Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ислам шариятында кутбага тийиштүү маселелер тафсир, хадис, усулу фикх илимдерине таандык булактарда түрдүү усул жана көлөмдө айтып өтүлгөн. Кутба – диний насаат окуу дегени. Кутбалар жума намазында шарт жана айт намаздарында сүннөт. Бул салттуулукту Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам)дын өзү жүргүзүп койгон.
Мусулман аалымдары түрдүү хадистерди негиз кылып, бардык кутбалар эки бөлүктөн турушу керек деген чечимге келген. Биринчи кутбада тарбиялык иштер, экинчисинде болсо бардык мусулмандар үчүн дуба кылынат. Эки кутбада да Аллах Тааланын жалгыздыгы жана Мухаммад (соллаллоху алайхи ва саллам)дын элчилиги жөнүндөгү күбөлүк берүүлөр, ошондой эле Аллах Таалага алкыш-мактоолор менен Пайгамбарыбызга салам жана салаваттар болуш керек. Булардын бардыгы кутбанын өзөгү болуп саналат. Кутбанын шарттарынан бири ал өз убагында окулуусу.
«Хатиб» сөзү араб тилинде خُطْبَةُ ,خطابةُ сөзүнөн алынган болуп, исми фаъилде خَاطِبُ көптүк түрү خُطابٌ болуп, «сүйлөөчү», «доклад окуучу» деген маанилерди билдирет. Мындан сырткары «чечен», «сөзмөр», маанилеринде да келет. Терминде болсо, инсандарды туура жолго баштоочу, жакшылыкка жолдоочу маанилерин билдирет. Кутба Исламда негизинен жакшылыкка чакыруучу даават дегени. Кутба кылуучу киши насаатчы деп да айтылат. Тагыраагы насаат айтуу жаатында адис болгондорду да «хатиб» делет.
Исламдагы алгачкы насаатчылардан бири Хасан Басрий (рахимахуллах) болгон. Ал киши араб болбосо да араб тилинин атактуу устазына айланган. Адамдардын жүзүнө карап пикирин окуп алчу жана муну насатта учурунда көз жаздымында калтырган эмес.
Төмөнкү ибадаттарда кутбанын орундарын келтирип өтөбүз.
Эки айт намаздары.
Айт намаздарын окуу дурус жана важиб болушу үчүн жума намазынын шарттары анда да табылышы керек. Бир гана эки нерседе жуманын шарттарына дал келбейт:
1. Айт намаздарында кутба окуу сүннөт болсо, жума намазында болсо шарт.
2. Жума намазында кутба намаздан мурда окулса, айт намаздарында намаздан кийин окулат. Кутбага киришүүдөн мурун имамдын бир аз олтуруусу айт намаздарынын кутбасында макрух болуп саналат. Ал эми жума намазынын кутбасында баштоодон мурда бир аз олтуруу сүннөт болуп саналат.
Рамазан айт намазынын кутбасында имам мусулмандарга фитр садакасынын өкүмдөрү жөнүндө маалымат берсе, курман айт намазынын кутбасында курмандык чалуу жана такбир ташрик өкүмдөрүнөн таалим берет. Имам-хатиб найт амаздан мурунку жумада жамаатты ушул нерселерден эскертүү берип коюусу зарыл.
Рамазан айт намазы биринчи күнү окулбай калс, экинчи күнү окулат. Курман айт намазы болсо маалым үзүрлүү себептерден улам биринчи күнү окулбай калса, экинчи же үчүнчү күнү окулса боло берет. Бирок үзүрсүз кечиктирүү макрух болуп саналат.
ХУТБАДАГЫ АЙРЫМ БИДЪАТТАР
Жума жана эки айт намаздары шариятта амалга кийирилгенден бери аларда имам-хатибдер тарабынан кутба айтылып келет. Мына ушул кутбалардын да куду намаздар сыңары мазхабтар арасында айырмасы жана ар бир мазхабдын өзүнө таандык адептери бар. Имам-хатибдер намаздарда мазхабтардын өзүнө таандык адептерине этибарлуу болушу канчалык зарыл болсо, кутбаларда да этибарлуу болуусу максатка ылайык болот албетте.
Биздин ханафий мазхабта кутба зикир болуп саналат. Себеби Аллах Тааланын аяты ушуга ачык далалат кылат:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَاةِ مِنْ يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَىٰ ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ ۚ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ ﴿٩﴾
“Оо ыйман келтиргендер! Эгер жума күнү (жума) намазга азан чакырылса, тезинен Аллахты зикирине (мечиттерге) шашылгыла. Соода-сатык ишиңерди токтоткула эгер билсеңер, өзүңөр үчүн жакшысы мына ушул”. (Жума сүрөсү; 9-аят)
Ушул аяттагы “Аллахтын зикири” дал кутбанын өзү экендигин Имам Матуридий (рахимахуллах) мындай баяндаган:
ثُمَّ لِمَا قَالَ: (فَاسْعَوْا إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ) لَمْ يَقُلْ: إِلَى الْجُمْعَةِ، وَلَا: لَهَا، دَلَّ أَنَّهُ قَبْلَ الْجُمْعَةِ ذِكْرٌ يَجِبُ الْاِسْتِمَاعُ إِلَيْهِ وَالسَّعْيُ إِلَيْهِ، فَدَلَّ هَذَا عَلَى فَرْضِيَةِ الْخُطْبَةِ، وَلَمَّا ثَبَتَ أَنَّ الْمَعْنَى مِنْ قَوْلِهِ: (إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ) أَنَّ الْمُرَادَ بِالذِّكْرِ اَلْخُطْبَةُ، ثُمَّ أَمَرَ بِتَرْكِ الْبَيْعِ لِلسَّعْيِ إِلَى هَذَا الذِّكْرِ وَالْاِسْتِمَاعِ لَهُ، ثَبَتَ أَنَّ الْكَلَامَ فِي وَقْتِ الْخُطْبَةِ مَكْرُوهٌ، وَفِي وَقْتِ خُرُوجِ الْإِمَامِ إِلَى الْخُطْبَةِ مَكْرُوهٌ أَيْضًا، لِأَنَّ الْبَيْعَ فِي ذَلِكَ الْوَقْتِ مَكْرُوهٌ، وَالْبَيْعُ كَلَامٌ فَيَدُلُّ عَلَى كَرَاهِيَةِ كُلِّ كَلَامٍ. فَيَدُلُّ عَلَى صِحَّةِ مَذْهَبِ أَبِي حَنِيفَةَ رَحِمَهُ اللَّهُ فِي أَنَّهُ يَلْزَمُ السُّكُوتُ إِذَا خَرَجَ الْإِمَامُ حَتَّى يَفْرُغَ مِنَ الصَّلَاةِ، وَعَلَى ذَلِكَ وَرَدَ الْحَدِيثُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ: «مَنْ أَتَى الْجُمْعَةَ ثُمَّ صَلَّى مَا شَاءَ أَنْ يُصَلِّيَ، ثُمَّ إِذَا خَرَجَ الْإِمَامُ سَكَتَ إِلَى أَنْ يَفْرُغَ مِنْ صَلَاتِهِ كَانَ ذَلِكَ كَفَّارَةٌ لَهُ مِنَ الْجُمْعَةِ إِلَى الْجُمْعَةِ وَزِيَادَةُ ثَلَاثَةِ أَيَّامٍ بَعْدَهُ»، فَلَمَّا أَلْزَمَهُ السُّكُوتُ مِنْ حِينَ يَخْرُجُ الْإِمَامُ إِلَى أَنْ يَفْرُغَ مِنَ الصَّلَاةِ، ثَبَتَ أَنَّ الْكَلَامَ فِي ذَلِكَ الْوَقْتِ مَكْرُوهٌ، وَاللَّهُ أَعْلَمُ
“Андан соң, эмне үчүн “жумага” же “жума үчүн” дебей “Аллахтын зикирине шашылгыла” деп айтты? Бул жума намазынан мурда ага кулак төшөө жана ага шашылуу важиб боло турган зикир бар экендигине далалат кылат. Бул болсо кутбанын фарз экендигине далил болот. “Аллахтын зикирине” деген Аллахтын сөзүндөгү маани-мазмуунунан зикирден максат кутба экени өз тастыгын табат.
Андан кийин, мына ушул зикирге аракет кылуу жана аны угуу үчүн соода-сатыкты токтотууга буюрусуунан болсо кутба учурунда сөз сүйлөө макрухтугу келип чыгат. Имам кутба окууга чыгып жаткан учурда сүйлөө макрух. Себеби бул учурда соода-сатык макрух. Соода-сатык болсо сүйлөшүү менен болот. Демек, бардык сүйлөшүүлөр макрух болуп саналат. Бул болсо Имам Аъзам Абу Ханифанын (рахимахуллах) имам кутабага чыккандан баштап намаз окуп болгонго чейин сукутту зарыл деп санаган мазхабынын туура экендигине далил болот.
Буга далил катары Пайгамбардан (соллаллоху алайхи ва саллам) хадис келген. Ал зат (соллаллоху алайхи ва саллам): “Ким жумага келсе, анан каалаганча намаз окуса, кийин имам кутбага чыккандан намаз бүткөнгө чейин сукут кылса, мына ушул иши бул жумадан кийинки жумага чейин жана андан кийинки үч күн да кошулуп, (күнөөлөрүнө) каффарат болот”, деп айткан.
Имам кутбага чыккандан намаз бүткөнгө чейин сукут зарыл болсо, демек бул учурда сүйлөшүүнүн макрухтугу өз тастыгын табат. Аллах Билүүчү!” (Абу Мансур Ал-Матуридий. Таъвилату ахли сунна – Тафсир ал-Матуридий. 10-том. – Бейрут: “Дар ал-кутуб ал-илмия”, 2005. – Б. 12-13).
Ханафий мазхабында эмне үчүн кутбаны зикир деп туруп, ашыкча кеп-сөз макрух (тахримий) деп алынды? Себеби көпчүлүккө маалым, жуманын кутбасы башка күндөрү ошол учурда окулушу керек болгон негизи төрт рекеттен турган бешимдин эки рекетинин ордуна өтөт, деген сөздөр бар. Тагыраагы, жума намазы эки рекет, эки хутба кошулуп, бешимдин төрт рекет фарзынын ордуна өтөт. “Халабий кабийр”де мындай делинет:
فَهِىَ مِنْ جُمْلَةِ الْخُصُوصِيَّاتِ الَّتِى لَمْ يَرِدْ إِسْقَاطُ الرَّكْعَتَيْنِ إِلَّا مَعَ مُرَاعَاتِهَا فَكَانَتْ شَرْطًا
“Демек, кутба атайын амалдардан болуп, аны аткаруу менен гана эки рекеттин сакит болгону маалым болот. Ошондуктан кутба шарт болуп саналат” (Ибрахим Ал-Халабий кабийр ал-мусамма Гунят ал-мутамаллий. 1-том. – Бейрут: “Дар ал-кутуб ал-илмия”, 2020. – Б. 449).
Бул жөнүндө Абу Бакр Ал-Касанийдин (рахимахуллах) “Бадаъиус санаъи” китебинде мындай делинген:
وَعَنْ عُمَرَ وَعَائِشَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا أَنَّهُمَا قَالَا: إِنَّمَا قَصُرَتِ الصَّلَاةُ لِأَجْلِ الْخُطْبَةِ أَخْبَرَا أَنَّ شَطْرَ الصَّلَاةِ سَقَطَ لِأَجْلِ الْخُطْبَةِ وَشَطْرُ الصَّلَاِة كَانَ فَرْضًا فَلَا َيْسُقُط إِلَّا ِلَتَحْصِيلٍ مَا هُوَ فَرْضٌ وَلِأَنَّ تَرْكَ الظُّهْرِ بِالْجُمْعَةِ عُرِفَ بِالنَّصِّ وَالنَّصُّ وُرِدَ بِهَذِهِ الْهَيْئَةِ وَهِيَ وُجُوبُ الْخُطْبَةِ، ثُمَّ هِيَ وَإِنْ كَانَتْ قَائِمَةٌ مَقَامَ رَكْعَتَيْنِ شَرْطٌ وَلَيْسَتْ بِرُكْنٍ؛ لِأَنَّ صَلَاةَ الْجُمْعَةِ لَا تُقَامُ بِالْخُطْبَةِ فَلَمْ تَكُنْ مِنْ أَرْكَانِهَا
“Азирети Умар жана Айша (разияллоху анхума)дан риваят кылынган. Алар жума намазынын кыскаруусу кутба үчүн болгон деп туруп, намаздын жарымы кутба себептүү сакит болгон деп кабар беришкен. Намаздын жарымы фарз болот. Демек, фарз (кутба) ишке ашмайын (жума) толук адаа таппайт (аткарылган болуп саналбайт). Анткени бешимдин жума себебинен окулбашы далил менен маалым. Далил болсо мына ушундай абалда, тагыраагы кутбанын важиб экени менен келген. Соң, кутба эки рекеттин ордуна өтсө да, ал шарт болуп саналат, рукн эмес. Себеби жума намазы кутбанын өзү менен гана толук болбойт, демек ал рукн боло албайт” (Абу Бакр Ал-Касаний. Бадаъиус санаъи фи тартибиш шараъи. 1-том. – Бейрут: “Дар ал-кутуб ал-илмия”, 1986. – Б. 262).
Бул жерде “кутба шарт болуп саналат, рукн эмес”, делинүүсүнүн себеби шарттар ошол амалдан мурда аткарылат, ошондуктан жума кутбасы намаздан мурда окулат. Ошондой эле, маселен даарат намаздын шарты болуп саналат, кутбанын өзү намазга шарт болгону себептүү даарат анын шарты болуп саналбайт. Кыбылага карап олтуруу намазда шарт, кутбада шарт эмес. Маселен намазда сүйлөп ийсе намаз бузулат. Кутбада сүйлөп ийсе күнөөкөр болот бирок кутба бузулбайт.
Эки кутба эки рекеттин ордуна өткөндүктөн кутбанын жүрүшүндө сүйлөшүү жана сүйлөшүү тыюу салынганы окуучуларга эми түшүнүктүү болгондур. Ушул жерде имам-хатибтер этибар кериши керек болгон үч маселе келип чыгат:
БИРИНЧИ МАСЕЛЕ
Ханафий мазхабында эки хутба эки рекеттин ордунда болгону үчүн намаздагы кыраат жана тилават сыяктуу окулуш керек. Жогоруда өттү, кутба зикир. Аны жөнөкөй сөз же адамдарга хитаб-кайрылуу деп түшүнбөс керек. Кутба ичинде, маанисиине караганда адамдарга үгүт-насаатты камтыса да, аяттардан сырткары хадистер жана ибараттуу сөздөр менен дубалар айтылса да, ал адамдарга хитаб-кайрылуу эмес, маъруза-баян да эмес мазхабыбызда айтылгандай ал Аллахтын зикири жана жуманын шарттарынан бири болуп саналат. Андыктан, ал адамдарга кайрылуу таризинде эмес, жөнөкөй сөз сыяктуу да эмес, намаздагы кыраат жана тилават сыңары – тажвид жана кыраат эрежелерине ылайык Аллахтын зикири катары жаттан окулуш керек.
ЭККИНЧИ МАСЕЛЕ
Ханафий мазхабында эки кутба эки рекет ордунда болгону үчүн да аны арабча окуш керек. Кутба арасында калк түшүнсүн деген максатта арабчадан башка тилде кутба кылуу макрух болуп саналат. Калк түшүнсүн, деп намазды кыргызча окуп бербейсиз го!
Кутба калыс ибадат, Аллахтын зикири. Ибадатты жана зкикирди арабчадан башка тилде кылынбайт. “Кудайга алкыш-мактоо болсун!”, “Кудайга алкыш-мактоо болсун!” деп же “Кудайым ар кандай айыптардан аруу!”, “Кудайым ар кандай айыптардан аруу” деп же “Аллах Улуу!”, “Аллах Улуу!” деп тасбех айтпайсыз, “Алхамду лиллах!” же “Субаханаллах!” же “Аллаху акбар!” деп зикир айтасыз. Кантсе да, дал кутбада мындай кылганга болбойт. Ошондуктан Имам Нававий (рахимахуллах) кутбанын арабча болуусун шарт деген:
حَمْدُ اللهِ تَعَالَى رُكْنٌ فِي خُطْبَةِ الْجُمْعَةِ وَغَيْرِهَا، لَا يَصِحُّ شَيْءٌ مِنْهَا إِلَّا بِهِ. وَأَقَلُّ الْوَاجِبِ: اَلْحَمْدُ للهِ. وَالْأَفْضَلُ أَنْ يَزِيدَ مِنَ الثَّنَاءِ، وَتَفْصِيلُهُ مَعْرُوفٌ فِي كُتُبِ الْفِقْهِ، وَيُشْتَرَطُ كَوْنُهَا بِالْعَرَبِيَّةِ
«Аллах Таалага алкыш-мактоо айтуу жума кутбасында жана башка кутбаларда рукн. Кутбалар алкыш-мактоосуз туура болбойт. Важиб болгон өлчөмдүн эң азы «Алхамду лиллах!», деп айтуу. Алкыш-мактоону көбүрөөк айтуу абзел албетте. Анын кеңири түшүндүрмөсү фикх китепдеринен маалым. Кутбанын арабча болуусу шарт кылынат» (Имам Нававий. Ал-Азкар. – Каир: «Дар ал-мисрия ал-лубнания», 1988. – Б. 160).
Кутбаны арабчадан башка тилде да айтуунун, кутбага башка тилди аралаштыруунун макрух экени ханафий мазхабында бир добуштан келишим кылынган десек болот.
Бул маселенин негизи намаздагы такбири тахриманы же кыраатты арабчадан башка тилде айтуу мүмкүнбү же мүмкүн эмеспи деген маселеге барып такалат. Имам Аъзам Абу Ханифанын (рахимахуллах) эки шакирти – Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммад (рахимахумаллах)тар араб тилинде болуусун шарт кылган. Имам Аъзам Абу Ханифа (рахимахуллах) алгач муну зарылдык учурунда башка тилде да жаиз деген болсо да, акыры өз пикиринен кайтып эки шакиртинин сөзүн макулдаган (Ибн Аабидин. Радд ал-мухтар ала дуррул мухтар шархи танвир ал-абсар. 2-том. – Бейрут: «Дар ал-кутуб ал-илмия», 2003. – Б. 184-185).
Ошентип, ханафий мазхабында ибадаттардын бардык түрү араб тилинде болушу керектиги айтылып келет. Алардан, Ибну Аабидийн (рахимахуллах) «Радд ал-мухтарда», жадагалса «Дубанын арабчадан башка тилде болуусу арам болот» деген тексттин түшүндүрмөсүндө бул жөнүндө кенен-кесири жазып, аягында мындай деген:
وَلَا يَبْعُدُ أَنْ يَكُونَ الدُّعَاءُ بِالْفَارِسِيَّةِ مَكْرُوهًا تَحْرِيمًا فِي الصَّلَاةِ وَتَنْزِيهًا خَارِجَهَا
«Дуба (маселен) фарсча боло турган болсо, намаз ичинде макруху тахримий болушу, намаздан сырткарыда болсо макруху танзихий болушу (фикхтен) узак эмес» (Ибн Аабидийн. Радд ал-мухтар алаа дуррул мухтар шархи танвир ал-абсар. 2-том. – Бейрут: «Дар ал-кутуб ал-илмия», 2003. – Б. 234).
Жөнөкөй дубанын арабчадан башка тилде кылынуусун макрух делгенден кийин кутбага арабчадан башка тил аралашуусу албетте жана шек-күмөнсүз макрух болот. Ханафийлердин белгилүү аалымдарынан болгон Абдулхай Ал-Лакнавий (рахимахуллах) өзүнүн «Мажмуъат ал-фатава» аттуу китебинде кутбаны арабчадан башка тилде айтылуусун макуруху тахримий экенин далилдер менен ачып берген жана кеминде үч жолу фатва чыгарган (Абдулхай Ал-Лакнавий. Мажмуъат ал-фатава. 2-том. – Лакнау: «Юсуфий» басмаканасы, 1907. – Б. 242-252; 262-267; 377-381).
Абдулхай Ал-Лакнавий (рахимахуллах) келтирген эң күчтүү жана негиздүү далил, сахаба, таабеъийн жана табаъа таабеъийндер жашаган доордо канчадан-канча араб болбогон мамлекеттер фатх болду, ал жерлерде жума жана айт намаздары окулду. Бирок кутбаны жергиликтүү элдин тилинде болгону накыл кылынган эмес. Кийинчерээк да мусулмандар Хиндустан, Индонезия сыяктуу өлкөлөрдө Исламды таратты, бирок бул жерлерде да кутбаны жергиликтүү элдин тилинде окуу болгон эмес. Ансыз деле кутбаны араб тилинде айтуу суннату муаккада болуп саналат. Ал зикир, мавъиза же насаат эмес. Бир гана XIX кылымдын аягына келип мазхабсыздар тарабынан кутбаларды жергиликтүү калктын тилинде кылынуусу керек, алар арабчаны түшүнбөйт дегенге окшош бидъаттар ортого чыкты. Мына ушундай реалдуулуктардан бири Түркияда бир мөөнөт азанды түрк тилинде айтылуусу жолго коюлду. Негизинен алганда, азан, кутба жана намаз сыяктуу шаръий амалдарды карапайым калктын деңгээлине түшүрүү эмес, тескерисинче ошол карапайым калктын өзүн түшүнө турган деңгээлге көтөрүү керек болот. Ошондуктан, бүгүнкү замандын эң күчтүү факихтери да кутбаны арабчадан башка тилдерде айтылуусун макрух жана бидъат деп санап келет.
اتَّفَقَ الْفُقَهَاءُ عَلَى أَنَّ الْأَوْلَى أَنْ تَكُونَ الْخُطْبَةُ بِاللُّغَةِ الْعَرَبِيَّةِ، وَلَكِنَّهُمُ اخْتَلَفُوا فِي اشْتِرَاطِ ذَلِكَ، عَلَى ثَلَاثَةِ أَقْوَالٍ :
الْقَوْلُ الْأَوَّلُ :
أَنَّهُ يُشْتَرَطُ أَنْ تَكُونَ بِالْعَرَبِيَّةِ لِلْقَادِرِ عَلَيْهَا وَلَوْ كَانَ السَّامِعُونَ لَا يَعْرِفُونَ الْعَرَبِيَّةَ .
وَبِهَذَا قَالَ الْمَالِكِيَّةُ، وَهُوَ الْمَذْهَبُ وَالْمَشْهُورُ عِنْدَ الْحَنَابِلَةِ .
انْظُرْ: "الْفَوَاكِهَ الدَّوَانِي" (1/306)، "كَشَّافُ الْقَنَّاعِ". (34/2)
الْقَوْلُ الثَّانِي :
يُشْتَرَطُ أَنْ تَكُونَ بِالْعَرَبِيَّةِ لِلْقَادِرِ عَلَيْهَا، إِلَّا إِذَا كَانَ السَّامِعُونَ جَمِيعًا لَا يَعْرِفُونَ الْعَرَبِيَّةَ فَإِنَّهُ يَخْطُبُ بِلُغَتِهِمْ .
وَهَذَا هُوَ الصَّحِيحُ عِنْدَ الشَّافِعِيَّةِ، وَبِهِ قَالَ بَعْضُ الْحَنَابِلَةِ .
انْظُرْ: "الْمَجْمُوعَ" لِلنَّوَوِيِّ (4/522) .
الْقَوْلُ الثَّالِثُ :
يُسْتَحَبُّ أَنْ تَكُونَ بِالْعَرَبِيَّةِ وَلَا يُشْتَرَطُ، وَيُمْكِنُ لِلْخَطِيبِ أَنْ يَخْطُبَ بِلُغَتِهِ دُونَ الْعَرَبِيَّةِ :
وَهُوَ قَوْلُ أَبِي حَنِيفَةَ وَبَعْضُ الشَّافِعِيَّةِ .
انْظُرْ: "رَدُّ الْمُخْتَارِ" (1/543)، "الْمَوْسُوعَةُ الْفِقْهِيَّةُ" (180/19)
Факихтер кутбанын араб тилинде болуусунун абзел экендигине бир добуштан келишим кылган. Бирок анын араб тилинде болуусун шарт кылууда өз ара талаш болгон. Ал жөнүндө үч түрдүү сөз бар:
Биринчи сөз: арабчаны сүйлөй алган хатиб болсо кутбанын арабча болуусу шарт, мейли тыңшоочулар араб тилин түшүнбөсө да. Бул сөздү Имам Малик (рахимахуллах) айткан. Ошондой эле бул сөз ханбалий мазхабында да белгилүү. (Караңыз: «Ал-Фавакихуд даваний» 306/1. «Кашшафул каннаъ» 2/34).
Экинчи сөз: арабчаны сүйлөй алган хатиб болсо кутбанын арабча болуучсу шарт. Бирок тыңшоочулардын бардыгы арабчаны түшүнбөсө кутбаны алардын тилинде кылат. Бул шафеъий мазхзабындагы туура делинген сөз жана кээ бир ханбалийлер да ушул пикирде. (Караңыз: «Мажмуъун Нававий» 4/522).
Үчүнчү сөз: кутбанын арабча болуусу мустахаб, шарт эмес. Хатиб арабча эмес өз тилинде кутба кылса боло берет. Бул Имам Абу Ханифа жана кээ бир шафеъийлердин сөзү. (Караңыз: «Раддул мухтар» 543/1. «Ал-Мавсуъатул фикхия» 19/180).
ҮЧҮНЧҮ МАСЕЛЕ
Ханафий мазхабында эки кутба эки рекет ордунда болгону үчүн аны жаттан окуш керек болот. Кутбаны китепке карап же кагазга карап окуп болбойт. Биздин ханафий мазхабында намазда бир нерсени китепке карап окулса, намаз бузулат деген эреже бар. Ошондуктан, фикхий китептерибизде: وَالْقِرَاءَةُ مِنْ مُصْحَفٍ – «Куранга карап кыраат кылуу»ну намазды бузуучу амалдардын катарына киргизилген (Убайдуллах ибн Масъуд ибн Таж аш-шарийъа Ал-Бухарий. Мухтасар ал-викая. – Казан: «Хаританов», 1911. – Б. 18).
Андыктан, каарылар отуз пара Куранды таравих намаздарында толук жаттан окуп берет. Кыйналышса да, лукма алса да жаттан окушат. Ошондуктан, кутба эки рекеттин ордуна өтсө, аны да китеп же кагазга карап окуп берүү мүмкүн эмес. Башка мазхабдарда болсо намазда Куранга карап кыраат кылуу жаиз болгондугунан алардын имамы да, артынан кулак төшөп катасын текшерип турган самиъ да катмы Куранда Куранга карап окуп имамдык кыла берет, самиъси да катмы Куранда Куранга карап барып, андан окуп лукма да бере берет. Ошон үчүн, имам-хатибтери кагазга карап кутба кыла беришет.
Ханафийлер алардын бул иштеринен таасирленип калышы керек эмес. Себеби кутбаны кагазга карап окуп берүү биздин миң жылдык ата-бабаларыбыздын диний салттуулугуна жана ханафий мазхабына терс. Андыктан, «Ал-азхар» аалымдарынан бири, мурда шафеъий мазхабында болуп, кийинчерээк ханафий мазхабына өткөн улуу шайх Али Махфуз (рахимахуллах) өзүнүн бидъат темасы жана бидъаттарга багышталган «Ал-Ибдаъ фи мазарр ал-ибтидаъ» аттуу белгилүү китебинде кагазга карап кутба окууну заманабызда пайда болгон эң жагымсыз бидъаттардан экенин белгилеп кеткен (Шайх Али Махфуз. Ал-Ибдаъ фи мазарр ал-ибтидаъ. – Рияз: «Мактабат ар-рушд», 2000. – Б. 160-161).
Айрым имам-хатибдер ар жуманын темасына ылайыктап кутбаны өзгөртмөкчү болот, анын натыйжасында темага таандык маалыматтарды жазып алып, кагазга карап окуп берүүгө аракет кылат. Ар жумада темага карап кутбаны да өзгөртүү жакшы албетте. Бирок мурдакы имам-хатибдер андай кылган эмес, эгер темага карап кутбаны өзгөрткөн болсо да өзү токуган кутбасын жаттан окуп берип жоомарттык, зээндүүлүк жана билимдүүлүгүн көрсөтө алган. Алардын жаттан окуп берген мына ушундай кырдаалдарда жаңылык болгон кутбалары тарыхий китептерде мактоо жана алкоолорго татыктуу болгон.
Сахабалар, таабеъийндер жана табаъа таабеъийндер доорунда да ар жумада кутба окулган, кайталоо эмес, ар бир кутба өзүнө таандык өзгөчөлүктө болгон. Бирок мурунку салихтерден эч бири кагазга карап кутба окуганы накыл кылынган эмес. Бүгүнкү имам-хатибдерибиз да чет-элдеги кайсы бир мазхабдагы хатибдердин кандайдыр күмөндүү иштерин туурабай, өзүбүздүн даанышман ата-бабалаыбыздан өрнөк алса, кайыр-берекеге, урмат жана ыраазычылыкка көмүлүп калмак.
Сөз келип калганда айтмакчы болгон дагы бир маселе бар. Ал да болсо, мечиттерибиздеги минбарлар мусулман архитектурасына дал болуусу зарыл. Мечиттерибиздеги кутба окуганда чыга турган минбарлар кайрыдиндердин ибадатканаларындагы сыяктуу дубалды тешип, арттан айланып өтүп же жамбаштан көтөрүлүп, поп жогору чыгып олтура турган «минбарларына» окшоп калбаш керек. Чиркөөлөрдө бул кафедра, трибуна, амван, решетка, аба-вуа, пульпит, pulpit, cancelli, ambon, ambo, bima, bimah делет жана ал мусулмандардын мирбарларына такыр окшобойт.
Пайгамбарыбыздан (соллаллоху алайхи ва саллам) жана он төрт кылымдан ашуун убакыттан бери мусулмандардан салт болуп келе жаткан мусулман архитектурасындагы минбарлар өзүнчө жасатылган жана мечиттерге көрк берип турган. Мечит куруучулар жана демөөрчүлөрүнөн ошондой эле кайра реставрация кылып жаткандардан Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) мубарек минбарын унутпас керектигин суранып кетмекчибиз.
КОРУТУНДУ
Ислам дининде кутбалар ибадат – фарз жана сүннөт болуп саналат. Алар ибадат болгондугунан, Куран тили болгон араб тилинде болуусу, кыраат жана тилават сыяктуу жаттан – кагазга карабай окулуусу шарт. Кутба бул зикир, ал адамдарга насаат кылына турган мавъиза эмес, баян жана мавъизалар болсо кутбадан айырмаланып жергиликтүү калктын тилинде жана намазкөйлөрдүн көпчүлүгүнүн тилинде болушу керек. Биздин ханафий мазхабында бул бардык кутбаларга таандык өкүм. Миң жылдык диний баалуулук катары имам-хатиб болуп келген ата-бабаларыбыз да ушул өкүмгө кыйшайбай амал кылып келген. Бүгүнкү имам-хатибтерибиз да кутбага байланыштуу мына ушул диний баалуулуктарга этибарлуу болсо деген үмүттөбүз.
ЖУМА КУТПАСЫ ЖАНА АНЫН ӨКҮМДӨРҮ
Кутба атайын сыпаттагы ваъз жана насаатты өз ичине алган зикир. Кутба жума намазынын сахих болуу шарттарынан бири.
Жогоруда Жума сүрөсүндө келген аяттагы «Аллахтын зикиринен» мурат кутба экендигин айтып өткөнбүз. Демек ошол аят менен жума кутбасынын өкүмү фарз болот.
Имам Абу Ханифанын (рахимахуллах) пикиринде кутбанын рукну «хамд» же «тасбех» же «тахлил» айтуу. Андыктан хатиб кутба ниетинде «хамд» же «тасбех» же «тахлил» айтса кутба эсебине өтөт.
Имам Абу Юсуф жана Имам Мухаммаддардын (рахимахумаллах) пикиринде болсо кутбанын рукну «кутба» деп атала турган таризде узун болуусу шарт кылынат. Эки имамдын пикиринде анын фарз өлчөмү «ташаххуд» өлчөмүндөй болушу керек.
Ханафий мазхабында кутбанын зарыл болгон эрежелерине амал кылууда алты шарт бар.
Биринчи шарт – кутбаны ниет кылуу.
Хатиб кутба ниетинде хамду-сана айтса кутбага өтөт. Эгер кутба ниетинен башка максатта хамду-сана айтса кутба эсепке өтпөйт. Албетте ниеттин орду дил. Хатиб «Бүгүн жума, жума намазы үчүн кутба шарт» экендигин билип, минбарга чыкканда ошол шартты амалга ашыруу ниетинде хамду-сана айтуусу керек болот.
Эгер хатиб чүчкүргөнү үчүн хамд айтса же таң калгандан тасбех айтса жана ушуну менен чектелсе кутба дурус болбойт. Себеби, анын хамд жана тасбехи кутба ниетинде болгон жок.
Экинчи шарт – жума намазынын убагы кирүүсү
Намаздын фарз болуу себеби, анын убактысы. Убакыт кирүүсүнөн мурда жума намазын окуу дурус болбогондой, анын шарты болгон кутбаны да убагынан мурда айтуу дурус эмес. Кутба завалдан кийин болуусу шарт.
Үчүнчү шарт – жума намазынан мурун болуусу
Жума кутбасы жуманын сахих болуу шарты болгону үчүн кутба жума намазынан мурун болуусу шарт. Эгер биринчи жума намазын окуп, соң кутба окулса жума намазды кайрадан окуу зарыл болуп калат.
Төртүнчү шарт – кутбаны жарыя үн менен окуу
Хатиб кутбаны башкалар уга турган даражада бийик үн менен окуусу шарт. Эгер өзү уга турган даражада купуя кутба кылса дурус болбойт.
Бешинчи шарт – кутбаны уга турган кишинин болуусу
Сахих-туура кавл-сөзгө караганда кутбаны угууда эң кеминде бир киши болуусу шарт кылынат. Ал бир киши жума окуу ага фарз болбогон кул болсо да же оорулуу болсо да же мусапыр болсо да жетиштүү болот. Эгер бир балакатка жете элек жалгыз жаш бала же жалгыз аял кишиге кутба окуса дурус болбойт. Кутбаны жамааттын баары угуусу шарт эмес.
Алтынчы шарт – кутба менен намаздын ортосун ажыратуучу нерсе болбостугу
Кутба жана жума намазынын ортосунда жеп-ичүү же гусл кылуу сыяктуу ортону ажыратуучу нерсе болбостугу шарт кылынат. Эгер кутбадан кийин ортону ажыратуучу иштерден бирин кылып койсо кутбаны кайрадан окуп, анан жума намазын окуу шарт болуп калат.
Кутбанын шарттарынан сырткары төмөнкү сүннөт жана адептерди сактоо менен кутба кемелине жетет.
Хатиб минбарга чыгып кутба кылуусу сүннөт. Хатибтин минбардын үстүнө чыгып кутба кылуудан көздөлгөн максат кутбаны айланага жеткирүү жана анын жакшы угулуусун камсыздоо. Минбар намаз окуучуга карата мехрабтын оң жагында болуусу мустахаб болот. Эгер минбар жок болсо бийик жерге чыгып кутба окуйт.
Хатиб кутба окуу учурунда даараттуу болушу сүннөт. Эгер дааратсыз абалда кутба окуса макрухтук менен жаиз болот. Эгер жунуб абалда кутба окуса, кутбаны кайрадан окуу мустахаб болот.
Ошондуктан, кутба учурунда даараттуу болуу шарт эмес. Себеби, кутба намаз эмес. Намазга шарт кылынган нерсе кутбага шарт кылынбайт. Маселен хатиб кыбылага жүздөнбөйт, тескерисинче адамдарга жүздөнүүсү сүннөт.
Хатиб кутбаны баштоодон мурда минбарга чыгып олтуруусу сүннөт. Хатиб минбарга чыккан учурда дароо кутбага киришпейт. Аны менен бирге ханафий мазхабында хатиб минбарга чыкканда адамдарга салам бербейт.
Жума күнү жума намазына эки жолу азан айтылат. Биринчи азан жуманын төрт рекет сүннөтүнөн мурда, экинчиси кутбадан мурда айтылат.
Хатиб кутбаны ордунан туруп окушу Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи ва саллам) доорунан бери кылымдан-кылымга өтүп келе жаткан сүннөт. Эгер эки кутбада же алардын биринде олтурган абалда кутба окуса жума намаз жаиз боло берет.
Үзүрсүз кутбаны олтуруп окуу сүннөткө каршы болгондугу үчүн макрух болуп саналат. Абдуллах ибн Масъуддан (разияллоху анху) кутбаны тик туруп окуу жөнүндө суралганда «Жума» сүрөсүнүн 11-аятын тилават кылган.
وَإِذَا رَأَوْا تِجَارَةً أَوْ لَهْوًا انْفَضُّوا إِلَيْهَا وَتَرَكُوكَ قَائِمًا ۚ قُلْ مَا عِنْدَ اللَّهِ خَيْرٌ مِنَ اللَّهْوِ وَمِنَ التِّجَارَةِ ۚ وَاللَّهُ خَيْرُ الرَّازِقِينَ ﴿١١﴾
«Алар сооданы же оюн-зоокту көргөндө ошого карай умтулуп, сени (мечиттин минбарында) тик турган абалыңда таштап кете беришти. Айткын; «Аллахтын алдындагы насибиңер оюн-зооктон да, соода-сатыктан да артык. Эң жакшы ырыскы Берүүчү да Аллах Өзү!».
Мадинада жума намазынын алдынан Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) минбарда кутба кылып турганда соодагерлердин кербени жүк менен келип калат. Муну көргөн кишилердин көпчүлүгү Пайгамбарды (соллаллоху алайхи ва саллам) минбарда тик турган абалда таштап кетип калды. Аятта кутба тик турган абалда кылынуусуна далалат бар.
Азирети Усман (разияллоху анху) жана башкалардын олтуруп кутба кылуусу оорулулугу же өмүрүнүн акырында картайып калган себеби менен болгон.
Хатиб кутба учурунда бир нерсеге жөлөнүп туруусу мустахаб. Меккеге окшош күч жана кылыч менен фатх кылынган жайларда кылычка таянып кутба кылынат. Эгер Мадинага окшош сулх-келишим, тынчтык жолу менен фатх кылынган жайларда аса-таякка таянып кутба кылынат.
عَنِ الْحَكَمِ بْنِ حَزْنٍ الْكُلَفِيِّ رَضِي اللهُ عَنْهُ قَالَ: شَهِدْنَا الْجُمُعَةَ مَعَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَامَ مُتَوَكِّئًا عَلَى عَصًا أَوْ قَوْسٍ، فَحَمِدَ اللهَ وَأَثْنَى عَلَيْهِ بِكَلِمَاتٍ خَفِيفَاتٍ طَيِّبَاتٍ مُبَارَكَاتٍ، ثُمَّ قَالَ: يَا أَيُّهَا النَّاسُ، إِنَّكُمْ لَنْ تُطِيقُوا وَلَنْ تَفْعَلُوا كُلَّ مَا أُمِرْتُمْ بِهِ، وَلَكِنْ سَدِّدُوا وَأَبْشِرُوا. رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ وَأَحْمَدُ.
Ал-Хакам ибн Хузн Ал-Кулафий (разияллоху анху) риваят кылат: «Биз Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) менен чогуу жума намазына катыштык. Ал зат таякка же жаага таянган абалда Аллах Таалага жеңил, таза жана мубарек сөздөр менен хамду-сана айтты. Анан: «Эй адамдар! Албетте силер, эч качан өзүңөр буюрулган нерселерди аткарууга (толук) күчүңөр жетпейт жана аларды (толук таризде) кыла да албайсыңар. Бирок (бири-бириңерге) багыт берип, (бири-бириңерге жеңил кылып көрсөтүп) кызыктырып сүйүнчүлөй бергиле!» деп айтты». (Абу Давуд жана Имам Ахмад риваяты)
Хатиб кутба кылуу учурунда кыбылыдан бурулуп, коомго жүздөнүп туруусу сүннөт.
عَنْ عَدِي بْنِ ثَابِتٍ، عَنْ أَبِيْهِ، عَنْ جَدِّهِ، قَالَ: كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ إذَا قَامَ عَلَى الْمِنْبَرِ اسْتَقْبَلَهُ أَصْحَابُهُ بِوُجُوهِهِمْ. رَوَاهُ ابْنُ مَاجَةَ.
Адий ибн Сабит атасынан, ал чоң-атасынан риваят кылат: «Ал: «Набий (соллаллоху алайхи ва саллам) качан минбарга чыкса жүзү менен сахабаларга жүздөнөт болчу» деп айтты». (Ибну Маажа риваяты)
Кутба коомго оор келбей турган даражада жеңил болуусу кутбанын адеби. Кутба «орто муфассал» сүрөлөрүнөн узун болбош керек.
عَنْ عَمَّارِ بْنِ يَاسِرٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، يَقُولُ: »إِنَّ طُولَ صَلَاةِ الرَّجُلِ وَقَصْرَ خُطْبَتِهِ مَئِنَّةٌ مِنْ فِقْهِ الرَّجُلِ، فَأَطِيلُوا الصَّلَاةَ وَاقْصِرُوا الْخُطَبَ«. رَوَاهُ مُسْلِمٌ.
Аммар ибн Ясир (разияллоху анху) риваят кылат: «Мен Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтып жатканын уктум: «Кишинин намазынын узун жана кутбасынын кыска болуусу анын илимине далалат кылуучу белги. Ошондуктан намазды узун жана кутбаны кыска кылгыла!». (Муслим риваяты)
Кутбаны узун кылууда коомго оор келет. Жаз күндөрүндө ысыкта туруп калуу себебинен оорлук жүзөгө келсе, кыш мезгилинде болсо күндүн кыскалыгы жана сууктугу оор болот.
Кутба төмөнкү нерселерди өз ичине алуусу кутбанын сүннөт жана адептеринен. Аларды же алардан бирин таштап коюу макрух болот.
1. Кутбаны хамду-сана менен баштоо.
2. Кутбада эки шахадат келмесин айтуу.
3. Кутбада Набий (соллаллоху алайхи ва саллам)га салават айтуу.
4. Хулафаи рашидийндердин акысына дуба кылуу.
5. Насыйкат кылуу: күнөө иштерден кайтаруу жана нажатка чакыруу.
6. Курандан жок дегенде бир аят тилават кылуу.
7. Кутбаны эки жолу окуу.
8. Эки кутба ортосунда жеңил олтуруу.
9. Экинчи кутбада да хамду-сана жана салават айтуу.
10. Момун-мусулмандардын акысына дуба жана истигфар айтуу.
Абибилла Кадырбердиев, КМДБнын алдындагы диний агартуу башкармалыгынын башчысы