Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Муфтият | 03.07.2021
  • |

НАМАЗДАН КИЙИНКИ ИБАДАТТАР

НАМАЗДАН КИЙИНКИ ИБАДАТТАР
1-бөлүк 

Намаздан кийин имамдын коомго карап олтурушу, соң баары жамаат болуп зикрлерди айтып, анан колдорун көтөрүп дуа кылуусу, коомдун имамдын дуасына «Амийн, амийн» деп турушу жөнүндө суроолор көп. Мурда бул маселеде эч кеп-сөз көтөрүлбөйт болчу. Бирок кийинки учурда түрдүү себептерге көрө суроолор көбөйүп кетти.

Негизи бул маселе мурда эле чечилген, мухаддистер өз китептеринде бул жааттагы хадистерди риваят кылган жана факихтер да өз китептеринде аны жакшылап анализдеп, чечип беришкен.

Бирок кээ бир адамдар бул маселени кайра дагы көтөрүп, адамдардын башын оорутушууда.

Эмне кылалы, демек абал ушундай экен өзү билбеген нерсени инкар кылгандар бар болсо, кайра-кайра убара болуудан башыбыз чыкпайт.

Биз ойлойбуз, ибадаттын маңызы болгон дуаны Аллаахка жакындатуучу курбат экенин, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) айтканындай, дуанын өзү ибадат экендигин билбеген мусулман киши болбосо керек.  

Андыктан урматтуу окурмандарга кенен-кесири түшүнтүрүп берүүнү эп көрдүк.

Киришүү жана максат: Ар бир мамлекеттин өзүнө жараша үрп-адаттары, каада-салты жана өзүнүн улуттук өзгөчөлүктөрү болот. Ислам шарияты болсо мына ушундай улуттук өзгөчөлүктө эгер Аллахтын Китеби жана Анын элчисинин сүннөтүнө каршы келе турган нерсе болбосо, аны колдоп-кубатталат, аны жокко чыгарбайт. Тескерисинче, үрп-адаттарды да шарияттын бир булагы катары шаръий өкүмдөрдү алуу усулдарына киргизет. Айрыкча, бул нерсе биздин Ханафий мазхабында – Имам Аъзам Абу Ханифанын (рахматуллохи алайхи) мазхабында ачык-айкын өз ордун тапкан. Эгер ошол үрп-адат аят же хадисте айтылган болсо же мейли ошол үрп-адат өтө заъийф хадистерде келген болсо да, анда аны Ханафий мазхабы ачык эле колдойт. Эгер алар аахад, бирок сахих хадистерде келген болсо, анда Ханафий мазхабы аларды сүннөт даражасына көтөрөт.

Эй Аллаахтын пенделери, силерден Аллаах Тааланын ушул сөзүн укпаган киши болбосо керек. Аллаах Таала айтат: 

وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ ۚ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ ﴿٦٠﴾

«Роббиңер: «Мага дуа кылгыла, силерден кабыл кыламын. Албетте, Менин ибадатымдан кибр кылгандар (баш тарткандар) жаханнамга кор болгон абалда киришет», деди». (Гаафир сүрөсү, 60-аят)

Аллаах Таала бир топ саалих пенделерди сыпаттап айткан төмөнкү аятын да окубаган же укпаган адам болбосо керек:

… إِنَّهُمْ كَانُوا يُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ وَيَدْعُونَنَا رَغَبًا وَرَهَبًا ۖ وَكَانُوا لَنَا خَاشِعِينَ ﴿٩٠﴾

«Акыйкатта, алар жакшы иштерге шашып, Бизге үмүт жана коркуу менен дуба кылышат эле. Алар Бизге таазим кылып моюн сунушкан». (Анбия сүрөсү, 90-аят).

Ушул аяттар дуа кылууга болгон буйруктун катъий-чечкиндүү экендигине далаалат кылат.

Намаз окугандан соң адат катары сакталып келе жаткан бир канча ибадаттар бар. Айрыкча биздин журтта бул нерсе эч качан ташталган эмес, жадагалса таштагандарды жаман көрүшкөн. Бул ибадаттар  – тасбех (Субханаллах), тахмид (Алхамдулиллах) жана такбир (Аллоху акбар) айтуу менен бирге Аятал курсий жана башка аяттарды окуп, жамаат менен бирге дуа кылып, анан туруп кетиш.

Биз төмөндө айта турган намаздан кийинки окулуучу адаттагы зикир ибадаттар. Айта кетчү нерсе, намаздан кийин аткарылчу бул амалдар Ханафий мазхабындагы аалымдардын пикиринде мустахаб, кылса сооп, кылбаса күнөө жок.

Эгемендүүлүк жылдарында жаңы чыккан “илимдүүлөр”, улуттук каада-салттарга кайдыгер карай турган, жадагалса аларды төмөн көз менен караган кээ бир адамдар кылымдар бою аткарып келе жаткан амалдарыбыз – намаздан кийинки жамаат болуп окула турган тасбех, тахмид жана такбирлерибиз жана Аятал курсий ошондой эле жалпы жамаат биргеликте дуба кылуусу сыяктуу жакшы ниетте, сооп үмүтүндө кыла турган иштерибизди бидъатга чыгарышты, негизи жок нерсе дешти. Кудум ата-бабаларыбыз эч нерсе билбеген, бул иштерди өздөрү ойлоп чыгарган имиш. А бирок негизинде алар айткандай эмес эле…

Кээ бирөөлөр болсо көпчүлүк кылып жаткан амалдарды тоотпостон жаңы жол таап алышты. Ачыгы башка мазхаб жана фиркаларды ээрчий баштады. Тагыраагы, фарз окулуп бүткөндөн соң сүннөттөрдү окубай эле тасбехтерге кирише башташты.  Негизинде, ихтилафтарга берилбей көпчүлүк турган тарапта болуу жакшыраак эмеспи?!

Ханафий мазхабынын китептеринде намаздан кийинки тасбихат жана аяттар ошошндой эле жамааттык дуа кылуу зикирлери:

Биз жогоруда кыскача айтып өткөнүбүздөй, темабыз боюнча фикхий китептерибиз да бир топ сөздөрдү айткан. Алардан “Жавхарат ун-наййира”, “Муниййат ул-мусоллий”нин шархы саналган эки чоң-кичүү “Халабий”лер, “Дурр ул-мухтар” жана анын хашия шархы саналган муътабар “Радд ул-мухтар” сыяктуу чыгармаларда кенен-кесири айтылат.  

Аларда айтылуусуна караганда, фарздын артынан сүннөтү бар намаздар болсо фарздан соң үч жолу“Астагфируллах” дегенден соң “Аллохумма анта-с-салам ва миңкас салам, табаарокта яаа зал жалаали вал икром” дуасынан башканы кошпойт. Андан ашыкча бир нерсе кошуу макрух (танзихий) болот. “Фатх ул-кадийр”де мындан бир аз ашыкча кылса жааиз делинген. Имам ал-Халваий мына ушуну ыктыяр кылган. Имам Бухарий жана Имам Муслимдин риваяттарында келүүсүнө караганда, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) фарз намаздарынан соң кээде: “Лаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лаху. Лаху-л-мулку ва лаху-л-хамду ва хува ъалаа кулли шайъин кодийр. Аллохумма лаа мааниъа ли-маа аътойта ва лаа муътийа ли-маа манаъта ва лаа йанфаъу за-л-жадди минка-л-жидду”, деп айткан. Булар жөнүндө “Муниййат ул-мусоллий”дин шархтарында кеңири токтолгон.

Фарздардан кийин сүннөт болбосо, андан кийин, эгер сүннөтү болсо, сүннөттү окуп алгандан соң “Аят ал-курсий” жана “Чаркул” сүрөлөрү (“Каафирун”, “Ихлас”, “Фалак”, “Наас” сүрөлөрүн окуу, буларды окуу бизде адат болгон эмес), анан 33 жолу тасбех (Субхааналлах), 33 жолу тахмид (Алхамдулиллах) жана 33 жолу такбир (Аллоху акбар) айтуу менен 99 га жеткирип, тахлил менен (“Лаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лаху. Лаху-л-мулку ва лаху-л-хамду ва хува ъалаа кулли шайъин кодийр”) жүзгө толтуруп окуу мустахаб бололт.

Тасбихтерди отуз үчтөн ашыруу макрух болот, деп да айтышкан. Буга себеп, адепсиздик болот дешкен. Анткни, бул Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) аткарган санына ашыруу болуп саналат. Бул кудум эле дааратта дене мүчөлөрүн үч жолудан ашык жуу макрух болгонго окшош. Ошентсе да кээ бир аалымдар отуз үчтөн ашырса макрух эмес, дешкен. Ашыкчасына сооп боло берет, анткени Аллах Таала Куранда:

مَنْ جَاءَ بِالْحَسَنَةِ فَلَهُ عَشْرُ أَمْثَالِهَا ۖ … ﴿١٦٠﴾

“Ким бир жакшылык-сооптуу иш кылса, ага он эсе көбөйтүп берилет” (Анъам сүрөсү, 160-аят), деген.

Имам фарздан соң жогорудагы: “Аллохумма анта-с-салам…” дуасын окугандан соң, эгер фарздын артынан сүннөтү болсо, өз жайынан бир аз жылып сүннөт окуйт, антпесе макрух болот, деп да айтылган. “Фатаваи Казыхан”да (бул китеп “Хааниййа” деп да аталат) айтылгандай, имам кыбыланын, тагыраагы мехрабтын оң тарабына, артындагы намазкөйлөрдөн көзү менен караганда алардын сол тарабына бир аз жылып, анан сүннөт окуйт. Имамдан башкалар фарз окуган жайында туруп эле сүннөт окуусу макрух болбосо да, фарз окуган ордунан бир аз оң же сол тарапка жылып анан сүннөт окуусу жакшыраак. “Бадайиъ ус-санайиъ”де муну мустахаб деген болсо, “Мухит”де сүннөт делинген.

وَرَوَىٰ أَبُو دَاوُدَ (854) وَابْنُ مَاجَه (1417) ـ وَاللَّفْظُ لَهُ ـ عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : (أَيَعْجِزُ أَحَدُكُمْ إِذَا صَلَّى أَنْ يَتَقَدَّمَ أَوْ يَتَأَخَّرَ أَوْ عَنْ يَمِينِهِ أَوْ عَنْ شِمَالِهِ ، يَعْنِي : السُّبْحَةَ) أَيْ : صَلَاة النَّافِلَةِ بَعْدَ الْفَرِيضَةِ

Абу Хурайрадан (разияллоху анху) риваят: Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Силер (фарз) намаз(ын) окуп болгондон соң (андан кийинки сүннөттү окууда), астына же артка, оңго же солго (бир аз) жылып алууга жарабайсыңарбы”, деп айтты. (Имам Абу Давуд жана Имам Ибну Маажа риваяты)

Имам фарз жана андан кийинки сүннөттөрдү окугандан соң тасбихтерди жана башка зикирлерди жамаатка жүздөнүп алып окуйт. Кыбылага карап олтуруп алуусу макрух жана бидъат. Бул сөз “Хулосат ул-фатава”да келген. Жадагалса “Бадайиъ ус-санайиъ” китебинде мындай кылууну сүннөт, ал эми жамаатка жүздөнбөй кыбылага карап олтурууну макрух делинген.

Жамаатка жүздөнүп олтурганда артта имамдын тушунда масбуктар – кийин келип кошулгандар намаз окуп жаткан болсо, анда имам жамаатка толук жүздөнбөй, кырын салып олтурат. Анткени адамдын жүзүнө карап намаз окуу макрух болуп саналат. Азирети Умар (разияллоху анху) дал мына ушундай абалда намаз окуган адамга да жана ага толук жүздөнүп олтурган адамга да балдак урдурган. “Радд ул-мухтар”да бир канча саптын аркасында намаз окулуп жатса, имамдын жамаатка жүздөнүп олтуруусунун зыяны жок, делинген. Себеби, ортодогу саптарда болгон адамдар сутра мисалында болот.

Намаздан кийинки тасбихтер артында сүннөт болбогон фарздардан соң, эгер сүннөтү болсо, анда ошол сүннөттөрү окулгандан соң айтылат:

Биздин журтубузда кылымдар бою тасбихтер фарздардан соң сүннөтү болсо, аларды окуп болгондон кийин айтылып келген. Бул жогоруда айтылгандай, фикхий китептерибизде да өз тастыгын тапкан. Сүннөттү белгилүү “Аллохумма анта-с-салам…” дуасынан ашыкча олтуруп, кечиктирүү макрухи танзихий деп айтылган. Себеби намаздан кийинки зикирлердин баянындагы хадистерден бул зикирлердин сүннөттөн мурда айтылуусуна далаалат жок, тескерисинче сүннөт намаздарынан соң айтуу керектиги келип чыгат. Анткени, сүннөттөр фарздарга иттисал-жабышкан, аларды ээрчиген намаздар болуп, фарздарды толтуруу үчүн машруъ болгон. Демек, фарздардан аларды ажыратып болбойт.

Имам Муслим азирети Айша (разияллоху анха) энебиз жана Савбандан (разияллоху анху) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) ар намаздан кийин үч жолу истигфар айтып, ошол эле:

اللّٰهُمَّ أَنْتَ السَّلَامُ وَ مِنْكَ السَّلَامُ تَبَارَكْتَ يَا ذَا الْجَلَالِ وَالْإِكْرَامِ

“Аллохумма антас-салам. Ва минкас-салам. Табаарокта я зал-жалаали вал-икром” дуасын окугандыгы айтылат. Жадагалса, Айша энебиз ал зат жалаң мына ушул дуаны окуу өлчөмүндөй гана олтургандыгын эске алган. Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи ва саллам) хадистерин изилдөөчүлөрүнүн айтуусуна караганда, бул фарздан кийин окулчу, эгер фарздан кийин анын сүннөтү болсо, сүннөттөн мурда окулчу дуа. Анткени  Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи ва саллам) ар бир намаздын фарзы жана сүннөтү бүткөндөн соң окулчу дуа жана тасбихтерди хадис китептеринде өзүнчө айтылган.  Маселен, Имам Муслимдин өзү Мугийра ибн Шуъба жана Абдулла ибн Зубайр сыяктуу сахабалардан кылган риваятында Пайгамбарыбыздын (соллаллоху алайхи васаллам) бүгүнкү күндө биз окуп адат кылган:

لآ إِلٰهَ إِلَّا اللهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلٰى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

“Лаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лаху. Лаху-л-мулку ва лаху-л-хамду ва хува ъалаа кулли шайъин кодийр” деген тахлилди башка дуалар менен кошуп окуу адаты болгондугу айтылат. Демек, Айша энебиздин (разийаллоху анха) айтканы, Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) фарздан кийин сүннөткө туруудан мурда үч жолу истигфар айтып, “Аллохумма антас-салам. Ва минкас-салам. Табаарокта я зал-жалаали вал-икром” дуасын окуган. Андан соң туруп сүннөт окуган. Эгер фарздан кийин сүннөтү болбосо, анда коомго жүздөнүп олтуруп, дуалар жана башка тасбихтерди айткан.

Тасбихтер:

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ: أنَّ فُقَرَاءَ المُهَاجِرِينَ أَتَوْا رَسولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالُوا: ذَهَبَ أَهْلُ الدُّثُورِ بِالدَّرَجَاتِ العُلَىٰ، وَالنَّعِيمِ المُقِيمِ، فَقالَ: وَما ذَاكَ؟ قَالُوا: يُصَلُّونَ كَمَا نُصَلِّي، وَيَصُومُونَ كَمَا نَصُومُ، وَيَتَصَدَّقُونَ وَلَا نَتَصَدَّقُ، وَيُعْتِقُونَ وَلَا نُعْتِقُ، فَقالَ رَسولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: أَفَلَا أُعَلِّمُكُمْ شَيئًا تُدْرِكُونَ بِهِ مَنْ سَبَقَكُمْ وَتَسْبِقُونَ بِهِ مَنْ بَعْدَكُمْ؟ وَلَا يَكونُ أَحَدٌ أَفْضَلَ مِنكُم إلَّا مَن صَنَعَ مِثْلَ مَا صَنَعْتُمْ قَالُوا: بَلَىٰ، يَا رَسولَ اللهِ قَالَ: تُسَبِّحُونَ، وَتُكَبِّرُونَ، وَتَحْمَدُونَ، دُبُرَ كُلِّ صَلَاةٍ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ مَرَّةً. قَالَ أَبُو صَالِحٍ: فَرَجَعَ فُقَرَاءُ الْمُهَاجِرِينَ إِلَىٰ رَسولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالُوا: سَمِعَ إخْوَانُنَا أَهْلُ الأمْوَالِ بِمَا فَعَلْنَا، فَفَعَلُوا مِثْلَهُ، فَقالَ رَسولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: ذٰلِكَ فَضْلُ اللهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ. رَوَاهُ مُسْلِمٌ.

Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: “Мухаажирлердин кедей-жакырлары Пайгамбарыбызга (соллаллоху алайхи васаллам) келишти да: “Малы көп байлар жогорку даражаларга жана туруктуу нээмат-ырахатка бизден озуп кетишти”, дешти. Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Мындай деп айтууңардын себеби эмне?”, деди. Алар айтышты: “Биз намаз окугандай алар да намаз окушат, орозо кармаганыбыздай эле орозо кармашат. Бирок алар садака кылышат, биз болсо кыла албайбыз, алар кул азат кылышат, биз дагы эле кыла албайбыз”. Ошондо Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Силерге бир нерсе үйрөтөйүнбү?! Аны менен силерден озуп кеткендерге жетип аласыңар жана өзүңөрдөн арттагыларга жеткирбейсиңер. Силерден эч ким абзел боло албайт, бир гана ал нерсени силердей кылып аткаргандар силерге тең келүүсү мүмкүн”, деди. Мухаажирлер: “Андай болсо аны бизге үйрөтүңүз эй Аллахтын Элчиси!”, дешти.   Ал зат (солллаллоху алайхи васаллам) аларга: “Ар бир намаздан кийин отуз үч жолудан тасбих, такбир жана тахмид айтасыңар”.

Ушул хадисти Абу Хурайрадан (разияллоху анху) уккан ровий Абу Салих айтат: “Кедей мухаажирлер кайра Пайгамбарыбызга (соллаллоху алайхи васаллам) келип: “Бай бир туугандарыбыз биздин жасап жаткандарды угуп, алар да кыла баштады”, деп айтышты.  Ошондо Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Эми, бул Аллахтын фазлы (берешендиги), каалаган адамга Өзү берет!”, деди”. (Имам Муслим риваяты)

Ушул хадистен сахабалардын доорунда эле байлар да кедейлер да бирин-бири көрүп, намаздан кийин жамаат болуп тасбихтерди айтышканы маалым болууда!

Жогорку хадисти Имам Бухарий жана Имам Муслим риваят кылган. Бирок Бухарий жана Имам Насаийдин риваятында тасбих, такбир жана тахмиддерди отуз үч жолудан эмес он бир жолудан айтуу буюрулган. Ошондо жалпы отуз үч болуп калат.

Имам Муслим Каъб ибн Ужрадан (разияллоху анху) кылган риваятында Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деген:

عَنْ كَعْبِ بْنِ عُجْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنْ رَسُولِ اللهِ ﷺ قَالَ: مُعَقِّبَاتٌ لاَ يَخِيبُ قَائِلُهُنَّ أَو فَاعِلُهُنَّ دُبُرَ كُلِّ صلاةٍ مكتُوبةٍ: ثَلاثٌ وثَلاثونَ تَسْبِيحَةً، وثَلاثٌ وثَلاثونَ تَحْمِيدَةً، وَأَرْبَعٌ وثَلاثونَ تَكبِيرةً رَوَاهُ مُسْلِمٌ.

Ар бир намаздын артынан соопторду ээрчитип келүүчү изме-из окулуучу калималар бар! Ар бир фарз намазынан кийин аларды айткан же аткарган адамдар кор болбойт. Алар отуз үч жолу тасбих “Субхааналлах” , отуз үч жолу тахмид “Алхамдулиллах” жана отуз төрт жолу такбир “Аллоху акбар” айтуу”.  

Бул хадисти Имам Термизий, Имам Насаий жана Имам Дарокутнийлер да риваят кылышкан.

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ عَنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ: «مَنْ سَبَّحَ اللهَ فِي دُبُرِ كُلِّ صَلَاةٍ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ، وَحَمِدَ اللهَ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ، وَكَبَّرَ اللهَ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ فَتِلْكَ تِسْعَةٌ وَتِسْعُونَ، وَقَالَ تَمَامَ الْمِائَةِ: لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، غُفِرَتْ خَطَايَاهُ وَإِنْ كَانَتْ مِثْلَ زَبَدِ الْبَحْرِ» (صَحِيحُ مُسْلِمٍ: [597]).

Имам Муслим азирети Абу Хурайрадан (разияллоху анху) риваят кылган хадисте, Расуулуллах (солаллоху алайхи васаллам): “Ким ар намаздан кийин Аллахка отуз үч жолу тасбих, отуз үч жолу тахмид жана отуз үч жолу такбир айтса, мунун баары токсон тогуз болот, андан кийин жүзгө толтуруп: “Ла илааха иллаллоху, вахдаху, ла шарийка лаху, лаху-л-мулку ва лаху-л-хамду ва хува ъалаа кулли шайˈин кодийр” десеанын каталары (күнөөлөрү) деңиздин көбүгүндөй (көп) болсо да кечирилет”, деди”.

Бул хадисти Имам Абу Давуд жана Имам Насаийлер да риваят кылышкан.

Имам Ахмад жана Имам Насаий сахих жана хасан иснад менен Зайд ибн Сабиттен (разияллоху анху) кылган риваяты мындай:

عَنْ زَيْدِ بْنِ ثَابِتٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أُمِرْنَا أَنْ نُسَبِّحُوا دُبْرَ كُلِّ صَلَاةٍ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ ، وَنَحْمَدُوا ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ ، وَنُكَبِّرُوا أَرْبَعًا وَثَلَاثِينَ. فَأَتَىٰ رَجُلٌ مِنَ الْأَنْصَارِ فِي مَنَامِهِ فَقِيلَ لَهُ أَمَرَكُمْ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ أَنْ تُسَبِّحُوا دُبْرَ كُلِّ صَلَاةٍ ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ وَتَحْمَدُوا ثَلَاثًا وَثَلَاثِينَ وَتُكَبِّرُوا أَرْبَعًا وَثَلَاثِينَ قَالَ نَعَمْ قَالَ فَاجْعَلُوهَا خَمْسًا وَعِشْرِينَ وَاجْعَلُوا فِيهَا التَّهْلِيلَ فَلَمَّا أَصْبَحَ أَتَى النَّبِيَّ فَذَكَرَ ذٰلِكَ لَهُ فَقَالَ اجْعَلُوهَا كَذٰلِكَ. رَوَاهُ أَحْمَدُ وَ النَّسَائِيُّ

Зайд ибн Сабит айтат: “Биз ар намаздаын артынан отуз үч жолу тасбих, отуз үч жолу тахмид жана отуз төрт жолу такбир айтууга буюрулган элек. Анан анын түшүндө ансарлардан болгон бир киши: “Силерге Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) ар намаздын артынан отуз үч жолу тасбих, отуз үч жолу тахмид жана отуз төрт жолу такбир айтууңарды буюрганбы?”, деп сурады. Ал: “Ооба”, деп жооп берди. Кайра наркы киши: “Эми аларды жыйырма бештен айткыла жана ага тахлилди (“Лаа илааха иллаллоху”) да (жыйырма беш кылып) кошкула”, деди. Таң жүргөндөн соң, ал көргөн түшүн Пайгамбарыбызга (соллаллоху алайхи ва саллам) айтып берди эле, ал зат: “Ошондой кылгыла!”, деди”.

Жогоруда өткөн хадистерде тасбихтерди айтуунун сандары түрдүүчө баяндалды. Бул дегени көрсөтүлгөн сандардын каалаганын кармануу мүмкүн болот дегени. Бирок Имам Аъзам мазхабынын усулдук эрежелеринде эсептик сан жаатында келген хадистерди бир-бирине ылайыкташтыруу үчүн этияттык жүзөсүнөн сандардын эң көбү алынат. Маселен, дааратта дене мүчөлөрүн жууда да эсептик сан ар түрдүү айтылган. бир жолу, эки жолу жана үч жолу жуу да Пайгамбарыбыздан (соллаллоху алайхи ва саллам) риваят кылынган. Биздин мазхаб болсо бул маселеде үч жолу жууну алган. Анын сыңарындай тасбихтерде да отуз үч санын алуу этияттык жүзөсүнөн абзел болуп саналат.  

Ал эми, намаздардан кийин аткарыла турган тасбихтердин санын хадистерде айтылган эсебинен ашыруу макрух болот деген аалымдар да бар.

Адамдардын амалда абзели болуу: Жогоруда өткөн “Лаа илааха иллаллох…” калимасын өзүнчө ашыкча айтуу да хадистерде абзелдик катары айтылат:

عَنْ عَبْدِ الرَّحْمٰنِ بْنِ غَنَمٍ مُرْسَلًا إِلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ ، وَلَفْظُهُ : ( مَنْ قَالَ قَبْلَ أَنْ يَنْصَرِفَ وَيَثْنِيَ رِجْلَهُ مِنْ صَلَاةِ الْمَغْرِبِ وَالصُّبْحِ : لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ ، وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ ، بِيَدِهِ الْخَيْرُ ، يُحْيِي وَيُمِيتُ ، وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ عَشْرَ مَرَّاتٍ ، كُتِبَ لَهُ بِكُلِّ وَاحِدَةٍ عَشْرُ حَسَنَاتٍ ، وَمُحِيَتْ عَنْهُ عَشْرُ سَيِّئَاتٍ ، وَرُفِعَ لَهُ عَشْرُ دَرَجَاتٍ ، وَكَانَتْ حِرْزًا مِنْ كُلِّ مَكْرُوهٍ ، وَحِرْزًا مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ ، وَلَمْ يَحِلَّ لِذَنْبٍ يُدْرِكُهُ إِلَّا الشِّرْكَ ، وَكَانَ مِنْ أَفْضَلِ النَّاسِ عَمَلًا ، إِلَّا رَجُلًا يَفْضُلُهُ ، يَقُولُ : أَفْضَلَ مِمَّا قَالَ ) .رَوَاهُ أَحْمَدُ فِي » الْمُسْنَدِ » (29/512) وَمَعْنَىٰ قَوْلِهِ ( قَبْلَ أَنْ يَثْنِيَ رِجْلَيْهِ ) أَيْ : يعطفهما ويغيرهما عن هيئة التشهد ، كما يقول الملا علي القاري في » مرقاة المفاتيح » (2/773(

Имам Ахмад Абдурахман ибн Ганамдан (разияллоху анху) мурсал абалда кылган риваятында, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп айтат: “Ким шам жана багымдат намазынан кайтуусунан жана эки бутун ташаххуд абалында бүгүлүп туруусунан жазып ийүүдөн мурда:  “Лаа илааха иллаллоху вахдаху лаа шарийка лаху. Лаху-л-мулку ва лаху-л-хамду би-йадихи-л-хойру юхйий ва юмийту ва хува ъалаа кулли шайъин кодийр” деп он жолу айтса, ар бир айтканына он жакшылык жазылып, он жамандык өчүрүлөт жана анын пайдасына он даража көтөрүлөт. Ал ар кандай жамандыктан коргон болот, шайтонир рожиймден тосук-тумар болот. Ага ширктен башка аны кыйрата турган күнөөлөр жетпейт.  Ал амал жагынан адамдардын эң абзели болот. Бир гана артыкчылык амалдарда умтулуп ал айткан сөздөн абзел сөздү айтып андан озуп кетчү киши болбосо”. 

Имам Термизий хасан хадис деп Анастан (разияллоху анху) риваят кылган хадисти көпчүлүк уккан. Буга көбүрөөк такыбадарлар, тарикатчы-сопулар амал кылышат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп айткан:

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ: مَنْ صَلَّى الْفَجْرَ فِي جَمَاعَةٍ ، ثُمَّ قَعَدَ يَذْكُرُ اللهَ حَتَّىٰ تَطْلُعَ الشَّمْسُ ، ثُمَّ صَلَّىٰ رَكْعَتَيْنِ ، كَانَتْ لَهُ كَأَجْرِ حَجَّةٍ وَعُمْرَةٍ تَامَّةٍ ، تَامَّةٍ ، تَامَّةٍ. أَخْرَجَهُ التِّرْمِذِيُّ

“Ким   багымдат намазын жамаат менен окуса, анан күн чыкканга чейин олтуруп Аллах Тааланы зикир кылса, андан кийин (күн найза бою көтөрүлгөндөн соң) эки рекет (ишрак деген) намаз окуса ага толук, толук, толук бир ажылык жана умранын сообу берилет”.  

رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ، عَنْ عَمَرَ بْنِ الْخَطَّابِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بَعَثَ بَعْثًا قِبَلَ نَجْدٍ، فَغَنِمُوا غَنَائِمَ كَثِيرَةً، وَأَسْرَعُوا الرَّجْعَةَ، فَقَالَ رَجُلٌ مِمَّنْ لَمْ يَخْرُجْ: مَا رَأَيْنَا بَعْثًا أَسْرَعَ رَجْعَةً، وَلَا أَفْضَلَ غَنِيمَةً مِنْ هٰذَا الْبَعْثِ، فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: أَلَا أَدُلُّكُمْ عَلَىٰ قَوْمٍ أَفْضَلَ غَنِيمَةً، وَأَسْرَعَ رَجْعَةً؟ قَوْمٌ شَهِدُوا صَلَاةَ الصُّبْحِ، ثُمَّ جَلَسُوا يَذْكُرُونَ اللهَ حَتَىٰ طَلَعَتِ الشَّمْسُ، فَأُولٰٓئِكَ أَسْرَعُ رَجْعَةً، وَأَفْضَلُ غَنِيمَةً.

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) Нажд тарапка жиберген кошуун аз эле мөөнөттө өтө көп олжолор менен кайтып келди. Алар менен кошо барбай калган адамдардын арасынан бир киши: “Эч качан мынчалык тез мөөнөттө, мынчалык көп олжо менен кайткан кошуунду көргөн эмеспиз”, деди. Расуулуллах (соллаллоху алайҳи васаллам): “Силерге көп олжо менен өтө тездикте кайткан коом жөнүндө айтайынбы?! Алар багымдат намазын окугандан соң ошол намаз окуган орундарында олтуруп, күн чыкканга чейин Аллах Тааланы зикир кылгандар. Мына ушулар өтө тез мөөнөттө көп олжо менен кайтышкан коом болуп эсептелинет” (Имам Термизий гариб хадис деп Умар ибн Хаттабтан (разияллоху анху) риваят кылган).

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ ، قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ : » لَأَنْ أَجْلِسَ مَعَ قَوْمٍ يَذْكُرُونَ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ مِنْ صَلَاةِ الْفَجْرِ إِلَى أَنْ تَطْلُعَ الشَّمْسُ أَحَبُّ إِلَيَّ مِنْ أَنْ أَعْتِقَ أَرْبَعَةً مِنْ وَلَدِ إِسْمَاعِيلَ ، وَلَأَنْ أَجْلِسَ مَعَ قَوْمٍ يَذْكُرُونَ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ مِنْ صَلَاةِ الْعَصْرِ إِلَى الْمَغْرِبِ أَحَبُّ إِلَيَّ مِنْ أَنْ أَعْتِقَ أَرْبَعَةً » رَوَاهُ أَبُو دَاوُدَ

Анас ибн Малик (разияллоху анху) кылган ривятта Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деген: “Аллахты зикир кылып жаткан коом менен таңкы намаздан күн чыкканга чейин бирге олтурушум мага Исмаилдин (алайхис салам) балдарынан төртөөнү (кулдук же машакаттан) азат кылышымдан жакшыраак. Ошондой эле, Аллахты асрдан кийин зикир кылып жаткан коом менен бирге күн батканга чейин олтурушум төрт (ар кандай) инсанды азат кылышымдан жакшыраак”. (Имам Абу Давуд риваяты)

Андыктан, канчалык көп амал кылсак, тагыраагы Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи васаллам) сүннөттөрүнө амал кылсак, Аллах Тааланын астында даражабыз дагы да улуу болмок!…

 Тасбихтерди жамаат болуп айтуу: Жогоруда өткөн кедейлер жана байлардын тасбихтерди айтууну бир-биринен көрүп, биргеликте-чогуу айтышып жатканы жөнүндөгү, ошондой эле, багымдат жана аср намаздарынан соңку зикирлер жөнүндөгү хадистер тасбихтерди да жамаат болуп айтууга ишаара кылат.

Башка бир хадисте намаздан кийинки жамаат болуп айтыла турган зикирлердин мажлисин Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) бейиштин бакчаларына окшоткон:

وَعَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ – رَضِيَ اللهُ عَنْهُ – أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «إِذَا مَرَرْتُمْ بِرِيَاضِ الْجَنَّةِ فَارْتَعُوا». قَالَ: وَمَا رِيَاضُ الْجَنَّةِ؟ قَالَ: «حلق الذكر».

Азирети Анастан (разияллоху анху) риваят: Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) айтат: “Эгер Бейиш багы, гүлзарларына туш келип калсаңар, бейкапар оттогула! (анын нээматтарынан пайдалангыла!)”. сахабалар сурашты: “Бейиш бактары, гүлзарлары дегениңиз эмне?” Ал зат (соллаллоху алайхи васаллам): “Зикикр калкалары”, деп жооп берди”. (Абу Яъла, Имам Ахмад, Байхакий, Термизий жана Ибн Шахин риваяты).

Имам ат-Тийбий мындай деген: “Зикир”ден мурат тасбих, тахлил, тамжид (“Субхааналлах, Алхамдулиллах, Аллоху акбар”) сыяктуу зикир калималары”.

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ – رَضِيَ اللهُ عَنْهُ – أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: «إِذَا مَرَرْتُمْ بِرِيَاضِ الْجَنَّةِ فَارْتَعُوا» .قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَمَا رِيَاضُ الْجَنَّةِ؟ قَالَ: «الْمَسَاجِدُ» قُلْتُ: وَمَا الرَّتْعُ يَا رَسُولَ اللهِ؟ قَالَ: «سُبْحَانَ اللهِ وَالْحَمْدُ للهِ وَلَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ وَاللهُ أَكْبَرُ».

Имам Термизий Абу Хурайрадан (разияллоху анху) риваят кылган хадисте Расулу Акрам (соллаллоху алайхи васаллам): “Эгер Бейиш багы, гүлзарларына туш келип калсаңар, бейкапар оттогула! (анын нээматтарынан пайдалангыла!)”. Мен: “Эй Аллаахтын Элчиси! Бейиш бактары эмне?”, деп сурадым. Ал зат (соллаллоху алайхи ва саллам): “Мечиттер”, деп жооп берди. Мен кайра эле: “Эй Аллахтын Элчиси! Анын нээматтарынан пайдалануу деген эмне?”, деп сурадым эле,  “Субхааналлах ва-л-хамдулиллах ва лаа илааха иллаллоху валлоху акбар”, деп тасбих-зикир айтуу” деп, жооп берди”.  

Мына ушул акыркы хадистерден “зикир калкалары” деп намаздан кийинки тасбихтерди жамаат болуп айтуунун артыкчылыгы келип чыгууда. Биздин журтта кылымдар бою мына ушундай хадистерге амал кылып келишкен.

Аятал курсийни окуу: Ата-бабаларыбыз кылымдар бою намздарынан соң дайыма окуп келе жаткан дагы бир нерсе бар. Ал аятал курсийни окуу.

Азирети Али (каррамаллоху важхаху) минбар үстүндө турган Расуулуллахтын (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп айтып жатканын уккан экен:

عَنْ عَلِيٍّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ وَ هُوَ عَلَى الْمِنْبَرِ يَقُولُ: مَنْ قَرَأَ آيَةَ الْكُرْسِيِّ فِي دُبُرِ كُلِّ صَلَاةٍ لَمْ يَمْنَعْهُ مِنْ دُخُولِ الْجَنَّةِ إِلَّا الْمَوْتُ، وَمَنْ قَرَأَهَا حِينَ يَأْخُذُ مَضْجَعَهُ، آمَنَهُ اللهُ عَلَىٰ دَارِهِ وَدَارِ جَارِهِ وَأَهْلِ دُوَيْرَاتٍ حَوْلَهُ. رَوَاهُ الْبَيْهَقِيُّ

“Ким ар бир намаздын артынан “Аятал курсий”ни окуса, аны бейишке кирүүсүнөн өлүм гана тосуп турат. Ким “Аятал курсий”ни жатаар алдында окуса, анын үйүн, кошуналарынын үйүн жана айланадагы бүт үйлөрдү Аллаах Таала балээ-апааттардан сактайт”. (Имам Байхакий риваяты).

Бул хадиси шарифти азирети Имам аз-Замахшарий да өзүнүн атактуу болгон китеби  “Кашшаф” аттуу чыгармасында айтып өткөн. Аны Имам Байхакий заъийф санад менен риваят кылган. Имам Байхакийдин Анастан (разияллоху анху) риваят кылган хадсисинде айтылуусуна караганда, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) Аятал курсийни окууга жалаң пайгамбар, сыддык, абид жана шейиттер гана дайыма амал кылат, деген экен. Мындай маанидеги хадисти да мухаддис аалымдар заъийф дешкен. Бирок Ислам ааламынын аалымдарынын келишими боюнча, артыкчылык зикир кылынган заъийф хадистерге да амал кылына берет. Бирок, заманабыздын аалымдарынан болгон  Ахмад ибн Мухаммад аш-Шаркавий өзүнүн “ал-Манхал ал-кудсий фий фазаили Аят ал-курсий” аттуу китебинде ушул хадистин мааниси мутлак сахих экендигин бекемдеп айтат. Ошентип, ал ошол маанидеги эки хадисти келтирген:

وَرَوَى الطَّبَرَانِيُّ فِي الْمُعْجَمِ الْكَبِيرِ وَفِي كِتَابِ الدُّعَاءِ بِسَنَدِهِ عَنْ عَبْدِاللهِ بْنِ حَسَنِ بْنِ حَسَنِ بْنِ عَلِيٍّ عَنْ أَبِيهِ عَنْ جَدِّهِ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ قَرَأَ آيَةَ الْكُرْسِيِّ فِي دُبُرِ الصَّلَاةِ  الْمَكْتُوبَةِ كَانَ فِي ذِمَّةِ اللهِ تَعَالَىٰ حَتَّى الصَّلَاةِ الْأُخْرَىٰ

Имам Табараний “Муъжам ал-кабийр” жана “Китаб ад-дуа”да өз санады менен Абдуллаах ибн Хасан ибн Хасан ибн Алиден риваят кылган. Ал атасынан, ал болсо чоң атасынан риваят кылган: Ал айтат: Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Ким “Аят ал-курсий”ни фарз намазынын аркасынан окуса, кийинки намазга чейин Аллаахтын коргоосунда болот”, деп айтты.  

وَرَوَى الطَّبَرَانِىُّ وَالنَّسَائِىُّ وَابْنُ حِبَّان وَابْنُ السُنِّىِّ وَغَيْرُهُمْ عَنْ أَبِى أُمَامَةَ رَضِىَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ قَرَأَ آيَةَ الْكُرْسِيِّ دُبْرَ كُلِّ صَلَاةٍ مَكْتُوبَةٍ لَمْ يَمْنَعْهُ مِنْ دُخُولِ الْجَنَّةِ إِلَّا أَنْ يَمُوتَ»

Ат-Табараний, Насаий, Ибн Хиббан, Ибн Сунний жана башкалар Абу Умомадан (разияллоху анху) риваят кылышат. Ал айтат: Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам): “Ким ар бир фарз намаздан кийин “Аят ал-курсий”ни окуса, аны бейишке кирүүдөн өлүм гана тосуп турат, деди”.

Ушул хадистен биринчисин Имам Табараний хасан санад менен, экинчи хадисти болсо жаййид жана сахих санад менен риваят кылган. Имам Мунзирий өзүнүн “ат-Таргиб ва ат-тархиб” китебинде айтуусуна караганда, Табараний, Насаий жана Ибн Хиббандардын риваятындагы акыркы айтылган хадис Имам Бухарийдин шартына дал ылайык сахих. Ошондой эле, аны Абу Нуайм “Хулиййа” аттуу чыгармасында да сахих санад менен риваят кылган.

Ахмад Шаркавийдин жазуусуна караганда, Аллаама Ибн ал-Жавзий ушундай маанидеги хадистерди “Мавзуъат” китебине киргизип жаңылышкан. Ибн ал-Жавзийнинг сөздөрүн кийинки доордун аллаамалары, айрыкча, Имам ас-Суютий, Ибн Хажар ал-Хайсумий жана Шарафуддин ад-Димятийлер четке кагышкан. Ибн Касир болсо мындай дейт:

 وَفِي تَفْسِيرِ الْقُرْآنِ الْعَظِيمِ لِلْإِمَامِ ابْنِ كَثِيرٍ يَقُولُ عَنْ حَدِيثِ أَبِي أُمَامَةَ رَوَاهُ النَّسَائِيُّ فِي عَمَلِ الْيَوْمِ وَاللَّيْلَةِ وَابْنِ حِبَّان فِي صَحِيحِهِ مِنْ حَدِيثِ مُحَمَّدِ بْنِ حُمَيْرٍ وَهُوَ الْحَمَصِيِّ مِنْ رِجَالِ الْبُخَارِيِّ أَيْضًا فَهُوَ إِسْنَادٌ عَلَىٰ شَرْطِ الْبُخَارِيِّ وَقَدْ زَعِمَ أَبُو الْفَرَجِ ابْنُ الْجَوْزِيُّ أَنَّهُ حَدِيثٌ مَوْضُوعٌ وَاللهُ أَعْلَمُ بِالصَّوَابِ

“Абу Умаманын (разияллоху анху) (Аятул курсий жөнүндөгүхадисин Имам Насаий “Амал ул-явм вал-лайла” атту китебинде, Ибн Хиббан болсо өзүнүн сахихинде Мухаммад ибн Хумайрдын санадында риваят кылган. Ал Хамастык болотДагы ал Имам Бухарийдин (дайыма анын хадистерин ыктыяр кылган) кишилеринен болчу. Демек, ал Бухарийдин шартына ылайык келген хадистин санады болуп саналат. Абул Фараж Ибн ал-Жавзий ушул хадисти мавзуъ деп ойлогон.

Ошондой эле “салафиттер”дин (вахабийлердин) атактуу шайхы Ибну Таймиянын шакирти Ибн Кайюум да өзүнүн “Зад ал-маˈаад”, “ал-Ваабил ас-саййиб” аттуу чыгармаларында ушул хадистердин сахихтигин далилдеген. Жадагалса ал “Зад ал-маˈаад” китебинде мындай деп жазат:

وَقَدْ رَوَىٰ هٰذَا الْحَدِيثَ مِنْ حَدِيثِ أَبِي أُمَامَةَ وَعَلِيِّ بْنِ أَبِي طَالِبٍ وَعَبْدِ اللهِ بْنِ عُمَرَ وَالْمُغِيرَةِ بْنِ شُعْبَةَ وَجَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ وَأَنَسِ بْنِ مَالِكٍ وَفِيهَا كُلُّهَا ضَعْفٌ وَلٰكِنْ إِذَا انْضَمَّ بَعْضُهَا إِلَىٰ بَعْضٍ مَعَ تَبَايُنِ طُرُقِهَا وَاخْتِلَافِ مَخَارِجِهَا دَلَّتْ عَلَىٰ أَنَّ الْحَدِيثَ لَهُ أَصْلٌ وَلَيْسَ بِمَوْضُوعٍ  وَبَلَغَنِي عَنْ شَيْخِنَا أَبِي الْعَبَّاسِ ابْنِ تَيْمِيَةَ قَدَّسَ اللهُ رُوحَهُ أَنَّهُ قَالَ مَا تَرَكْتُهَا عَقِيبَ كُلِّ صَلَاةٍ

“Бул хадис Абу Умама, Али ибн Аби Талиб, Абдуллаах ибн Умар, Мугийра ибн Шуъба, Жабир ибн Абдуллаах жана Анас ибн Малик сыяктуу улуу сахабалардын хадистеринен риваят кылынган. Булардын баарында заъийфтик бар. Бирок, жолдорун ажыратуу жана махраждарынын түрдүүчөлүгүн көрсөтүү менен аларды бир-бирине кошсо хадистин негизи бар экендигине далаалат кылат жана мавзуъ эместигин билдирет. Шайхыбыз Абул Аббас ибн Таймиядан мага жетип келген кабарга караганда, ал айткан экен: “Аят ал-курсий”ни ар бир намаздын аркасынан окууну таштаганым жок.

Аятал курсий жөнүндө өткөн жогорудагы маалыматтардан маалым болот, Аятал курсийни окуу сүннөт экен. Аны ар бир намаздан соң окууну жадагалса (салафий-вахабийлердин ана башы) Ибну Таймия сыяктуу ахли хадистер да эч качан таштаган эмес. Андыктан, Аятал курсийни окуу биздин журтубузда да таптакыр ташталган эмес, мындан ары да ташталбайт иншаа Аллах.

(Макаланын уландысы бар)

Даярдаган: Абибилла ажы КАДЫРБЕРДИЕВ, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү