«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Баардык мактоолор жалгыз Аллах Таалага гана таандык жана сүйүктүү Пайгамбарыбыз алейхи саламга салаваттар болсун.
Адам баласына берилген Ислам шариятында эки нерсе бар:
Биринчиси Аллах жана анын элчиси айткан өкүмдү амалга ашыруу милдет
Ээкинчиси Аллах жана анын элчиси кылба деген нерселерден өзүңүн нафсисиң тыю. Ушул өкүмдөр бир нечеге бөлүнөт алар:
Фарз, важиб, сүннөт, мустахаб, мубах, макрух, харам.
Ар бир инсандын жашоосу ушул аталган өкүмдөр менен ар бир мөөнөттө, убакытта байланышта болот. Башкача айтканда ушул өкүмдөр менен алек болот. Кээ бирин кылуу менен сооп алат, кээ бирин кылуу менен күнөөгө батат, ал эми кээ бирин кылуу менен сооп да албайт жана күнөөгө да батпайт.
Эътикаф деген эмне?
Эътикаф сөзү арабчадан которгондо “токтоо” дегенди билдирет. Ал эми шарияттагы мааниси болсо жамаат менен такай беш убак намаз окула турган мечитте эътикаф ниетинде мечиттен чыкпай, ошол жерде болуп туруу дегенди билдирет.
(Мираакул Ал-Фалах)
Тилекке каршы азыркы учурда эътикафка амал кылнбай келе жатат. Карасаң бул амал жок эсе болуп сезилет. Ал эми бул амал Пайгамбарыбыздын куттуу сүннөтү болуп саналат. Анкени Пайгамбарыбыз алейхи салам ар жылы орозонун акыркы он күнүндө эътикафка олтурган жана Пайгамбарыбыздын аялдары- энелерибиз дагы эътикафта олтурушкан.
Эътикафтын түрлөрү: Важиб, Сүннөт, Нафил.
1-Важиб эътикаф.
Эгерде кимдир бирөө бир нерсеге сөз берсе (назар кылса) м: менин ушул ишим бүтсө же экзаменден өтүп калсам мынча күн эътикафта олтурам десе, анда ага эътикафка олтуруу важиб болот. Ошондой эле бирөө сүннөт эътикафты бузуп койсо аны казасы важиб болот.
Бул үчөөнүн тең өкүмү башка башка. Эътикаф маселеси өгөчө орозо айында талап кылынгандыктан биз төмөндө ошону баян кылабыз:
2-Сүннөт эътикаф.
Сүннөт эътикаф бир гана орозонун акыркы он күнүндө жыйырма биринчи ай көрүнгөндөн баштап айттын айы көрүнгөнгө чейин кылынат. Пайгамбарыбыз алейхи салам ушул күндөрү эътикафта олтургандыктан эътикафтын бул түрү — сүннөт эътикаф делет. (толук түшүндүрмөсү кийинки бетте…)
3-Нафил эътикаф.
Кайсыл учурда кылса дагы боло берет.
Эътикафтын фазилеттери:
Аллах Таала ибаадаттарга ар кандай жолду көрсөтүп койгон. Алардын ичинен кээ бир ибадаттар өзгөчө сүйкүмдүү дагы. Алардын бири эътикаф. Бул ибаадатта инсан бир гана Алла үчүн бардык ишин таштап Алланын үйү болгон мечитте бир нече күн Аллах менен өзгөчө байланышта, өзгөчө сезимде болуп өткөрөт.
Эътикафтын өзгөчөлүгү эгерде инсан канча убакыт эътикаф абалында болсо, ошол убакытта анын ар бир аракети ИБАДАТ болуп эсептелет. Анын уктаганы, анын ичип-жегени жана анын ар бир нафил аракеттери ИБАДАТКА кошулуп турат (ар бир учурда сооп жазылып турат).
Орозодо сүннөт эътикафтын хикматы (пайдасы) : кадыр түндүн пайдасын алууда эътикафтын мааниси зор. Аллах Таала кадыр түндүн так түнүн жашырып койгондугун ар бир мусулманга белгилүү. Ал эми эътикафтагы мусулман орозонун акыркы он түнүндө туруп ибаадат менен алек болот.
Бирок башка күндөрү инсан үчүн түнү бою туруп ибаадат менен алек болуу кыйын болот. Ал үчүн инсан болгонунун себебинен түндөсү башка дагы иш кылганга туура келет. Бирок инсан качан эътикафта болсо, анын ар бир амалы ибадат, жада калса уктап жаткан болсо дагы ал ибаадат кылуучулардын аты менен жазылып турат.
Эътикафка олтурган адам күнөөдөн сакталат, ошол эътикафка олтургандыгынын себебинен кандайдыр бир жакшы амал кыла албай калса м: бир оорулууга зыяратка бара албай же бирөөгө жардам бере албай же жакшылыкка чакыра албай, жамандыктан токтото албай калса, эътикафтын шарапаты менен аталган амалдардын бардык сообу, ал өзү кылган сыяктуу анын амал китебине жазыла берет.
Сүннөт Эътикаф.
Берекелүү Орозонун акыркы он күнүндө эътикафта олтуруу сүннөт муаккада кифая болуп саналат. Башкача айтканда, бир айылдан бир эле адам эътикафка олтурса, ошол айылдагылардын бардыгы сүннөткө амал кылган болуп саналат. Эгерде бирөө дагы эътикафка олтурбаса анда айылдын бардык эли СҮННӨТТҮ таштагандыгы үчүн күнөөкөр болушат.
Ошондуктан айылдагылардын милдети алдын ала өз ара кеңешип, эътикафка кимдер олтурат деп сураштырып, жок дегенден бир адамды эътикафка олтурууга даяр кылуу керек. Бироого акча берип эътикафка олтургузууга болбойт.Себеби эътикаф ибадат. Ал эми ибадатка акы алып, амал кылууга болбойт.
Эътикафка качан ниет кылып качан мечитке келиш керек?
Эътикафка ниет орозонун 20 чы күнү күн батардан мурун кылынат б.а. асрдан кийин шамга чейин мечиттин ичинде болуп калуу зарыл. Ниетти мечитке кире электе же киргенден кийин деле кылса болот. Бирок күн баткандан кийин ниет кылып анан мечитке кирсе анда ал эътикаф “сүннөт эътикаф” болуп эсептелбейт. Акыркы күн айттын айы (рамазандан кийинки ай) көрүнгөнгө чейин болот. (Кез кезде ай 29-30 күн болгондо 9-10 күн айырма болуп калат. Аны биз карабайбыз. Бизге жыйырманчы күнү шамда күн батканга чейин мечитте болуп калуу милдет. Күн баткан учурда эътикафка олтургандар мечиттин ичинде (чегинде) болуу зарыл.
Эътикафтын эн зарыл шарты — мутакифтин (эътикафка олтурган адамдын) он күн боюу мечиттин чегинде гана болуусу зарыл.
Мутакиф зарыл нерседен башка нерсе үчүн (шарый себепсиз) бир секундка дагы мечиттин чегинен чыкпаш керек. Эгерде мечиттин чегинен бир секунд болсо дагы чыгып кетсе, анда эътикафы бузулат.
Мечиттин чеги кандай болот?
Коптогон адамдардын эътикафы мечиттин чегин билбегендиги себебинен бузулуп калат. Кээ бирөөлөр мечиттин бардык айланасын мечит деп ойлойт (төрт тарабы тосулган чеги менен кошуп). Бирок шарыяттын көз карашында мечит деп мечитке жер берип, вакыф кылган жердин чегинде төрт тарабынан дубал уруп, ичине жай намаз салып ушул жерде жамаат намаз окулат деген жер мечит болот.Башкача айтканда ошол жерге намаз окугандан башка эч нерсенин максаты болбоосу керек, кандай гана азыркы учурдагы биздин мечиттердей.
Мечиттин жериндеги даараткана, душ,туалет, жаназа окула турган жер, имамдын бөлмөсү, склад ж.б.у.с жерлер мечиттин өкүмүнө (мечиттин чегине) кирбейт. Ошондуктан ушул аталган жерлерге жунуб абалда кирсе болот. Бирок мечиттин ичине жунуб адам киргенден токтотулган. Андыктан мутакиф эгер ушул жерлерге секундка дагы турса эътикафы бузулат. Кээ бир мечиттерде имамдын бөлмөсү жана балдарды окута турган башка бөлмө мечиттин ичинде эле болот, ошол бөлмө дагы мечиттин өкүмүнө кирбейт. Бирок мечит салдырып жатканда ушул бөлмө дагы мечиттин чегине кирет (ушул жерге дагы намаз окулат) деп ниет кылынган болсо анда ал мечиттин чегине кирет.
Ошондуктан мутакифтер учун эътикафка олтураардан мурда мечиттин чегин аныктап, тактап билүү зарыл.
Мутакиф мечитте эмне амал менен алектенет?
Эътикафта олтурган адам Куран, зикир, диний китеп, нафил намаз, каза намаз жана башка ибадаттар менен алек болот. Уктаса дагы болот.
Ифтар жана саарлыкта мечиттин ичинде жеп ичилет. Эътикафта олтурган адамга үйүнөн бирөөнүн тамак ташып берүүсү жакшы болот.
Эътикафта олтурган адам мечиттин бурчунда же чекесинде өзүнө жай салып уктайт жана намаз учурунда төшөгүн бир четке алып коюш керек. Парда тагып алса жакшы болот.
Эътикафтын жөнүндө дагы башка маселелер
Пайгамбарыбыз эътикаф учурунда зарылчылык үчүн чыкканда жолдо эгер оорулуу адам жолугуп калса, анын абалын сурап өтчү. Ошондой эле Аиша энебиз дагы амал кылчу (Токтобой жүрүп кетип жаткан учурда)?
Эьтикаф жөнүндө зарыл маселелер болуп калса, мечиттин имамынан же башка аалымдардан телефон аркылуу сурап туруу зарыл.
Аллах Таала билуучу Зат.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмү
Даярдаган: Кокоев Акжигит