Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Муфтият | 27.11.2025
  • |

ИСЛАМ ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУККА КАРШЫ!

Кыргызстандандын Ички иштер министрлиги 2025-жылдын январь айында өлкөдө 1613 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын билдирди. Анын жыйынтыгында 111 адам коомдук ишке тартылып, 196 киши камакка алынган. Ал эми февраль айында 3174 факты жүз берген. Бул өткөн жылдын ушул айына караганда 26%га же 651 фактыга көп. Укук коргоо органдары – эки айдын ичинде 4000 фактынын катталышы, коомчулукка коңгуроо экендигин айтышууда. 

Эмне себептен мындай кырдаал түзүлүүдө?
— Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын көбөйүшүнүн себептери көп. Мисалы, кыш айлары аяктап, жаз келгенде адамдардын мүнөзүндө, өзүн-өзү алып жүрүүсүндө өзгөрүүлөр болушу ыктымал. Бул алгачкы факторлордун бири. Андан кийин маселени тереңирээк карай баштайбыз. Негизи психологияда зомбулуктун бир себебин бөлүп кароого болбойт. Анткени, өлкөдө канча жаран жашаса, анын ар биринин мүнөзү ар башка, көйгөй да ар кандай болушу мүмкүн.
— Жашоо шарт, социалдык абал таасир берип жатат дейин десек колунда бар, бай жашаган адамдар да зомбулук көрсөткөн учурлар катталат. Болгону аларда башка деңгээлде жүз берет. Колунда акчасы бар адамдар үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрүн басынтып, чүнчүтүү менен туура эмес мамиле кылышат. Менин жеке анализимде, зомбулук көрсөтүү өз-ара мамилелердин бузулушуна келип такалат. Кыргыз коомунда укуктар, милдеттер деген түшүнүктөр бар. Эгер ар бир адамдын укугу, милдети тууралуу бири-бирин сыйлоо, өз ара түшүнүшүү болсо, көп маселе чечилмек. Азыр улуулар тарабынан кичүүлөргө, кайын журт тарабынан келиндерге зомбулук жасалган учурлар көбөйдү. Жигиттер кыздарга катаал мамиле жасашат. 
Ар кимдин өзүнүн укугу, эркиндиги болушу керекпи? 

— Эркиндиктен мурда өз ара түшүнүшүү деңгээлине жетишибиз зарыл.
— Зомбулук көбүнчө эркектер тарабынан аялдарга көрсөтүлөт. Мунун себеби эмнеде? Айрыкча спирт ичимдиктерин ичип алып, ур-токмокко алган учурлар көп.

— Адамдардын мамилелери бузулган соң, ал ичиндеги уйгу-туйгуну кантип сыртка чыгарат? Айрымдар тамеки чегет. Башкасы спирт ичимдиктерин ичип алып, ур-токмокко алат. Кээ бирөөлөр басым жасоого өтөт. Бул жерде эч нерсени жалпылап кароого болбойт. Ар бир адамга өзүнчө жардам керек. Ал эми спирт ичимдигин ичип алганда абал оорлоп кетери айтпаса да белгилүү.
— Коомдо «аялдар өз тилинен табат» деген пикир бар. Эгер аял унчукпай койсо, ал ур-токмокко кабылмак эмес дегендер да жок эмес.

— Дагы эле мамилелер, эрежелерге келип такалып жатат. Аял, эркек деп бөлүнүүнүн өзү маселе жаратууда. Айрым кордолгон аялдар эркекке, анын да жашоого укугу бар экендигин айткысы келет. Мырзалар аны түшүнбөйт. Аял да өзүн адам катары кабыл алдырууну каалайт. Зомбулук фактыларын азайтабыз десек, биз “адам” деген түшүнүктү алып чыгышыбыз зарыл. Аял, эркек, келин, кайнене, улуулар, кичүүлөр, байлар, кедейлер деген түшүнүктөрдөн мурда “адам” деген түшүнүктү кабыл алуу зарыл. Бул түшүнүктү кабыл алуу үчүн билим, түшүнүктөр терең болушу керек го?

— Түшүнүгү терең, билими бар адамдар урушту кайсы жеринде токтотуп калууну билишет. Айырма ошондо. Бирок, башта айтып өтүлгөндөй, билими бар адам деле зомбулукка барат. Болгону башка жолдор менен. Адамдар өзүн кантип көрсөтөт, кеп ошондо. Айрым адамдар уруп, токмоктоп көрсөтсө, башкасы амалкөйлүк менен чүнчүтүүгө өтөт.
— Адамдын мүнөзү да негизги ролду ойношу мүмкүнбү?

— Мүнөз жети жашка чейин калыптанат. Бул жерде генетика негизги орунда. Бала ата-энесинин кылганын карап туруп эле чоңоёт. Ошондуктан, адамдын мүнөзүн калыптандырууда балалык чак өтө маанилүү. Чөйрө таасири алдында да мүнөз бузулат. Ал албетте, анын жашоосуна терс таасирин тийгизет. Уруш-талаштарда адамдын мүнөзү роль ойнойт. Башта айтып өткөндөй адамдар өзүн кантип көрсөтүп, ичиндеги сезимдерин кантип чыгарат деген нерсе маанилүү. 

Үйдө аял жолдошунан кордук көрсө, өчүн балдарынан алат. Энеден ызаа тарткан бала көчөдө же мектепте өзүнөн алсыздарга күчүн көрсөтөт. Мына ушнтип зордук-зомбулуктун чынжыры куралат. Андыктан биз адегенде ушул чынжырды баш жагынан үзүшүбүз керек. Ал үчүн алгач ата-эне үйдө, айрыкча балдарына адеп-ахлактын туу чокусун көрсөтүп бериш керек. "Кыргызда ооруну дарылыгандан, анын алдын алган оң" деген жакшы сөз бар эмеспи. 

Зордук-зомбулуктун эң кең тараган жана татаал көрүнүшү – бул балдарга карата болгон зомбулук. Мындай зомбулуктар ар жайда: мектепте, үй-бүлөдө, тең туштар арасында болушу мүмкүн. Бирок, эң эле кең тараган көрүнүш – бул үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук. Ал баланын жакын туугандары тарабынан амалга ашырылат. 2018-жылда АКШда балдарга карата зомбулуктун 76 пайызы жабырлануучвулардын өз ата-энеси тарабынан болгон. Дагы биро булакка таяна турган болсок, АКШда ар күнү орто эсеп менен 5 бала зомбулук жана кароосуз калтыргандын натыйжасында көз жумат. Эл аралык Эмгек Уюмунун эсебинде ар жылы, 1,2 миллион эрезеге жетпеген бала адам соодасынын курмандыгы болушу белгиленген. 
 
Зордук-зомбулуктун түрлөрү 
Балдарга карата зомбулуктун 4 түрү бар: физикалык зомбулук, жыныстык зомбулук, психологиялык зомбулук жана кайдыгерлик. Физикалык зомбулук – бүт дүйнөдө күзөтүлө турган жана бирдей кабыл кылына турган зомбулуктун түрү. АКШ жана улуу Британияда өткөрүлгөн изилдөөлөргө караганда, балдардын 90 пайызы өз ата-энеси же жакын туугандары тарабынан жаза катары физикалык жактан жапа чеккен. Маданияттагы түрдүүчөлүккө карабай, физикалык жазалоо бүт дүйнөдө тарбиялоо жана туура жолго салуунун биринчи колдонмосу болуп саналат. Физикалык жаза ар кандай абалда баланын укуктарынын бузулуусу болуп саналат. Адистер бул маселеде этият болууну сунуштайт. Себеби ошол учурда колдонулган, арзыбагандай көрүнгөн жаза келечекте бир канча кооптуу жана ырайымсыз таризиндеги кысымчылыктар үчүн жол ачышы мүмкүн. 

Руханий жана моралдык зомбулук – баланын кадыр-баркын кемсинтүү, аны коркууга салуу, өздүгүн акаарат кылуу сыяктуу ооз-эки кыймыл-аракеттерде ачык болот. Айрым учурларда руханий кысымчылык физикалык зомбулукка караганда бир канча эсе оор болгон натыйжаларга да алып келиши мүмкүн. 

Жыныстык зомбулук – балакатка жете элек балдар менен жыныстык катнаш кылуу менен характерленет. Мындай жапайылыктар жөнүндө ачык маалыматтар аз болсо да, адистердин изилдөөлөрүнө караганда, бүт дүйнөдө кыз балдардын 20 пайызы, уул балдардын 5-10 пайызы жыныстык зомбулукка кабылат. 2000-жылдагы эсептөөлөр боюнча, АКШда жүзөгө чыккан жыныстык зомбулуктун курмандыктарынын 67 пайызы балактака жетпегендер, 34 пайызга жакыны болсо 12 жашка толбогон жаш балдар болгон. 54 пайызы болсо жабырлангандар тааныган адамдар тарабынан ишке ашкан. 

Кароосуз калтыруу – баланын ден-соолугуна кайдыгер болуу, анын сезим жана моралдык муктажыдктарын кандырбоо, акыл жана физикалык жактан өсүп жетилүүсүнө кайдыгер болуу жана жетээрлик даражада көңүл бурбай коюу. Мунун калган түрдөгү зомбулуктардан айырмасы, кароосуз калтыруу аракетсиздик аркылуу амалга ашырылат. Адистердин изилдөөсүнө караганда, ар жылы 5 жашка толбогон 400 миң бала түрдүү суюктуктардын ичине түшүп чөгүп кетүү, отко күйүп калуу жана уулануудан же жол кыймылынын эрежелерине амал кылбагандыктан автокырсыктан улам көз жумат.  

Балдарга карата зомбулуктун жалгыз себебин көрсөтүү кыйын. Бирок, бир канча аалымдар мунун тамырын коомчулуктун аң-сезиминде орношуп калган туура эмес көз-караштар, адаттарга байланыштырат. Чоңдор жана балдардын укуктарындагы теңсиздик, ата-эненин балага өзү көздөгөн кандайдыр максаттарга, арзуу-үмүттөргө жетишүү жолундагы бир ортомчу катары кароо – эң көп тараган жаңылыш жана ката пикир. Дал ушул себептен улам чоңдор балдарга карата көпчүлүк учурда физикалык жактан болсун, руханий жактан болсун жасаган мамилелеринде одонолукту көрбөйт, өзүнүн кыймыл-аракетин коомдук нормаларга ылайык келүүсүнө ишенет. 

Балдарга карата зомбулуктун болуусуна алып келе турган факторлорго токтоло турган болсок, биринчи кезекте, албетте ар кандай коомго жат иш-аракеттер үчүн фактор болуп кызмат кыла турган наркомандык жана алкоголизмди, түрдүү руханий жана неврологиялык ооруларды мисал кылып келтириш мүмкүн. Бирок булар бардык адамдар биле турган жана аңдап жете турган себептер. Биз болсо төмөндө бир канча татаал жана талкууга жем таштай турган себептер жөнүндө сөз кылалы. 
 
Максат колдонмону актайбы? 
Ата-энелердин перзенттерине карата жасаган физикалык зомбулугун көпчүлүк баланы жазалоо же тарбиялоо жолундагы аракеттер деп ачыктайт. Изилдөө үчүн өткөрүлгөн маектердин биринде АКШда физикалык жактан зомбулук жасаган ата-энелердин үчтөн эки бөлүгү өз кылмышын перзентин жазалоо аркылуу туура жолго баштоо максатында амалга ашыргандыгын белгилеген. Канадада болсо зомбулукту жаза жана тарбия катары деп карагандар төрттөн үч бөлүктү түзгөн. Greshof тарабынан өткөрүлгөн мета-анализдин натыйжасында 87 пайыз абалда физикалык жаза баланын кулк-мүнөзү оң тарапка эмес, тескериснинче сол тарапка өзгөрүүсүнө көбүрөөк себеп болгон.  Башка бир изилдөөдө да ушуга окшош абал күзөтүлгөн – уул балдар канчалык көп физикалык жазага тартылган болсо, кийинчерээк алардын ахлакий жактан туура жол тутуусунун ыктымалы ошочолук ылдыйга кеткен. 

«Золушка эффекти» 
Өгөй эне тарабынан кордолгон кыз жөнүндөгү жомоктун наамы менен атала турган мына ушул назарияда балдарга карата зомбулукта өгөй ата, өгөй эне факторуна өзүнчө этибар каратылат. Дээрлик бардык учурда ата-энелер өгөй перзенттерине караганда биологик перзеттерине көбүрөк оң мамиледе болот. Өгөй перзенттин таалими, ден-соолугуна азырак көңүл бурулат. Мындай абалда балага карата зомбулук, оболу аны кароосуз калтыруу аркылуу амалга ашырылат. Мындан сырткары, Лейли жана Уилсон өткөргөн изилдөөлөргө караганда, АКШ, Канада жана Улуу Британияда чындап эле аталар тарабынан өгөй перзенттерге карата оор физикалып зыян жеткирүү, өлөөрчө сабоо коопу жогору тарат. 

Жакырлык 
Көптөгөн Африка өлкөлөрүндө балдарды кара жумушка мажбурлоо, жыныстык эксплуатация кылуу, эрте жана мажбурий нике сыяктуу зомбулуктар жакырчылыктан кутулуу чарасы катары амалга ашырылат. 1990-жылдагы маалыматка караганда, Түштүк Африкада 18 жашка толбогон 28-30 миң кыз балдар сойкулук кылууга мажбурланган. Сойкулукта кыз балдардан гана эмес, жашы жете элек уул балдардан пайдалануу да тез-тез учурап туруучу абал. Маселен, Америка материгиндеги айрым шаарларда денесин саткан сойкулардын дээрлик жарымы уул балдар. Шри Ланкада болсо жыныстык эксплуатация кылууда кыздарга караганда уул балдардан көбүрөөк пайдаланылат. Буга себеп эркек жана аялга карата коомчулукта калыптанган көз-караштар. Кыздар адатта үй-бүлөнүн коргоосунда болот, уул баланын мойнуна болсо үй-бүлөнүн кирешесине өз салымын кошуу зарылдыгы уктурулат.

Бирок, жаш балдардын сойкулугу жөнүндө сөз кетекенде жакырчылыктан башка себептер да көрсөтүлөт. Айрым бай мамлекеттерде да жаш балдардын сойкулугу өскөн десек болот. Мисалы, АКШда 1990-жылдардагы изилдөөлөргө караганда 300 миң жашы жете элек сойкулар бар экендиги аныкталган. Мында да негизги себеп катары үй-бүлөдөгү зомбулук көрсөтүлгөн. Перзенттердин кароосуз калуусу жана кордолуусу ата-энелер себептүү келип чыга турган моралдык кысымчылыктар балдардын үйдү таштап чыгып кетүүсүнө жана сойкулук менен алектенүүсүнө шарт түзүп берет. Эрте мажбурий нике да оор экономикалык абалдарда кошумча жана ашыкча каражаттардан кутулуу фактору болуп саналат. Мына ушул чаралар жакырлыктан чыгуу үчүн чечим катары көрсөтүлсө да, өз кезегинде коомчулукта ушул эле жакырчылыктын укумдан-тукумга өтүүсүн камсыздап берүүчү фактор болуп кызмат кылат. Жаштайынан билим алуу, кесип үйрөнүүнүн ордуна кара жумушка мажбурланган, сойкуга айлантырылган, эрте турмушка узатылган кыздар келечекте жарытылуу бир кесипти ээлөөсүнө көз жептейт.  

Зыяндуу салт-санаалар 
Байыркы доорлодр калыптанып бүгүнкү күнгө чейин сакталып келе жаткан улуттук жана диний каадалар азыр да амалда болгон өлкөлөрдө инсанийлик жааттан алып караганда, балдарга карата мээримсиз адаттар тез-тез көзгө ташталат. Зыяндуу үрп-адаттардын артынан жүз бере турган зомбулуктарга мисал кылып төмөнкүлөрдү келтирүү мүмкүн: 
Кыз балдарды уул балдарга караганда төмөн түшүрүү жана акаарат кылуу;
Жашы жете электерди кыз бала болсун же уул бала болсун мажбурлап үйлөп коюуу;
Жаш балдарды зордоп, алардын денесине татиуировка же тамга басуу; 
Марасымдарда курмандык үчүн жаш балдарды мууздоо (азыркы күндө кем учураса да айрым урууларда кездешет);
Үй-бөлөнүн намасына шек елтирген кыз балдарды өлүмгө өкүм кылуу.  
    
Айрыкча кыз балдардын жоруктарын намыс катары баалап, аларды өлүмгө өкүм кылуу эң оорулуу маселелердин бири. Мындай факттар Мисир, Бангладеш, Ярдания, Пакистан, Ливан, Ирак жана Түркия өлкөлөрүндө көбүрөк учурайт. ЮНИСЕФ тараткан маалыматка караганда, 1997-жылдын өзүндө 300 кыз-келин «намыс» себептүү курман болгон. Мындай абалдар жылдан жылга көбөйүп барууда жана расмий документтерде негизинен «өз жанын кыюу» же «бактысыз окуя» деп белгиленет. 

Нарциссистик ата-эне 
Нарциссистик ата-энелердин зомбулуктары алардын перзенттерин моралдык жана ахлактык башкаруусунда, эң майда аракеттеринен бери алдынан белгилөөдө, баланын укуктарын өз пайдасы жолунда колдонууда ачыкка чыгат. Мындай ата-энелердин пикиринде баланын жашоосундагы бардык милдети ата-энесине кызмат кылуу, алардын көңүлүн алуу гана байланыштуу. Ушундай көрүнүштөгү үй-бүлөнүн мамилеси баланын моралдык, ахлакий жактан өгүнүп өсүүсүнө терс таасирин көрсөтөт. Мындан сырткары, балдарда өзүнө пас назар менен кароосу, өзүн кадырсыз сезүү абалдары күчөйт. Келечекте алар өзгө кишилер менен түрдүү алакаларда көйгөйлөргө туш келет. Нарциссист адамдарга тиешелүү болгон жалпылай жааттарды санап өтүш мүмкүн: өзүн жогору баалоо, кадырлоого жана адамдардын урматына күчтүү кызыгуу жана ийгиликсиздиктен коркуу. Нарциссистер өз кадыр-баркын жана абийрин сактап калуу жолундагы аракеттеринде ага «көмөкчү» болуп кызмат кылуучу кишини издейт, мына ушул нерсе ата-энелер үчүн өз перзенттери эң ыңгайлуу фактор.  Ата-энеге жакпаган адамдар менен достошуу жана сүйүү мамилелердин натыйжасында балдар кысымга дуушар болушу мүмкүн. Жалпылай алганда, зомбулуктун мындай көрүнүшү калгандарына караганда эң аз изилденген. Себеби ата-эненин үй-бүлөдөгү жетекчилик ролу дээрлик дайыма тан алынат жана көпчүлүктө бул башкаруудагы чек жөнүндө ара анык бир өлчөм жок. Калаберсе, мындай зомбулуктун натыйжасы дайыма эле ачыкка чыга бербейт.  

Балдарга карата зомбулук бүт дүйнөдө үй-бүлө жана коомдун өнүгүүсүн камсыздоодо негизги максаттардын бири болуп келүүдө. Перзенттер үй-бүлөдө же андан сырткарыда зомбулуктун кандай түрүнө кабылбасын, бул келечекте алардын өздүгүндө өз изин калтыруусу шексиз. 

Исламда кыз-келиндерге карата зордук-зомбулуктун алдын алууну жана аларга тийиштүү укуктарды коргоо 
Маалым болгондой, Ислам дининде кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук туура эмес деп саналат. Ислам бул көйгөйгө анык жана чечкиндүү жандашып, аялзатын урматтоо, асырап-абайлоо жана алардын укуктарын коргоону камсыздайт. Мен бул макалада дал аялзатына карата зордук-зомбулуктун Исламда кандай караланганын, аларга берилген укуктар жана коргоо усулдарына токтолуп кетмекчимин. Исламда жалаң физикалык жактан зордук-зомбулук эмес, руханий жана моралдык зордук-зомбулук да катуу караланган. Эркектерди аялдарды моралдык жактан эзүүгө албастыгы, алардын жеке мусулман инсан катары эркиндигин бузбастыгы керектигине басым жасалган. Алардан, Куранда эркектердин аялдарга урмат менен, аларга зыян бербей мамиле кылыш керектиги уктурулган. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) өз жубайлары менен дайыма жакшы мамиледе болгон, аларга дайыма өз пикирин айтууга уруксат берген.  Бул, аялдын үй-бүлө жана коомдо эркин болуп, өз пикирин айта алуусу керектигин көрсөтөт. Аялдарга карата зордук-зомбулук кылган кишилер Куранда да, хадисте да катуу сынга алынган. Мындай жандашуу Исламда аялдардын физикалык жана руханий абалын коргоодо олуттуу фактор катары кызмат кылат. 

Ошондой эле, Ислам дининде аялдардын таалим алуу укугунда да зордук-зомбулукка жол бербөө керек. Ислам таалимди эркектер үчүн да, аялдар үчүн да фарз деп билет. Аялдын илим алуу укугу Куранда жана хадисте анык белгилеп коюлган. Таалим алуу аялдардын өз укуктарын билиши жана аны коргоосу үчүн олуттуу. Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам) хадисте мындай деген; 
عَنْ أَنَسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: "طَلَبُ الْعِلْمِ فَرِيضَةٌ عَلَى كُلِّ مُسْلِمٍ وَمُسْلِمَةٍ، وَوَاضِعُ الْعِلْمِ عِنْدَ غَيْرِ أَهْلِهِ، كَمُقَلِّدِ الْخَنَازِيرِ الْجَوْهَرَ وَاللُّؤْلًؤَ وَالذَّهَبَ". رَوَاهُ ابْنُ مَاجَه
Анас (разияллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) айтты: «Илим талап кылуу ар бир мусулман эркек жана аял үчүн фарз. Илимди татыктуу кишиге бербестик, кудум чочконун мойнуна асыл таш, бермет жана алтынды асып койгондой болот». (Ибну Маажа риваяты). 

Бул хадис аялдардын да таалим алууда тең укуктуу экенин, билим аркылуу өздөрүн коомдо активдүү жана эркин жаран катары көрсөтүүсү зарылдыгын билдирет. Себеби, таалим алуу аркылуу аялдар өз укуктарын билип, аларга көрсөтүлгөн ар кандай зордук-зомбулукка каршы тура алат. Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) доорунда да аялдардын коомдук жана саясий жашоодого жараяндарга активдүү катышуусу камсыздалган болчу. Маселен, Айша энебиз (разияллоху анха) Пайгамбарыбыздан (соллаллоху алайхи ва саллам) кийинки эң билимдүү жана сый-урматтуу аялдардан бири болуп, сахабаларга сабак берип илим үйрөткөн. Бул мисал Исламда аялдар да коомдо өз ордуна ээ болуп, аларга карата чоң сый-урмат көрсөтүлүүсү зарылдыгын көрсөтөт. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) аялдарга карата көрсөтүлүүчү зордук-зомбулукка катуу тыюу салган. Хадистерде аялзатына карата мээрим жана урмат-сый көрсөтүлүүсү жөнүндө көптөгөн осуяттар келген. Маселен бир хадисте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп дуба кылган: 
عَنْ أَبِي شُرَيْحٍ خُوَيْلِدِ بْنِ عَمْرٍو الْخَزَاعِيِّ وَأَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا عَنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: اللَّهُمَّ إِنِّي أُحَرِّجُ حَقَّ الضَعِيفَين: اليَتِيمِ وَالمَرْأَةِ. حَسَنٌ. حَدِيثُ أَبِي شُرَيْحٍ رَوَاهُ النَّسَائِيُّ. وَحَدِيثُ أَبِي هُرَيْرَةَ رَوَاهُ ابْنُ مَاجَه وَأَحْمَدُ

Абу Шурайх Хувайлид ибн Амр Ал-Хазаъий жана абу Хурайра (разияллоху анхума) экөө риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп дуба кылган: «Эй Аллахым! Албетте мен эки алсыз – жетим менен аялдын укугун текке кетирип аларга зулум кылуудан катуу сактанамын». (Абу Шурайхтан Насаий, Абу Хурайрадан Ибну Маажа жана Ахмад риваят кылган) 

Бул зордук-зомбулук физикалык, руханий же экономикалык болушу мүмкүн. Куранда жана хадистерде аялзатына карата көрсөтүлүүчү ар кандай жамандык катуу караланган. Маселен, Куранда «Ниса» сүрөсүндө мындайча делинген: 
الرِّجَالُ قَوَّامُونَ عَلَى النِّسَاءِ بِمَا فَضَّلَ اللَّهُ بَعْضَهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ وَبِمَا أَنْفَقُوا مِنْ أَمْوَالِهِمْ ۚ فَالصَّالِحَاتُ قَانِتَاتٌ حَافِظَاتٌ لِلْغَيْبِ بِمَا حَفِظَ اللَّهُ ۚ وَاللَّاتِي تَخَافُونَ نُشُوزَهُنَّ فَعِظُوهُنَّ وَاهْجُرُوهُنَّ فِي الْمَضَاجِعِ وَاضْرِبُوهُنَّ ۖ فَإِنْ أَطَعْنَكُمْ فَلَا تَبْغُوا عَلَيْهِنَّ سَبِيلًا ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيًّا كَبِيرًا ﴿٣٤﴾

«Эркектер – аялдарга жооптуу башчы. Себеби, Аллах алардын айрымдарын кээ бирөөлөрүнөн (башчылык кылуу, коргоо сыяктуу иштерде, күч-кубатта, акылда, сабырда) артыкчылыкка ээ кылган. Эркектердин (калың берүү, үй-бүлөнү керектүү каражаттар менен камсыз кылуу өңдүү) каржылык жоопкерчиликтери да бар. Жакшы аялдар – Аллахка баш ийген, эринин алдындагы милдеттерин так аткарган жана таза сакталышы керек болгон нерселерди Аллах Өзү кандай коргогон болсо, дал ошентип (абийрин да, үй-бүлөнүн мүлкү менен ар-намысын да, үй-бүлөлүк жеке сырларды да, эринин акысын да) эч ким көрбөгөн көмүскө жерлерде, эри жанында болбогон учурларда деле сактай билген аялдар. Аялдарыңардын тажаалданып баш ийбей кетишинен корксоңор, анда аларга (оболу) насаат кылгыла. (Мындай насааттан натыйжа чыкпаса), анда төшөгүндө бирге жатпай, аларды жалгыз калтыргыла. (Мында деле түзөлбөсө), анда (жеңилирээк) какыс-кукус кылып (аларга тарбия бергиле). Эгер алар оңолуп, баш ийип калышса, анда аларга кысым көрсөтүүнүн жолун издебегиле. (Эсиңерде болсун), Бийик да, Улук да Аллах Өзү!». (34-аят)

Аллах Таала адамдардын баарысын эле ар тараптан бири-бирине окшош кылып жараткан эмес. Ар кимдин иштеген ар башка кесибине, жашоодогу эмгек жолуна жараша, коомчулукта туткан орду да айырмаланары белгилүү. Ошол сыяктуу эле, бардык эркектер менен аялдарга көп нерсе бирдей тиешелүү болсо да, жалпысынан кээ бир жагдайларда аялдарга караганда эркектерге артыкчылык берилген. Айрыкча, эркектер физикалык жактан күчтүүрөөк жаратылгандыгы үчүн үй-бүлөнү коргоо, үй ичиндегилерди материалдык-финансылык жактан камсыз кылуу, үйдөгү негизги жоопкерчиликти мойнуна алып, жетекчилик кылуу жагынан артыкчылыкка ээ. Албетте, бул эркектин аялзатына текеберденгени, же ага кысым көрсөтүшү туура дегенди билдирбейт. Тескерисинче, хадисте: 
عَنْ عَبْدِاللهِ بْنِ عَبَّاسٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ عَلَيْهِ الصَّلَاةُ وَالسَّلَامُ: سَيِّدُ الْقَوْمِ خَادِمُهُم. وَفِي رِوَايَةٍ أُخْرَى لِهَذَا الْحَدِيثِ: خَادِمُ الْقَوْمِ سَيِّدُهُمْ. أَخْرَجَهُ أَبُو الْقَاسِمِ الشَّهْرَزُورِيُّ فِي ((الْأَمَالِي))

Абдуллах ибн Аббас (разияллоху анхума) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Бир элдин төрөсү ошол элдин кызматчысы». (Абулкасым Аш-Шахразурий риваяты)

Бул хадис эркек үй-бүлөнүн бактысы үчүн кызмат кылган, жубайы менен бала-чакасын коргоп, алардын таалим-тарбиясы менен эки дүйнөдө бактылуу болушу үчүн негизги жоопкерчиликти мойнуна алган, айрыкча акыреттин азабынан коргой тургандай диний жактан да жоопкерчиликтүү «тарбиячы» катары жетекчи экендигин билдирет.
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قُوا أَنْفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَارًا وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ عَلَيْهَا مَلَائِكَةٌ غِلَاظٌ شِدَادٌ لَا يَعْصُونَ اللَّهَ مَا أَمَرَهُمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ ﴿٦﴾
«Оо ыйман келтиргендер! Өзүңөрдү да, үй-бүлөңөрдү да (ыймандуулукка тарбиялап), отуну адамдар менен таштар болгон тозоктун отунан сактагыла! Анда аллахтын амиринен тайбаган, берилген буйрукту кынтыксыз аткарган, аяганды эч билбеген, өтө катаал сакчы периштелер бар». (Тахрим сүрөсү; 6-аят)

Албетте, аятта көрсөтүлгөн өтө маанилүү тарбиячылык милдетти аткаруу үчүн, оболу эркектер өздөрү да аялы менен жакшы мамиледе жашай билгендей тарбиялуу, сабырдуу, илим-билимдүү, жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Тажаалданып эч тарбия жукпаган аялга эң акыркы арга катары «какыс-кукус кылып тарбия берүү» ыкмасы да бардык эле аялдар үчүн эмес, үйдөгү өзүнө тиешелүү милдеттерин аткарбаган, тажаал мүнөзү бар болсо, анысын оңдоого жана өзүнүн адеп-ахлагын жетилтип, руханиятын өстүрүүгө көңүл бургусу келбеген кимдир бирөөлөр үчүн айтылгандыгы анык. Ислам шариятындагы өкүмдөрдүн ар бири ыйман, адеп жана гумандуулукка негизделгендиги үчүн, Исламда аялзатына зордулук-зомбулук көрсөтүү жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Чындыгында, өздөрүн тим эле «заманбап маданияттын, модернизациянын үлгүсү» катары көрсөткүсү келген Батыш коомчулуктарында аялзатына карата зордук-зомбулуктар абдан күч экендиги статистикалык маалыматтардан белгилүү. 

Ушул орунда өлкөбүздө да аялзатын зордук-зомбулуктан коргоо максатында Ислам динине таянган абалда амалга ашырылып жаткан иштер жөнүндө токтоло кетүүнү эп көрдүм. Айрыкча, кыз-келиндерге карата кысым жана зордук-зомбулуктун алдын алуу жаатында мамлекеттик программалар жана башка пландар иштелип чыгып, кысым жана зордук-зомбулуктун себептери, ошондой эле анын шарттарынан болгон факторлорду анализдөө изилденүүдө. 

Корутунду катары айта турган болсок, Ислам аялдарга физикалык, финансылык, руханий жана моралдык укуктар берип, аларды зордук-зомбулуктан коргойт. Куран жана хадистер аялдарды коргоо, аларга урмат менен мамиледе болууну үйрөтөт. Исламий мыйзамдар аялдарды үй-бүлөдө, коомдо жана коомдук жашоодо активдүү жана тең укуктуу кылып белгилейт. Аялдарга карата зордук-зомбулук исламда караланган жана бул аракеттерге каршы катаал чаралар көрүлөт. Зордук-зомбулукка каршы күрөштө исламий жандашуу коомчулукту адилеттүү жана урматка негизделген мамилелерди калыптандырууга үндөйт. Исламий эрежелердин негизинде аялдар жана кыздар дайыма корголуусу, алардын укуктары сакталуусу зарыл. 

Абибилла Кадырбердиев, КМДБнын алдындагы диний агартуу башкармалыгынын башчысы

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)