анын күбөлүгү кабыл кылынат, анткени матаалиъ ихтилаф, шаардын сыртында тоскоолдук азыраак. Ошондой эле бийик жердеги орун да ушуга окшош”, деп айткан.
Кыскасы мен канчалык изилдесем да Имам Мухаммад ибн Хасан Шайбанийдин (рахимахуллах) Зохиру риваят делинген китептеринен бул “ихтилафул маталиъ гойру муътабар” маселесине таандык же ага ишаарат кылгыдай маанидеги эч нерсе таппадым. Ага кошумча бул жерде дагы башка белгилүү китептер бар, ал китептерде да жогорку маселенин Зохиру риваяттан эместигин айигнелейт. Ошол китептердин белгилүүлөрүндө айтылуусунча Зохиру риваяттын негизги таянычтуу булактарында “ихтилафул маталиъ гойру муътабар” деген маселе айтылган эмес. Ал китептер төмөнкүлөр:
Мына ушул китептерде айтылган маселе боюнча эч нерсе жок жана бул мааниге жакын болгон да бир нерсе жок.
Бир канча ишенимдүү-таянычтуу делинген “Ахаммул мутуун” (Эң маанилүү текст) болгон “Мухтасар”лар да бул маселенин Зохиру риваятта табылбастыгына далаалат кылат.
Алар:
Маанилүү текст делинген китепдерден саналбаса да бүт фурууь маселелерди өз ичине камтыган китептерде да “ихтилафул матаалиь гойру муътабар” деген маселе айтылган эмес. Алар:
Казыхандын рахимахуллах доорунда жазылган Маанилүү тексттерде да бул маселе айтылган эмес. Алар:
“Ихтилафул матаалиь гойру муьтабар” деген маселеге жогорку китептердин биринде да көзүбүз түшкөн жок. Албетте бул маселе Казыхандын (рахимахуллах) доорунан кийин жашап өткөн, ошондой эле Казыхандын (рахимахуллах) айткан сөзүнүн сыртынан байкалган мааниден таасирленген кээ бир матндардын (тексттердин) авторлорунун китептеринде айтылган. Ал эми Казыхандан рахимахуллах мурда жашап өткөндөрдүн китептеринде бул маселеге таандык таптакыр эч кандай сөз жок. Балким ал китептердин кээ биринде “Ихтилафул матаалиъ муътабар” деп айтылган. Мисалы, Абу Фазл ал-Керманийдин (рахимахуллах) (543 х.) “Тажрийдул Ийзах” аттуу китеби.
Үчүнчү далил. “Хония” жана “Хулосатул фатаава”нын текстинде келген сөздүн жүрүүсүнө жакшылап назар салчу болсок, “лаа ъиброта ли ихтилафил матаалиъ фи зохири риваят” (зохиру риваятта чыгыштардын түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулбайт) деген сөздүн айтылгандыгы ачыкка чыгат. “Хулоса”нын автору бул сөздү “Хония”дан алган. Ал эми “Хуласа”нын автору көптөгөн маселелерди такай “Казыхан”дан алуучулардын бири болгон. Андыктан бул маселени негизи “Хония”дан алган болсо да, “Казыхан”дан накыл кылганын айткан. Ошондой эле “Хония” жана “Хулоса”дан же экөөнүн бирөөсүнөн “Ал-Мухтар”, “Ал-Мажмаь”, “Ал-Канз”, Ал-Мултако” аттуу китептер накыл кылган. Мына ушундай накылдардын натыйжасында бул маселенин түбү Ханафий мазхабынын “Зохиру риваяты” деген “акыйкат” жүзөгө келген. Ошону менен бирге айта турган нерсе акыркы айтылган төрт китептер Казыхандын (рахимахуллах) доорунан кийин жазылган жана алар деле ачык Зохиру риваяттан деп айтышкан эмес.
“Хония”да айтылган сөз төмөнкүдөй, анын жүрүшүнө жана маанисине карап көрөлү:
>عن محمد في النوادر: إذا صام أهل مصر شهر رمضان على غير رؤية ثمانية وعشرين يوما ثم رأوا هلال شوال، قالوا: إن كانوا عدوا شعبان لرؤية ثلاثين يوماً، وغم عليهم هلال رمضان قضوا يوما واحدا، وإن صاموا تسعة وعشرين يوما ثم رأوا هلال شوال فلا قضاء عليهم لأنهم قدأكملوا الشهر.
ولو صام أهل بلدة ثلاثين يوما للرؤية وأهل بلدة أخرى تسعة وعشرين يوما للرؤية، فعلم من صام تسعة وعشرين يوما فعليهم قضاء يوم، ولا عبرة لاختلاف المطالع في ظاهر الرواية، وكذا ذكر شمس الأئمة الحلواني رحمه الله تعالى، وقال بعضهم: يعتبر اختلاف المطالع<. (>فتاوى قاضيخان< 1/197 المطبوع بحاشية >الهندية<)
“Наваадир”де Мухаммад (рахимахуллах):
“Эгер бир шаардын эли айды көрбөстөн 28 күн орозо кармаса, анан Шаввал айын көрүшсө. Анда алардын абалы төмөнкү эки абалдын бири болгон болот. Алар күн бүркөө болбой ачык болуп турганда чындап Рамазан айын көрбөй Шааъбан айын отузга толтуруп, анан Рамазанга киришкен болот же күн бүркөө болгондуктан Рамазан айын көрө албай Шааъбанды отузга толтуруп анан Рамазанга киришкен болот. Мындай учурда алар бир күн орозо кармап беришет. Ал эми эгер Рамазанды 29 күн кармагандан соң Шаввал айын көрүшсө, аларга бир күн каза кармап берүү важиб эмес. Себеби алар айды толтурушту.
Эгер бир мамлекеттин эли айды көрүп анан Рамазанга киргенден соң 30 күн орозо кармаса. Ошондой эле башка мамлекеттин эли да айды көрүп анан Рамазанга киргенден соң 29 күн орозо кармаса. Ошондо 29 күн орозо кармагандар бир күн каза орозо кармап бериши керек, себеби Зохиру риваятка көрө ихтилафул матаалиъ гойру муътабар. Шамсул Аимма ал-Халвааний рахимахуллах да ушундай деген. Ал эми кээ бир аалымдар: “29 күн кармагандар бир күн каза орозо кармап бербейт, себеби ихтилафул матаалиъ муътабар”, деп айтышкан”. (Фатаваа Казыхан 197/1 “Ал-Хиндия”нын хашиясында басылган)
Жогоруда айтылган сөздөрдүн жүрүшүндөгү түшүнүк менен төмөнкү иштер ачык-айкын көрүнөт.
Казыхан (рахимахуллах) айткан “Лаа ъиброта ли ихтилафил матаалиъ фи зохири риваят” деген сөз “Наваадир”де айтылган. Көрбөйсүзбү сөздүн башында Казыхандын рахимахуллах өзү муну “Наваадир”де Мухаммаддан (рахимахуллах) деп, ачык айтып жатат. Бул маселенин Зохиру риваяттан эмес Наваадирден экендиги кескин түрдө ачык чыкты.
а) Бул маселе Зохиру риваятта табылбайт.
б) Бул маселе Хаким аш-Шахийддин “Мунтака” маселелеринде: темасы “Наваадирдин маселелеринен деп келген. “Мустахиллул китаб” деген китепте да ачык айтылган жана “Кашфуз Зунуун” деген китепте Хажи Халийфа андан үзүндү келтирген. Ошондой эле Ибну Аабидийн (рахимахуллах): “Албетте “Ал-Мунтака” Зохиру риваяттан, ошентсе да анда кээ бир реалдуулукка терс болгон Наваадирдин маселелери да бар”, деп айткан.
в) Ал-Мухийтул Бурханда айтылышынча Ал-Хакиймдин өзү “Ал-Мунтака”да Башр ибн ал-Валийд Имам Абу Юсуфтан жана Ибрахим Имам Мухаммаддан (рахимахумуллах) риваят кылышкандыгын айткан. Ушул эки риваят тең Наваадирде келген Зохиру риваятта эмес.
г) Абу Лайс Самаркандий (рахимахуллах) “Уйуунул масааил” деген китептин 38-бетинде Имам Абу Юсуфтун (рахимахуллах) имлаасынан (диктант катары шакирттерине айтып жаздырган) риваят кылган. Бул риваят да Наваадирде келген.
д) “Хизанатул Акмал” деген китепте да Ал-Мунтакадан ал Наваадирден экендигин айткан.
е) Абу Бакр ал-Жассаас (рахимахуллах) ушул маселенин өкүмүн мутлакына ыктымал кылган. Ал өзүнүн “Ахкаамул Куран” аттуу китебинде “Бакара” сүрөсүнүн 185-аятына өкүм жазганда сөзүнүн сыртынан билинип турат, ал бул маселени жеткиликтүү-басымдуу бекемдөөдө риваяттарды Наваадирден келтирген.
Натыйжада бул маселе Зохиру риваяттан эмес Наваадирден экендигинде эч кандай шек-күмөн калган жок.
Анда Казыхан (рахимахуллах) бул маселени Зохиру риваятка байланыштуу кылууда эмнени каалады?
Албетте Зохиру риваятка таандык кылынган бул маселе Зохиру риваяттан эмес. Ага таандык кылынган “Лаа ъиброта ли ихтилафил матаалиъ” деген сөз Зохиру риваятта да жана анын булагы делинген негизден да табылбайт. Андай болсо эмне үчүн Зохиру риваятка таандык кылынат?
Эгер Казыхандын рахимахуллах сөзүнө жакшылап назар салып көрсөк, Жараткандын уруксаты менен Казыхандын (рахимахуллах) максаты ачык болот:
أن ظاهر رواية النوادر هذه أن لا عبرة لإختلاف المتالع, فيثبت حكم القضاء من غير فصل بين اتحاد المتالع أو اختلافها
“Албетте Наваадирдин ушул зохир риваятына көрө “Лаа ъиброта ли ихтилафил матаалиъ”, демек ушул сөзгө көрө матаалиъдин бирдиги же түрдүүчөлүгүнө карабастан өкүм дайын болот”.
Бул сөзү менен Казыхан (рахимахуллах):
و لا عبرة لأختلاف المتالع في ظاهر هذه الرواية التي نقلتها من النوادر, فإنها حكمت بالقضاء من غير تفصيل بين القريب و البعيد
“Мен Навадирден накыл кылган зохир ушул риваятка көрө чыгыштардын түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулбайт. Анткени Наваадирдеги зохир риваят жакын жана алысты ажыратпастан мутлак өкүм берген”, демекчи болуп жатат.
Автордун “ушул” деп айтып жаткандыгы жана “риваят” сөзүндө “лаам”дын жоктугу бул масленин чечимине жетиштүү болот. Ошондой эле муну окуган адамдын зээнине да чыныгы “Зохиру риваят” келбестиги айдан ачык.
Казыхандын (рахимахуллах) чакырып жаткан бул эскертүүсүнө анын замандаш жана андан мурунку аалымдардын пикири эгер эки аймак бир бирине жакын болсо жана чыгыш орундары бир болгондо гана чыгыштардын түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулбайт. Мүмкүн Казыхан рахимахуллах ушул маселеде алар менен бир пикирде болбогондугунан, “Мына ушул риваяттын зохирине көрө чыгыштардын түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулбайт”, деп баса белгилеп, эскертүү берип жаткандыр.
Чындыгында бизге маалым болгондой Ибнул Хаммам, Ибну Нажийм, Ибну Аабидийн (рахимахумуллах) жана көптөгөн кийинки факих аалымдар Имам Мухаммаддын (рахимахуллах) усуул китептеринен түз риваят кылышкан эмес. Себеби аты аталган аалымдар жана кийинки (мута’аххирийн) аалымдар Ханафий мазхабындагы мужтахиддердин алдыңкы жети табакасына кирбейт. Бул жөнүндө Ибну Нажийм менен Ибну Аабидийн (рахимахумаллах) экөөсү өз китептеринде бир топ жерде айтышкан. Кийинки факих аалымдардын китептерине көз жүгүртүү менен алар Зохиру риваяттын маселелерин айтчу болсо ошол китептердин өзүнөн эмес балким алардан кийинки китептердин ортомчулугу менен айткандыгы ачык болот.
Казыхандын (рахимахуллах) төмөнкү сөзүнө да назар салуу зарыл го дейм:
و كذا ذكر شمس الأئمة الحلوائي رحمه الله تعالى
“Шамс ул-аимма ал-Халваий (рахимахуллах) да дал ушундай деген”.
Ошондой эле “Хулоса” да болсо:
و به كان يفتي شمس الأئمة الحلوائي
“Шамс ул-аимма ал-Халваий (рахимахуллах) ушуга фатва берген” деп айтылат.
Эгер риваят чындап Зохиру риваяттан болсо “Шамс ул-аимма ал-Халваий (рахимахуллах) да дал ушундай деген”, деп айтуунун эмне кажети бар. Бул сөздү айтууга качан гана бирөөнүн пикирине же ижтихадына башка көпчүлүк карама-каршы чыкканда гана кажет түшөт
Маселе Зохиру риваяттан болсо анда башка факих аалымдар андан кабарсыз калабы!
Ынсап менен карап көрөлү, маселе кантип Зохиру риваятка жетип барат. Алты усул китептерде бул маселеге таандык эч бир из жок болсо жана усул маслелерине таандык болуп жазылган эч кайсы булактарда да жок болсо?
Анда Зохиру риваят делинген алты китептин бизге жетип келбеген же биз таптакыр көрбөгөн нускасы бар го деген ыктымалга барышыбыз турган кеп. Бирок бул ыктымалда акыйкаттан ыраак. Андай болсо мурунку аалымдар мындай нуска бар экендигин билишмек.
Мындай нускадан ат-Тахавий, ал-Кархий, ал-Жассаасий, ал-Кудурий ал-Хаким аш-Шахийд, Шамс ул-аиммати ас-Сарахсий, Разиюд дийн ас-Сарахсий ал-Журжаний (Юсуф ибн Али), ас-Самаркандий, ал-Каасаний, Абу ал-Фазл ал-Кермааний, ал-Маргилаанийлер (рахимахумуллах) да кабарсыз болушканбы?
Имам ал-Кудурийден (рахимахуллах) тартып, Сохибу ал-Мухийт ал-Бурханий жана Муният ал-Муфтийге (рахимахумаллах) чейинки, жогоркудай улуу аалымдардын баары “ихтилафул матаалиь гойру муьтабар” маселесин “Наваадир”ден алынганын жана бул маселе аралыгы жакын болгон аймактарга айтылганын баса белгилеп кетишкен.
Казыхандан (рахимахуллах) мурда өткөн чоң факих ханафий аалымдар бул маселе жөнүндө эмне деп айтышкан?
Казыхандан (рахимахуллах) мурда өткөн аалымдардын баары дайыма бул маселени Навадирден деп айтышып, төмөнкүдөй тафсирлешчү:
“Лаа ъиброта ли ихтилафил матаалиъ” бир бирине жакын болгон айдын чыгуу орду түрдүүчө болбогон аймактарга айтылган. Эгер айдын чыгуу орду түрдүүчө болгон аймактар болсо экинчи аймакка наркысынын өкүмү жүрбөйт”.
Сиздерге ошол факих аалымдардын тафсирлерин айта кетели:
Имам ал-Кудурий (рахимахуллах) (428 х.) “Мухтасар ал-Кархий”дин шархында. (Уммул куроодогу Файзулла мактабасында катталып, ошол жерде сакталуу турат)
Имам ал-Кудурийдин рахимахуллах ушул маселеге берген тафсири “Мухийтул Бурхан”да (342-341/3), “Татархания”да (365/3) накыл кылынган. Ошондой эле “Захийра”да, Абу ал-Аббас ас-Суруужийдин (рахимахуллах) “Ал-Гояту шархул Хидая” атту китебинде жана Ал-Аттабийдин (рахимахуллах) “Жавамиьул фикх” китебинде да айтылган.
Имам Кудурийдин (рахимахуллах) тафсири төмөнкүчө болгон:
“Эгер эки аймактын ортосундагы айырма айдын чыгыш орду түрдүүчө болбогудай деңгээлде болсо, биринчи аймактын өкүмү экинчи аймакка да жүрөт. Ал эми эки аймактын ортосундагы айырма айдын чыгыш орду түрдүүчө болгудай деңгээлде болсо биринчи аймактын өкүмү экинчи аймакка жүрбөйт”.
Айта кетүүгө арзый турган дагы бир сөз, Кудурий рахимахуллах бул маселеде Ханафий жана Шафиъий аалымдарынын ортосунда талаш жок деп ойлогондуктан өзүнүн “Тажрийд” деп аталган китебинде бул маселеге таандык эч нерсе айткан эмес. Ал китептин мазмунунда да (китептин аягындагы темалардын тизмеси) бул маселеге таандык тема көрсөтүлгөн эмес”.
Ушул жерден Муфтий Мухаммад Абдулмаликтин сөзүн токтотолу.
Ай көрүү маселесинде ар бир жердин айдын чыгуу орундары түрдүүчөлүгүнө көңүл бурулат же бурулбайт деген маселеде аалымдарыбыздын түрдүүчө ой-пикирлери бар экендигин билдик. Ошону менен бирге, эгер Саудияда же Түркияда ай көрүнсө бизде – Кыргызстанда ай көрүндү деп, жаңы айга кирүү же бир айдан чыгуу керек, себеби ханафий мазхабынын “Зохиру риваятында” ушундай делинген, деген сөздөр алдыга сүрүлгөн учурлар да жок эмес. Бул маселе чындап эле “Зохиру риваят”та айтылганбы же айтылган эмеспи биз аны жогорку Муфтий Мухаммад Абдулмаликтин макаласынан окуп билдик. Биз Мухаммад Абдулмаликтин макаласын кандай болсо ошондой кылып арабчадан кыргызчага түз котордук. Ал макаланын түп нускасын окуйм дегендерге ал кишинин почтасын жана сайт нускамасын калтырдык. Ошондой эле: “Жок, бул маселе “Зохиру риваят”та бар”, деп көшөрүп туруп алчулар болсо, анда чындап эле күчү жетсе “Зохиру риваят”ка кайрылып көрсүн да аталган маселени тактап билип, бизге да акыйкатын айтып берсе нур үстүнө нур болмок.
Андыктан кээ бир жылдарда Кыргызстанда Рамазан айынын башталуусу же бүтүүсү Саудия же Түркияга салыштырмалуу бир күн айырма болуп калса, ага таң калуунун кереги жок.
Айды көргөндүгү үчүн шарияатта күбөлүк берүүнүн эрежеси.
Кабар жана күбөлүктүн ортосундагы айырмачылык
Айды көрүүгө күбө болуунун эрежесин айтуудан мурда күбө жана кабар берүү экөөнүн ар бирин өз алдынча билүү керектигин айта кетели. Экөөнүн ортосунда айырмачылык чоң. Кээ бир айтылган сөз кабар түрүндө эске алынып кабыл алынат. Бирок күбө катарында кабыл алынбайт. Шариятта булардын айырмачылыгы ачык айкын. Бүгүнкү күндө да бүткүл дүнүйөнүн сотторунда бул экөөнүн айырмачылыгы мыйзам түрүндө сакталып келет. Телеграф, телефон, радио, газета жана кат аркылуу дүнүйөдө кабар таркатылат. Аны таркаткан же жазган адам ишеничтүү адам болсо кабар түрүндө бүткүл дүнүйөдө кабыл кылынат. Ал кабарга ишенип, миңдеп жүздөп жумуштар ишке ашырылат. Бүткүл дүнүйөдө мамилелер кабар аркылуу жүрөт. Соттордо да кабар түрүндө кабыл алат бирок кандайдыр бир талаш тартыш нерседе күбө катары бул кабарларды дүнүйөдөгү бир дагы сот кабыл кылбайт жана ушул кабарлардын негизинде чечим чыгарбайт. Тескерисинче күбө, соттун алдына келип күбөлүк бергенде гана чечим чыгарат. Ошондо ага сын тагып кебете жана башкасын карап көрүлөт. Мына ушул өкүм шарияттын өкүмү. Анткени кабар бирөөнү баш ийдирип, өзүнүн акысын таштатууга мажбур кыла турган далил эмес. Кабар берген кишинин чынчылдыгы динчилдигине ишенсе кабыл алынат ишенбесе аны кабыл албайт. Күбөлүктө андай эмес, ал далил болуп эсептелет. Шариятка ылайыктуу күбөлүк менен каазы же сот бир нерседе кабыл алса, каазы же сот ошого ылайыктуу чечим чыгарууга милдеттүү. Экинчи тарап аны кабыл алууга мажбур кылынат. Бул мажбурлоо же мойнуна койуу кабар аркылуу болбойт. Ошондуктан кандайдыр бир кабарды тастыктоо (ишеничтүү жана адилеттүү болуусунан башка) шариятта да учурдагы соттун мыйзамында да жок.
Бүт дүйнөдө күбөлүк үчүн соттордун мыйзамдарында көптөгөн шарттарды койушкан. Шарият дагы күбөлүк үчүн күбөлүктүн толук болуусу жана күбөнүн абалын тактап күбөлүктүн шарттарын билүүнү зарыл деп белгилеген. Эгерде сот, телефон же радио аркылуу бирөөнүн күбөлүгүн кабыл алуудан баш тартса, мунун мааниси, сот ал кишиге ишенбеди же жалганга чыгарды делинбейт. Мүмкүн каазы же сот бир эле күбөлүктөн ишенсе, же эки адамдын кабарына ишенсе, ошол туура деп айтышы мүмкүн, бирок күбөлүктүн эрежесинин негизинде, каазы же соттун минтип ишенип, чечим чыгаруусуна жол бербейт.
Айды көргөндүгүнө күбөлүк керекпи же чыныгы кабар жетиштүүбү?
Мунун жообу белгилүү. Шарияттын эрежеси менен гана болушу керек. Жалпысынан айды көрүүдөгү маселени Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) жана сахабалар күбөлүктүн маселеси деп эсептешкен. Албетте Рамазан айы үчүн кабарды жеткиликтүү дешкен. Бирок кабар берген киши адилетүү мусулман болушу керек. Тирмизи, Абу Дауд, Насаи жана башкалардын риваятында бир бедуиндин-чөлдө жашаган араб жана Абдулло бин Умардын (разийаллоху анху) окуясы айтылган. Ошондой эле бир адилеттүү мусулмандын кабары менен Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) Рамазан айына кирип, орозо кармоону жарыя кылып, күбөлүктүн эрежесин зарыл дебегендиги да риваят кылынган. Рамазандан башка айларга күбөлүк үчүн, күбөлүктүн санын жана шарттарын зарыл деп эсептеген. Буга бүткүл үммөттүн факих аалымдары келишим кылышкан
Дару Кутниде келтирилген риваятда: Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) айт үчүн айды көргөнгө эки адамдан аз болгон күбөлүктү жеткиликтүү деп эсептеген эмес. (Хашия Шархул Викоя)
Күбөлүк жана кабар берүүнүн айырмасын билгенден соң шарияттагы күбөлүктүн эрежесин билип алыңыз!
Айды көргөндүгү үчүн күбөлүктүн шарттары
Мамилелер ар түрдүү болгондуктан күбөлүктүн шарттары дагы ар түрдүү болот. Кээде катуураак, кээде бошураак каралат. Бул китепте күбөлүктүн толук эрежелерин жазып кетпейбиз. Болгону айды көрүүгө тиешелүү маселелерди айтып өтөбүз. Айды көрүүнүн мамилеси башка мамилелерге окшош. Муну менен башкалардын пайда зыянынын тиешеси бар. Экинчи жактан алып караганда дин жана ибадат. Ошондуктан мунун шарттары башка мамилелердин шарттарына караганда кичине бошураак жана жеңилирээк. Башка мамилелерде күбөлүк талап кылынаардан мурда арыз, доонун болуусу керек. Кандайдыр бир адам арыз, доо менен кайрылса, анын арыз, доосун бекемдеш үчүн, күбөлүк талап кылынат. Айдын маселесинде факих аалымдардын баардыгынын айтуусунда арыз доо шарт кылынбайт.
Айды көрүүдөгү күбөлүктүн шарттары төмөнкүчө:
1 – Башка мамилелердеги талап кылынган үч шарт мында даг талап кылынат:
1 — Мусулман болуу; 2 — Акылы толук; 3 — Балагатка жеткен болуусу керек; 4 — Көзү көрүүсү.
Мусулман эмес адамдын айды көрүүдөгү күбөлүгү кабыл кылынбайт. Акылы жоктун күбөлүгү эч кайсыл нерседе кабыл кылынбайт. Балагатка жете элек баланын күбөлүгү да эске алынбайт. Сокур кишинин күбөлүгү да кабыл кылынбайт.
5– Күбөлүктүн эң олуттуу шарты бул бардык күбөлүктөрдө зарыл деп саналат. Ал — күбөлүкө өткөн кишинин عدل адилеттүү болуусу, бул Куранда айтылган:
وَأَشْهِدُوا ذَوَيْ عَدْلٍ مِّنكُمْ وَأَقِيمُوا الشَّهَادَةَ لِلَّهِ ۚ ﴿سورة الطلاق: 2 ﴾
«…араңардан эки адилеттүү адамды күбө кылгыла, ал күбөлүктү Аллаө үчүн (түз-туура) өтөгүлө…» («Талак» сүрөсү, 2-аят)
عدل «ъадл» деген сөз бул термин. Анын мааниси мындай: «Чоң күнөөөлөрдөн сактанган жана кичинекей күнөөлөргө таңууланбаган (адаттанбаган), жакшы иштери жаман иштеринен көп жана туура эмес жүрүүсүнө караганда туура жүрүүсү үстөмдүк кылган мусулман кишини «ъадл» عدل дейт». (Хидая, Аламгирия ж.б.) Кимде ким чоң күнөдөн сактанбаса же кичине күнөөнү дайыма жасоону адат кылып алган болсо жана жакшы иштерине караганда жаман иштери үстөм болсо, мындай адам шариятта فاسق «фаасык» делинет. Кыскача айтканда бешинчи шарт, күбө ъадл عدل болуусу керек, فاسق фаасык болбоосу керек.
Эскертүү: Факихтердин айтуусу боюнча фаасыктын күбөлүгүн кабыл кылуу жана ошого ылайыктуу чечим чыгаруу каазыга важиб эмес. Эгерде каазыга кандайдыр бир белгилердин негизинде анын жалган айтпагандыгы билинсе, каазы фаасыктын күбөлүгүнүн негизинде чечим чыгарса чечими дурус болуп эсептелет. (Хидая, Шархул Викоя, Дуррул Мухтар, Шами, Аламгири ж.б.) Дүнүйөдө фаасыктык көбөйгөндө, мамилелерде күбөлүккө шарияттын термининдеги айтылган фаасыктардан башка күбө жок болгондо, элдердин укугун сактоо жана талашып-тартышууда чечим чыгаруу үчүн фаасыктык мамилесинде белгилер жана абалдардан анын жалган сүйлөбөй чын айткандыгы билинсе, анын күбөлүгүн кабыл кылып, ошол нерсеге чечим чыгарууга факихтер уруксат берген. Албетте мындайлардын ичинен башкаларга караганда жакшысын тандоо керек. Маселен: Намаз, орозого бекем шарияттын өкүмдөрүн сыйлаганын тандап алган максатка ылайыктуу.
Белгилүү фикх китеби «Муъиинул Хуккаам» да өзүнчө бир тема кылып, кенен жазылган. Мунун негизги себебин мындайча белгилеген: Алла Таала фаасыктын күбөлүгүн кайтарууга өкүм берген. Кала берсе аны тактагыла деген.
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا أَنْ تُصِيبُوا قَوْمًا بِجَهَالَةٍ فَتُصْبِحُوا عَلَى مَا فَعَلْتُمْ نَادِمِينَ ﴿ سورة الحجرات: 6﴾
«Эй ыймандуулар! Эгер силерге бир фасык (бузуку адам) кабар алып келсе, наадандык кылып кайсы бир коомго зыян жеткирип, өкүнүп калбастык үчүн оболу (ал кабардын чын-төгүнүн) жакшылап аныктагыла» «Ал-Хужурат» сүрөсү, 6-аят.
Мунун мааниси: Тактаганда анын жалган эмес экендиги билинсе кабыл кылгыла, билинбесе кабыл кылбагыла. Абалды тактаганда анын чын айтып жаткандыгы каазыга көбүрөөк маалым болсо анын күбөлүгүн кабыл кылса болот. Азыркы учурда фаасыктыктын көптөгөн түрлөрү бар. М: Сакалды кыруу, намаздарга кайдыгер болуу (өз убагында окулуусуна маани бербей, каза кылып коюу) ж.б.у.с. өтө көп болуп кеткендиктен күбөлүгүн кайтара турган болсо көптөгөн мамилелерде чечим чыгаруу мүмкүн эмес болуп калат. Бул учурда факихтерге жогоруда айтылган жол менен чечим чыгаруудан башка жол жок. Ошондуктан Муъиинул Хуккаамда ушинтип тактоону жазгандан кийин минтип жазган:
هَذَا هُوَ الصَّوَابُ الَّذِى عَلَيْهِ الْعَمَلُ
Амал кылуу үчүн туурасы ушул
(Муъиинул Хуккам 145 — бет)
Муъиинул Хуккаамда тактоо туурасында бул сөздөр жазылган:
قَالَ الْقِرَافِى فِى بَابِ السِّيَاسَةِ نَصَّ بَعْضُ الْعَلَمَاءِ عَلَى اَنَّا اِذَا لَمْ نَجِدْ فِى جِهَةٍاِلاَّ غَيْرَ الْعُدُوْلِ اَقَمْنَا اَصْلَحَهُمْ وَ اَقَلَّهُمْ فُجُوْرًا لِلشَّهَادَةِ عَلَيْهِمْ وَ يَلْزَمُ ذَلِكَ فِى الْقُضَاةِ وَ غَيْرِهِمْ لِئَلاَّ تَضِيْعَ الْـمَصَالِحَ. قَالَ وَ مَا اَظُنُّ اَحَدًا يُخَالِفُ فِى هَذَا فَالتَّكْلِيْفُ شَرْطٌ فِى الْاِمْكَانِ، وَ هَذَا كُلُّهُ لَضَرُوْرَةٍ لِئَلاَّ تَهْدِرَ الْاَمْوَالُ وَ تَضِيْعَ الْحُقُوْقُ.
Аллама ал-Кироофи Саясат бабында мындай деген: «Аалымдар: «Кайсыл жерде адилеттүү күбө табылбаса, адамдардын арасынан дин жактан алып караганда эң жакшысы жана фаасыктыгы аз кишини күбөлүкө тандалсын. Бүгүнкү күндө каазылар ушундай кылуусу керек. Анткени адамдардын укугу жана пайдалары тебеленбеш керек», деп айтышкан. Эч кандай аалым жана факих буга каршы чыгат деп ойлобойм. Себеби, кудурети жеткен нерсе гана аткарылат. Бул зарылчылыктын себебинен адамдардын мал-мүлкү жана укугу тебеленбеш үчүн гана».
6 – Күбөлүктүн шарттарында шахадат сөзү (күбөлүк берем) деген сөздөн башка сөз кабыл кылынбайт. Анткени шахадат деген сөзү ант ичүүнүн маанисин да билдирет жана окуяга өзү күбө болгондугун да айгинелейт. Ошондуктан күбө өзүнүн сөзүн айтаарда мындай деп айтуусу керек: «Мен күбөлүк беремин баланча окуя ушундай болгон». (Хидая. Аламгири ж.б.) Мунун мааниси мындай: «Мен ант ичип айтамын баланча окуяны мен өз көзүм менен көргөнмүн».
7 – Күбө болуп жаткан окуяны күбөнүн өз көзү менен көрүүсү шарт. Жөн эле уккан сөз болбоосу керек. (Аламгирия) Ооба! Эгерде кандайдыр бир себептер менен күбөлүк берүүгө келе албаса, өз күбөлүгүнүн ордуна эки эркек же бир эркек эки аялды күбө кылып каазынын алдына жиберсе болот. Каазынын алдында булардын күбөлүгү бир эле кишинин ордуна өтөт. Бул эки күбө каазынын алдында: «Баланча бул окуяны өз көзү менен көргөн, өзү келе албагандыгынан биз экөөбүздү өзүнүн күбөлүгүнө күбө кылып жиберди. Биз анын күбөлүгүнө күбөлүк беребиз» — деп көрсөтмө берет. (Аламгирия, Роддул Мухтар ж.б) Күбөнүн үстүнө күбө болуу зарылчылыгы болсо аалымдардан кененирээк сурап алыңыз.
8 – Каазынын мажлиси. Тагыраак айтканда күбө каазынын алдына барып күбөлүк берсин. Парданын артында же алыстан туруп кат, телефон, радио ж.б азыркы доордогу аспаптар аркылуу күбөлүк берилсе бул күбөлүк болуп эсептелбейт. Бул болгону кабар боло алат. Кайсыл мамиле жана маселеде кабар жетиштүү болсо ага амал кылынат. Кайсыл нерсеге чечим чыгаруу үчүн күбөлүк зарыл болсо анда мындай кабарлар жетиштүү болуп эсептелбейт. Кабар берген киши ъадл күбө болууга жарактуу киши болсо да кабыл кылынбайт. Шарияттан сырткары бүгүнкү күндөгү соттордо да ушул шарт коюлган. Бир да сот, күбөнүн күбөлүгүн телефон же радио ж.б менен күбөлүгүн жарактуу деп эсептебейт. Сотко келип өзүнүн айтуусун зарыл деп эсептейт. Мында күбөнүн жүзүн, сүйлөгөнүн жана башка жактарын көргөндө анын айтып жатканынын канчалык чын экендигин билүүгө жардам болот жана ошондой эле башка жашыруун нерселерди да сурап билсе болот. Мунун баары каазынын алдына келгенде гана мүмкүн.
Кайсыл өлкө Ислам өлкөсү эмес болсо же болсо да шарият көрсөткөн каазы жок болсо жергиликтүү жалпы эл-мусулмандар кайсыл аалым же жамаатка дин маселелеринде ишенсе ошол аалымды же жамаатты каазынын ордуна казы катары эсептесе болот жана айды көрүүдө ошонун чечимин чечим деп эсептесе болот». (Хашияту Шархул Викоя)
Айды көрүүдөгү күбөнүн дагы бир түрү
Айды көрүүдөгү жогоруда айтылган эки түрдүү күбөлүк берүү айтылып өттү. Биринчиси: Күбө өз көзү менен көргөндүгүнө күбө берүүсү, экинчиси: Өзүнүн күбөлүгүнө күбөлөрдү жөнөтүү. Тагыраак айтканда эгерде күбө айды көрүп кандайдыр бир себептерден улам каазынын алдына бара албай калса, эки күбөнү күбө кылып: «Мен айды көрдүм силер менин бул күбөлүгүмө күбө болуп баргыла, каазынын алдында менин күбөлүгүмдү жеткиргиле», деп дайындап айтат. Каазынын алдында бул эки күбө ай көргөн кишинин күбөлүгүнө күбөлүк бергенде экөөнүн күбөлүгү бир эле күбөнүн ордуна өтөт. Күбөлүкө күбөлүк берүү туурасында билүү зарыл болсо фикх китептерине, аалымдарга кайрылып көрсүн. Бул кичинекей китепте ага орун жок.
Үчүнчү жолу да бар, ал мындайча: Күбө айды өз көзү менен көргөндүгүн да айтпайт, көргөн кишиге күбөлүк да бербейт. Ал минтип күбөлүк берет: «Биздин алдыбызда баланча шаардын казысынын алдында күбөлүк келтирилди, каазы аларга карап шаарда орозо же айт экендигин жарыя кылды». Муну чечимге күбөлүк берүү деп айтылат. Бул каазынын чечимине күбөлүк берип жатат. Кыскасы, кайсыл бир шаарда ай көрүнбөсө, шарият айдын көрүнгөндүгүнүн үч жолун туура деп эсептейт. Бул экинчи шаарда айдын көрүнгөндүгүнө жетиштүү боло алат. Күбөлүкө коюлган жогорудагы шарттар ушул үч айтылган нерсе үчүн зарыл.
Туурасын Аллах Билүүчүрөөк! بِالصَّوَابِ وَ اللهُ أَعْلَمُ
(Аягы)
Абибилла ажы КАДЫРБЕРДИЕВ
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин Төрагасы