Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”.
Абу Дауд:1134
баарын көрүү
Муфтият | 21.03.2026
  • |

ШАВВАЛЬ АЙЫНДАГЫ 6 КҮНДҮК ОРОЗО ТУУРАЛУУ

Мээримдүү, ырайымдуу Алланын ысымы менен...

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мындай деген: «Ким Рамазанда орозо тутса, анын артынан Шавваль айында ага алты күн кошсо, бир жыл орозо туткандай болот» (Муслим: 1164).

Шавваль – бул ыйык Рамазандан кийинки ай. Шавваль айындагы 6 күндүк орозо сүннөт орозого кирет. Кармаса сообун алат, кармабаса күнөөкөр болбойт.

Бул орозонун сообу мындайча түшүндүрүлөт: Рамазан айындагы толук кармалган орозонун сообу 10 айга, ал эми Шавваль айындагы орозонун сообу 2 айга көбөйтүлүп берилет. Ошондо экөө биригип, 1 жыл орозо кармагандын сообу келип чыгат.

Суроо: Орозо айында карызы барлар алгач карызын кармашы зарылбы же биринчи шавваль орозосун кармай берсе болобу?
Жооп: Алгач карызды кармап берип, андан соң гана Шаввалдын 6 күндүк орозосун кармоо туура.

Суроо: Шавваль айындагы орозонун мааниси эмне?
Жооп: Шавваль орозосунун инсанга зор тарбиясы бар. Биз бир ай бою жамандан тыйылып, бир канча ибадаттар менен алек болуп, напсини тарбиялап алган соң Рамазан бүтөрү менен бул аракетибизден дароо айрылып калуу руханий дүйнөбүзгө жана саламаттыгыбызга да жакшы эмес таасир тийгизип коюушу мүмкүн. Рамазан бүткөн соң да орозонун даамын сезип, Аллах Таалага жакындоонун аракетинде болууга 6 күндүк Шавваль орозосу түрткү берет.

Суроо: 6 күндүк орозо Шавваль айынын кайсы күндөрү кармалат?
Жооп: Орозо айт күнү гана кармоого болбойт. Шавваль айынын ичинде өзүңүз каалаган күнү кармай бересиз. Удаасы менен 6 күн кармасаңыз болот, же болбосо үзүп-үзүп, ар башка күнү деле кармай бересиз. Сүннөт орозолор кармалчу дүйшөмбү жана бейшемби күндөрүнө туштап кармасаңыз да кошумча сооп болот.

Суроо: Ниет кандай кылынат?
Жооп: «Шавваль айындагы 6 күндүк орозону кармоого...» деп ниет кылуу жетиштүү.

Суроо: Шавваль айындагы орозодо кайсы убакта ооз бекитип, кайра качан ооз ачабыз?
Жооп: Рамазан айындагыдай эле багымдат намазынын убактысы киргенге чейин ооз бекитип, шам намазы киргенде ооз ачылат. Муну muftiyat.kg сайтындагы намаз убактыларына карап, биле аласыз.

Алла Таала бул айда да 6 күн орозо кармоого мүмкүнчүлүк берсин. Кармаган шавваль орозоңуз кабыл болсун. Оомийн.