Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Муфтият | 11.12.2020
  • |

ИСЛАМДА ЖАР ТАНДОО МАСЕЛЕСИ

Ааламдардын Жаратуучусу Аллахка мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага (с.а.в) Аллахтын саламы жана рахматы болсун.

“Дуррул Мухтар” аттуу фикх китебинин нике темасы мындай сөздөр менен башталат: Адамзат үчүн нике жана ыймандан башка алтургай Бейиште да улана турган ибадат жок. Ар кандай келишим белгилүү мөөнөт өткөн соң өзүнүн күчүн жоготот. Өзүбүзгө өмүрлүк жарды тандаганда бир жастыкта картаюу ниетинде гана эмес, бейиште да бирге болуу ниетинде болуубуз керек. Ошондуктан ылайыктуу өмүрлүк жарды тандоо инсандын турмушундагы эң керектүү нерсе болуп эсептелет.

Урпактын кандай улануусу, перзенттердин таалим-тарбиясы, адеп-ахлагы, сак-саламаттыгы, ал эле эмес ага-ини, тууган-урук, эже-карындаш жана дос-жарлар менен боло турган мамиле китептегидей сакталып калышында түздөн-түз болочоктогу өмүрлүк жарына байланыштуу. Үйлөнүп жаткан киши өмүр шериги менен турмуштун негизги бөлүгүн өткөрөт. Бул ишке ушундай даражада көңүл буруу керек, келиндин түпкү тегинде, алтургай тууган-уруктарында болгон жөндөм кулк-мүнөз, турпат, кыймыл-аракет жана башка келинге тиешелүү жакшы жана жаман өзгөчөлүктөр болочок перзенттерге тукум аркылуу өтүп, таасир көрсөтүүсү мүмкүн. Ошондуктан ата бабаларыбыз 7 атаны, тууган-урукту сурап, сүрүштүрүп макул көрүшсө андан кийин жуучу түшүшкөн. Бүгүнкү күндө мындай салттардын ордун динге жана улуттук намысыбызга жат болгон айрым туура эмес адаттар ээлеп алды. Мындай учурлар өзүнүн ким экендигин билген ар бир кишини тынчсыздандырары анык.

Мисалы: Бирөөнүн байлыгы, мансабы үчүн кудалашуу, башчысынын адепсиз жана ылайык келбеген кызын келин кылуу, кыздын чырайына гана карап үйлөнүү.

Негизи мындай нерседе туура чечим сүннөткө, акылман даанакер кишилердин кеңешине карап иш алып баруу зарыл. Биринчиден Аллах Тааланын Курани кариминде үйлөнүү жөнүндө берген көрсөтмөсүн келтирип өтөлү.

وَلاَ تَنكِحُواْ الْمُشْرِكَاتِ حَتَّى يُؤْمِنَّ وَلأَمَةٌ مُّؤْمِنَةٌ خَيْرٌ مِّن مُّشْرِكَةٍ وَلَوْ أَعْجَبَتْكُمْ وَلاَ تُنكِحُواْ الْمُشِرِكِينَ حَتَّى يُؤْمِنُواْ وَلَعَبْدٌ مُّؤْمِنٌ خَيْرٌ مِّن مُّشْرِكٍ وَلَوْ أَعْجَبَكُمْ أُوْلَئِكَ يَدْعُونَ إِلَى النَّارِ وَاللّهُ يَدْعُوَ إِلَى الْجَنَّةِ وَالْمَغْفِرَةِ بِإِذْنِهِ وَيُبَيِّنُ آيَاتِهِ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ

“Эй момундар силер бут параз аялдарга (Аллага бир нерсени шерик кылган, Алладан өзгө бир нерселерге сыйынган аялдарга) алар ыйманга келмейинче үйлөнбөгүлө. Анткени азат бутпарас аялдан, эгер ал бутпарас аял силерге жакса да ыймандуу күң жакшы, ыйманга келмейин бутпарас эркектерди кыздарыңарга үйлөндүрбөгүлө, анткени азат бутпарас эркектер ал силерге жакса да ыймандуу кул жакшы, алар бутпарастар тозокко үндөшөт. Аллах өз эрки каалосу менен бейишке жана кечиримге үндөйт жана Аллах аяттарын адамдарга баяндайт, мүмкүн алар акылына келишер” (Бакара сүрөсү, 221-аят)

Дагы бир башка аятта мындай деп айтат:

الزَّانِي لَا يَنكِحُ إلَّا زَانِيَةً أَوْ مُشْرِكَةً وَالزَّانِيَةُ لَا يَنكِحُهَا إِلَّا زَانٍ أَوْ مُشْرِكٌ وَحُرِّمَ ذَلِكَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ

“Зынакор эркек зынакор аялга же бутпарас аялга гана үйлөнт, зынакор аялга зынакор же бутпарас эркек үйлөнөт, бул нерсе (тактап айтканда сойку аялга үйлөнүү) момундарга арам кылынган. (Нур сүрөсү, 3-аят)

Демек Аллах Таала бизди биринчиден момун аялдарга үйлөнүүгө буйруду, кийинки аятта ыйман келтирбеген бутпарас жана сойку аялдарга үйлөнүүдөн кайтарды. Бул биз үчүн өтө керектүү осуят, айрыкча зынакор (сойку) эркек же сойку аял менен турмуш куруу жөнүндөгү эскертүүлөргө катуу көңүл буруубуз зарыл.

Үйлөнмөкчү болушкандар биринчиден акылдуу, таза жана диндар аялды тандоосу керек. Себеби такыба жана жакшы амалдарды кылуучу аял дүйнөнүн эң артык байлыктарынын бири. Чындыгында эркек киши мына ушундай аялдын себебинен илим алууга ибадат менен алек болууга убакыт табат. Ушул тараптан салиха (жакшы амалдарды кылуучу) жакшы мүнөздүү аял диний жана дүйнө иштерине жардамчы болот.

Үйлөнүп жаткан киши, теги таза болгон аялды тандасын. Негизи эне перзентти өз тарабына тартат. Мал-мүлктө ыззат урматта, өзүнөн төмөнүрөөк аялды тандасын. Себеби бул тараптан эркектин аялдан жогору булуусу аны фитнадан (чыр чатактан) келишпөөчүлүктөрдөн сактайт. Ошондой эле каражаты жана муктаждыгы азыраак аялга үйлөнүү керек.

Хадисте: “Муктаждыгы кем, калыңы аз жана перзент көрүүсү оңой (тез бой кат болуучу) болгон аял берекелүү аял” депайтылган.

Тек насабы төмөн, динге көңүлкош болгон сайыпжамал (чырайлуу) аялга үйлөнүү да жакшы эмес. Эркек аялдын байлык-мансабына карап үйлөнсө кор болушу мүмкүн. Байлыгы жана чырайы үчүн турмуш курса кедей жана муктаж болот. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз с.а.в.: “Кимде-ким аялдын мал-дүйнөсү жана жамалы үчүн үйлөнсө, анын мал-дүйнөсүнөн да, жамалынан да куру калат. Ал эми кимде-ким диндар аялга үйлөнсө, Аллах Таала анын мал-мүлкүн жана жамалын да насип кылат” деп айткан.

Ошондой эле турган-турпаты, жамалы көрүмсүз, жашы бир топ улуу жана мүнөзү начар, адепсиз, ошондой эле өзүн бийик сезген аялдарга үйлөнүү да жакшы эмес. Даанышмандар айтышкан: үйлөнүүчүнүн болочоктогу келинчеги өзүнөн төрт нерседе төмөн болгону жакшы; жашта, турпатта, байлыкта жана этибарда: ал эми төрт нерседе өзүнөн жогору болгону жакшы; чырайда, адепте, мүнөздө жана такыбалыкта.

Жигит кызга тойдун алдында атыр-упа, сурма сыяктуу кооздоно турган нерселерден белекке жиберсин. Өзү да анын үстүнө кирерде жыттуу нерселерден себинсин. Ошондой эле никеден мурда бир ирет жолугушуулары сүннөт. Анткени никеден мурда өкүлдөрдүн алдында бири-бирин бир көрүүсү, тойдон кийин өз ара жакын үлпөт болууларына себеп болот. Үйлөнүп жаткан жигит өзүнүн махрамдары – энеси, эже-карындашы, атасы менен бир тууган эжелери, таежеси аркылуу болочок келинчегинин жүзүн көрсө болот.

Даярдаган: Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев