«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
МУСУЛМАНДЫН МУСУЛМАН ҮСТҮНДӨГҮ АКЫСЫ
بسم الله الرحمن الرحيم
الْحَمْدُ للهِ الَّذِي قَالَ فِى كِتَابِهِ الشَّرِيف "وَالْمُؤْمِنُونَ وَالْمُؤْمِنَاتُ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ" وَالصَّلاَةُ وَالسَّلاَمُ عَلَى رَسُولِهِ الَّذِي قَالَ فِى حَدِيْثِهِ الْمُنِيف "الْمُؤْمِنُ لِلْمُؤْمِنِ كَالبُنْيَانِ يَشُدٌّ بَعْضُهُ بَعْضًا" وَعَلَى آلِهِ وَصَحْبِهِ أَجْمِعِينَ أَمَّا بَعْدُ
Динибиз момун-мусулмандарды бири-бири менен ага-инидей жакшы мамиледе болууга буюрат. Аллах Таала Куранда мындай деп айткан:
إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ فَأَصْلِحُوا بَيْنَ أَخَوَيْكُمْ وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُون
سورة الحجرات الاية-10
“Албетте, момундар өз-ара ага-ини бир тууган. Демек, силер эки бир тууганыңардын ортосун оңдоп койгула жана Аллахтан корккула, ажеп эмес ырайымына арзысаңар!” (Хужурат сүрөсү; 10-аят).
Эки мусулмандын ортосун ислах кылуу – негизинде аларга жардам кылуу болуп саналат. Себеби, кээде жөнөкөй түшүнбөстүктөрдөн улам өз-ара келишпестиктер жүзөгө келет. Бул жөнүндө Куранда Аллах Таала мусулмандарды бири-бирине жардам берүүгө үндөп, мындай деп айткан:
...وَتَعَاوَنُوا عَلَى الْبِرِّ وَالتَّقْوَى وَلَا تَعَاوَنُوا عَلَى الْإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَاتَّقُوا اللَّهَ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
“... Жакшылык жана такыба иштерде бири-бириңерге жардам бергиле. Душманчылык жана күнөө иштерде бири-бириңерге көмөктөшпөгүлө. Аллахтан корккула! Албетте Аллахтын азабы катуу!” (Маида сүрөсү; 2-аят).
Демек, динибиз өз-ара биримдикке жана жакшы иштерде бири-бирибизге көмөкчү болууга буюрса, адегенде өз акыбыз жана мойнубуздагы башка мусулмандардын акысын да жакшы билишибиз керек болот. Бул жөнүндө Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деген:
"حَقُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ سِتٌّ، قِيلَ مَا هُنَّ يَا رَسُولَ اللَّهِ قَالَ: إِذَا لَقِيتَهُ فَسَلِّمْ عَلَيْهِ، وَإِذَا دَعَاكَ فَأَجِبْهُ، وَإِذَا اسْتَنْصَحَكَ فَانْصَحْ لَهُ، وَإِذَا عَطَسَ فَحَمِدَ اللَّهَ فَشَمِّتْهُ، وَإِذَا مَرِضَ فَعُدْهُ، وَإِذَا مَاتَ فَاتَّبِعْهُ،"
(رواه الامام مسلم عن أبي هريرة رضي الله عنه)
Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам): “Мусулмандын (башка) мусулмандын мойнунда акысы алтоо”, – деди. Ошондо сахабалар: “Алар кайсылар, эй Расуулаллах?” – деп сурашты. Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Качан учуратып калсаңар ага салам бергиле; силерди (үйүнө кокнокко) чакырса, аны кабыл кылгыла (чакырылган жайга баргыла); насаат сураса, акыл-насаат айткыла; чүчкүрүп “Алхамдулиллах” десе, ага жооп кайтаргыла; ооруп калса, аны зыярат кылгыла; кайтыш болсо жаназасына катышкыла”, – деди (Абу Хурайрадан Имам Муслим риваяты).
Имам Тирмизийдин риваятында, насаат сураса, акыл-насаат айткыла, дегендин ордуна, «өзүнө ыраа көргөн нерсени ага да ыраа көрсүн» деген текст келген.
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) бул хадисте үммөттөрүнө бири-бириндеги болгон акысын үйрөтүүдө:
1. Качан учуратып калсаңар, ага салам бергиле;
Эки мусулман учурашканда алардын биринде экинчисине салам берүү акысы бар. Алардан кайсы бири биринчи салам берсе, сооптун көбүн алат жана наркы бир тууганына алик алууну важиб кылат.
2. Эгер силерди (үйүнө кокнокко) чакырса, аны кабыл кылгыла (чакырылган жайга баргыла);
Бир мусулман той же маараке кылып, кайсы бир таанышын чакырса, ошол чакырыкка жооп берип, ал мааракеге баруу – чакырылгандын мусулмандык бурчу болуп саналат.
عن عبد الله بن عمر رضي الله عنهما أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال إذا دعي أحدكم إلى الوليمة فليأتها. رواه البخاري
Абдуллах Умар (разияллоху анхума) риваят кылат: Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам); «Силерден кимдир бирөө нике тоюна чакырылса, ага барсын», деп айткан». (Имам Бухарий риваяты)
3. Эгер насаат сураса, акыл-насаат айткыла;
Кыйын кырдаалга түшкөн инсан кеңеш сураганда, ага туура кеңеш берүү да мусулманчылык милдет болуп саналат.
4. Эгер чүчкүрүп “Алхамдулиллах” десе, ага жооп кайтаргыла;
Ар бир мусулман чүчкүргөндө “Алхамдулиллах” деп айтуусу керек. Анын чүчкүрүп хамд айтканын уккан кишиге болсо, ага “Ярхамукаллоху” (Аллах сизге ырайым кылсын) деп, жакшылык тилөөсү – мусулмандык милдети.
5. Эгер ооруп калса, аны зыярат кылгыла
Ооруп калган мусулманды зыярат кылып, көңүл сурап, анын дубасын алуу – оболу мусулмандык акысы болсо, экинчиден – инсандык бурчу да болуп саналат.
عن ثوبان رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم قَالَ: "إنَّ المسلِمَ إذا عادَ أخاه المسلِمَ، لم يَزَلْ في خُرْفَةِ الجَنَّةِ حتى يرجعَ"، قيل: يا رسولَ اللهِ ما خُرْفَةُ الجنَّةِ؟، قال: "جَنَاها". صحيح] - [رواه مسلم]
Савбан (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам); «Чындыгында бир мусулман ооруп калган башка бир мусулман бир тууганын зыярат кылса, ал жерден кайтканга чейин бейиш бакчаларыныда болот», деп айтты. (Имам Муслим риваяты)
أورد أبو داود رحمه الله حديث أنس بن مالك رضي الله عنه أن قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: (من توضأ فأحسن الوضوء، وعاد أخاه المسلم محتسباً بُوْعِد من جهنم مسيرة سبعين خريفاً) قلت: يا أبا حمزة! وما الخريف؟ قال: العام.
Анас (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам): «Ким жакшылап даарат алып, сооп үмүтүндө оорулуу мусулман бир тууганын зыярат кылса, тозоктон жетимиш харийф алыстатылат», деп айткан. Мен: «Эй Абу Хамза, харийф эмне?» деп сурадым. «Жыл», деп жооп берди» (Абу Дауд риваяты).
مَن شَهِدَ الجَنازَةَ حتَّى يُصَلِّيَ، فَلَهُ قِيراطٌ، ومَن شَهِدَ حتَّى تُدْفَنَ كانَ له قِيراطانِ، قيلَ: وما القِيراطانِ؟ قالَ: مِثْلُ الجَبَلَيْنِ العَظِيمَيْنِ. الراوي : أبو هريرة | المحدث : البخاري | المصدر : صحيح البخاري
Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам): «Ким жаназага намаз окулганга чейин катышса, ага бир кыйрат сооп берилет, ким кабырга койгонго чейин катышса, ага эки кыйрат сооп берилет», деп айтты. «Эки кыйрат деген эмне?» делинди. «Эки үлкөн тоого окшош нерсе», деди». (Имам Бухарий риваты).
6. Эгер кайтыш болсо жаназасына катышкыла;
Кайтыш болгон мусулманды шарият өкүмдөрүнө ылайык жерге берүү – мусулмандын мойнундагы фарзи кифая. Ошондуктан бир мусулмандын көз жумгандыгы кабарын уккан ар бир мусулман мүмкүнчүлүгүнүн барынча жаназага катышууга аракет кылуусу шарт.
Аллах Таалага чексиз алкыш-мактоолор болсун, ата-бабаларыбыз кылымдар бою мына ушундай момун-мусулманчылыктын акыларына амал кылып келген. Айыл-ападагы багуучусун жоготкон адамдардын ал-абалынан кабар алуу, жашы улуулардын кызматында болуу сыяктуу жакшы иштер калкыбыздын кан-канына сиңип кеткен.
Мусулман инсан башка мусулмандын кандайдыр бир күнөө иш кылып жатканынан кабардар болсо, аны бул иштен кайтаруусу да – момундук милдети болуп саналат. Себеби бул – чыныгы достуктун белгиси. Анас ибн Маликтен (разияллоху анху) риваят кылынган хадисте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деген:
لَا يُؤْمِنُ أَحَدُكُمْ حَتَّى يُحِبَّ لِأَخِيهِ مَا يُحِبُّ لِنَفْسِهِ
(رواه الامام البخاري والامام مسلم)
“Силерден бирөө өзүнө ыраа көргөн нерсесин башка мумсулман бир тууганына да ыраа көрмөйүнчө толук момун боло албайт”, – деди” (Имам Бухарий жана Имам Муслим риваяты).
Сопу Аллаяр да бул жөнүндө мындай деген:
Кудайдын тыйганынан тыйсаң эгер,
Бир туугандык ошол болот – билсең эгер.
Мусулман инсандын мойнундагы башка мусулмандардын акыларынан бири – анын тилинен жана колунан башкалар ызаа көрбөөсү керек. Аллаама ибн Ражаб (рахимахуллах) өзүнүн “Жамеъул улум вал хикам” аттуу китебинде: “Мусулманга ар кандай көрүнүштө, сөз менен болсун, амал менен болсун, жок жерден ызаа берүү – адал эместиги шаръий далилдерде өз тастыгын тапкан”, – деп айткан.
Мусулман инсандын башкалардан үч күндөн ашык араздабоосу да мусулманчылык акылардан болуп саналат. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө арзыбаган себептерден улам бири-бири менен араздашып жүргөн момун-мусулмандар көзгө ташталып турат.
Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) хадисте:
لَا يَحِلُّ لِمُسْلِمٍ أَنْ يَهْجُرَ أَخَاهُ فَوْقَ ثَلَاثٍ، فَمَنْ هَجَرَ فَوْقَ ثَلَاثٍ فَمَاتَ دَخَلَ النَّارَ
(رواه الامام ابو داود والامام احمد عن أبي هريرة رضي الله عنه)
“Мусулман кишиге өз бир тууганынан үч күндөн ашык араздашып жүрүүсү – адал эмес. Ким үч күндөн ашык араздаса жана ошол абалында кайтыш болсо, тозокко кирет”, – деди (Имам Абу Давуд жана Имам Ахмад риваяты).
Мындан башка дагы мусулмандардын бири-бириндеги акылары көп болуп, төмөндө алардан кээ бирин санап өтөбүз:
Эч бир мусулмандын үйүнө анын уруксатысыз кирбөө;
• Карыяларды сыйлоо, аалымдарды урмат кылуу жана жаш балдарга ырайымдуу болуу;
• Карызын убагында берүү;
• Аманатка кыянат кылбоо;
• Берген убадасын аткаруу;
• Кошуначылык акыларына амал кылуу;
• Мусулман бир тууганынын жаны, малы жана абийрине жете турган зулумду тосуу жана ага бул иште жардам берүү;
• Бардык мусулмандардын айыбын бекитүү;
• Ар бир мусулманга карата кичи-пейил болуу, алардан эч бирине текебердик кылбоо.
Азыркы тездик менен өнүгүп бараткан техника кылымында турмушубуздун ажырагыс бөлүгүнө айланган автотранспортторду башкарууда да бири-бирибиздин акыларыбызга көңүл бурушубуз шарт. Көчөлөргө орнотулган светофорлорго амал кылуу, жөө өтмөктөрдөн өтүп жаткан жөө жүргүнчүлөргө жол берүү жана башка жолдо жүрүү эрежелерине амал кылуу да мусулманчылык милдеттерибизден бири. Жадагалса светофордун кызыл чырагында аракеттенүү – өзгөнүн акысын аяк асты кылуу болуп саналат. Демек, айдоочулар гана эмес жөө жүргүнчүлөр да эрежелерге катуу амал кылуусу талап кылынат. Айрыкча, автомобил жолдору жана көчөлөрдө жүргөн той картеждери башка жүргүнчүлөрдүн эркин аракеттенүүсүнө тоскоолдук кылып, алардын коопсуздугуна коркунуч салууда. Натыйжада кээ бир учурларда айрым көңүлсүз жагдайларга дуушар кылууда. Негизинде мындай аша чапкандык шариятыбызда да, мыйзамда да караланган. Аз гана этибарсыздык кылып, башка адамдардын акысын аяк асты кылып койбошубуз керек.
Абибилла ажы Кадырбердиев
(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)