«Уят – ыймандын бир бөлүгү» (Бухари, Муслим)
баарын көрүү
Муфтият | 20.02.2026
  • |

ТАЛАККА ТИЙИШТҮҮ МАСЕЛЕЛЕР

Инсан (эркек болсун, аял болсун) турмуш куруп, үй-бүлөлүк жашоого киришүүдөн мурда нике жана талак маселелери боюнча өкүмдөрдү үйрөнүп алуусу фарз. Мойнунда фарз болгон илимдерди үйрөнбөй жүргөн адамдар күнөөкөр болот. 

Шарият үй-бүлөлүк жашоону болушунча сактап калууга, эрди-катын бир-биринин ката-кемчликтерин кечирип жашоо өткөрүүсүнө чакырып келет.  

Бирок талакка да уруксат берип койгон. Себеби айрым учурларда үй-бүлөдө жүзөгө келген кээ бир мамилелердин талактан башка чарасы болбой калат. 

Талак сөзү өтө олуттуу сөз. Эч бир эркек ажырашууну ниет кылбай (азил-тамаша таризинде болсо да) аялына карата талаксың деп койсо чындап талак түшүп калат. Аялына талаксың дегенинен соң, «тамашалашкан болчумун, талак кылыш ниетим жок эле» же «ачуу үстүндө тилимден чыгып кетти» деп айтса этибарга алынбайт. Талаксың дедиби талак түшөт, жадагалса ниет кылбаса да. 

Эркек киши талак маанисин  билдирүүсү мүмкүн болгон кайманалуу сөздөрдөн да этият болушу керек. Маселен, «сени азат кылдым», «коюп жибердим», «жообуңду бердим», «ата-энеңдин үйүнө кете бер», «көзүмө көрүнбө …» жана башка ушул сыяктуу. Мындай эки мааниге ыктымалы бар болгон сөздөрдү колдонсо, ал эрдин ниети жана максаты сураштырылат. Эгер талак кылыш максатында айткан болсо талак түшөт. Ниетинде талак кылууну көздөбөгөн болсо, талак түшпөйт. Бирок, адеп-ахлактуу инсан мындай шектүү сөздөрдөн ыраак, ачуу үстүндө болсо да өзүн кармай алган, сабырдуу, тилине бекем эр болот. 

Талак өкүмдөрүнүн эң олуттуу маселелеринен дагы бири: талак кылыш жаиз боло турган убакыттарды билип алуу. Себеби, талакты ар кандай эле убакытта айтуу жаиз боло бербейт. 

Талак кылыш жаиз болбой турган убакыттар: 

1. Аял хайз көрүп жаткан учурда талак кылуу жаиз эмес. Ким аялы хайз көрүп жаткан күндөрү ага «талаксың» десе, арам иш кылган болот. Эгер үч талак эмес, бир же эки талак кылган болсо аялын ошол замат кайтарып алуусу важиб болот жана ошол оозунан чыккан талак сөзүн бир болсо бир талакка, эки болсо эки талакка эсеп кылынат. Хайз убагы бүткөндөн соң эгер дагы эле ажырашууну каалап турган болсо жимаъ кылбастан (кошулбастан) туруп талак кылууга уруксат берилет.  Бул да мурунку талакка кошулат. Маселен, хайз көрүп жаткан учурда бир талак айткан болсо, муну менен эки талак болот. Ал эми ал учурда эки талак кылган болсо, мунун менен үч талак болот. 

2. Хайз убагы бүткөндөн кийин эгер жимаъ (кошулуу) боло турган болсо талак кылуудан дагы кайтарылат. Кийинки хайз убагы келип, ал хайздан да таза болмоюн талак берүү мүмкүн болбойт. 

Мына ушул шаръий өкүмдүн кээ бир хикматтары:
1. Насл-текти катуу этият кылуу жана ден соолукту сактоо; 
2. Ачуу үстүндө өзүн басууга, сабыр кылууга үйрөтүү. Себеби инсан ачуу үстүндө талак кылып жибергиси келсе да, арадан убакыт өтүүсү, акыл-эси жайына кайтуусу менен талак канчалык ката жана зыяндуу экени эсине түшөт. Натыйжада ажырашуулар азаят, канча-канча үй-бүлөлөр сакталып калат. Кимдир-бирөө ачуусу кеткенден кийин деле ажырашуу ниетинде тура бере турган болсо, талак артынан келе турган акыбеттерди аңдаган абалда ажырашат. 
3. Шариятта хайз учурунда талак кылуудан эмне үчүн тосулган. Аялзатынын табиятында бир айда бир жолу хайз көрүүсү Аллахтын буйругу жана жаратуусу менен болот. Эгер эркек киши аялын хайз көрүп жаткан учурунда талак кылса, шарият аны ошол табияттан жийиркенди деп эсептейт. Себеби ал учурда эрди-катындын бир-бирине кошулуусу арам, анан эркек ошол учурдан пайдаланып, аны талак кылды делет. Ал эми хайз көрбөгөн таза учурунда талак кылса, кошулууга мүмкүнчүлүк болуп турса да, жийиркене турган эч нерсе болбосо да эркек талак айтса, демек кандайдыр бир зарылдык бар, деп түшүнүлөт. Андыктан, хайз учурунда үчтөн аз талак кылса, Аллах жаратып берген табияттан эркектин жийиркенүүгө акысы жок, аялын кайтарып алуусу важиб, деген өкүм кабыл алынган. Эми хайз көрбөгөн тазалык учурунда талак кылууга уруксат болуусу, ошол тазалыктын башынан баштап талак айтылган учурга чейин эрди-катын бир-бирине кошулбаган болуш керек. Мында, тазалык учурунда кошулууга толук мүмкүнчүлүк болуп турса да, аны менен бирге хайздан таза болгондон кийин кошулууга кызыгып турса да жакындык кылбай туруп талак кылган болсо, демек зарылдык бар экен делет.  

Талак кылуу жаиз болгон убакыттар:
Демек, талак кылыш жаиз болуусу үчүн жалаң эки убакыт бар:
1. Аялы хайздан тазаланып, ошол тазалык ичинде аны менен жимаъ (жакындык) кылбаган учур;
2. Аял киши боюнда бар болгон учур.

Кээ бир адамдар аял киши боюнда болгон учурда төрөлө турган балага ырайымы келип, мындай учурда талак кылып болбойт, талак кылса да түшпөйт деп ойлошот. Бул туура эмес, ката пикир.  

Кош бойлуу аялды талак кылыш жаиз, ага талак айтса түшөт. Бирок анын иддасы түйүлдүккө байланыштуу болот. Кош бойлуу учурунда талак аял төрөмөйүн иддасы чыкпайт. Төрөөрү менен иддасы чыгат. Маселен, бүгүн талак болсо, анан эртеси төрөсө ошол замат иддасы да чыгат. Анан ал аял ошол күнү башка бирөөгө никеленип, турмушка чыгып кетсе жаиз, бирок нифас каны бүткөнө чейин кошулуу арам. 

Эрди-катын ажырап кетиши себептүү перзенттеринин укуктарын өтөөгө кайдыгер болбошу керек. Перзенттин ата-энесинин мойнундагы укуктары сакит болбойт. 

Үч талак жөнүндө
Эркек киши аялын бир сөз менен үч талак кылуусу арам.  
Өкүнүчтүүсү жашоодо өзүн мына ушундай арам сөздөрдөн жана арам иштерден тыя албай турган адамдар бар. Аллах Өзү аларга ынсап берсин. 
Кимде-ким аялын бир сөз менен үч талак кылса арам иш кылганы үчүн күнөөкөр болуу менен бирге, ал аял менен бирге адал жашоо кечирүүдөн да куржалак калат. Бир-бири менен түптөн ажырап, кайра жашоого мүмкүн болбой калат.  
Үч талак алган аял иддасы бүткөндөн кийин башка эрге тийип кетиши мүмкүн.  
Ошол жаңы эр да кайсы бир күнү, кайсы бир себептен улам өз ыктыяры менен бул аялды талак кылса, же кайтыш болсо, ошондо аял дагы идда күтөт. Иддасы бүткөндөн соң үч талак кылган мурунку эрине кайрадан никеленүүсү жаиз, эгер экөө ушуга ыраазы болсо жана никенин бардык шарттары аткарылса.

«Талак ражъий» (идда арасында кайтарып алуу жаиз болгон талак)
«Талак ражъий» деп биринчи жолу жана экинчи жолу талак кылынган аялдын абалына айтылат. Үчүнчү жолу талак кылынган аял болсо «талак ражъийге» кирбейт. Тактап айтканда, эр аны кайтарып алуусу жаиз эмес. 
«Талак ражъий»де аялдын иддасы бүтө электе, эри аны нике окутпай туруп деле өз карамагына кайтарып алуу укугуна ээ болот. 
«Талак ражъий» менен талак кылынган аял идда арасында эрине кооздонуп, сулуу болуп, жакшы мамиледе, кайра жарашып кетүүгө аракет кылуусу абзел, мүмкүн эр ажырашуу ниетинен кайтып, аялы менен дагы жашап кетер. Мындай мүмкүнчүлүк биринчи жана экинчи талактан соң гана идда бүтө электе болот. 
Эгер «талак ражъийде» аялдын иддасы бүтүп калган болсо, анда ал талак кылган эрине жат аялдай болуп калат. Эми эр аны жаңы никесиз, махрсыз жана аялдын ыраазылыгысыз кайтарып ала албайт. Кайрадан нике, махр жана аялдын ыраазылыгы шарт кылынат. 

Турмушка чыккан аялдын эри ага биринчи жолу жимаъ (жакындык) кылуусу «духул» деп айтылат. «Духул» жүз бере электе талак кылынган аял идда олтурбайт жана «талак ражъий» өкүмүнө да кирбейт.

Алыс сапарда жүргөн эрдин аялы жөнүндө
Кээ бир адамдар «эр өз аялын таштап, узак мөөнөттүү сапарга кетип калса, 6 ай же 1 жылдан кийин ортодогу нике өз-өзүнөн бузулат, кайрадан никени жаңылап алыш керек», деп ойлошот экен. Мындай пикир тап-такыр ката. 
Эр өз ыктыяры менен талак бермейин же казы аларды ажыратып жиберүүгө чечим чыгармайын эч качан талак түшпөйт. 
Бирок, эр өз аялынан үзүрсүз таризде 6 айдан ашык алыста калып кетсе, аял мындан зыян көрүп жаткан болсо, казыга кайрылып, өз акысы болгон нафакасын (тамак-аш, кийим-кече жана турак-жай) талап кылууга уруксат берилет. 
Казы абалды жакшылап аныктап, эки тараптын да доолрун көздөн өткөрүп, текшерип чыккандан соң, шариятка ылайык акыйкат деп тапкан тарапка чечим чыгарып берүүсү керек. 

Мындай учурда аял нафаканы талап кылса да, талакты талап кыла албайт. Ал эми нике кыюу учурунда салих (фасык эмес) күбөлөрдүн катышуусунда, эгер эр аялын 6 айдан ашык кароосуз калтыра турган болсо, аялга өзүн-өзү талак кылып кетүү укугу берилет, делген болсо аял ошондо да өзүн-өзү талак кылбай, казыга өзүндө ушундай укук бар экендигин угузат. Анан казы нике кыюу учурундагы күбөлөрдү сурайт. Эегер күбөлөр фасык болсо, аялдын өзүн-өзү талак кылуу укгун казы жокко чыгарат. Ал эми күбөлөр салих болсо, аялга өзүн-өзү талак кылууга уруксат берет. Андан кийин аял казынын жана күбөлөрдүн алдында өзүн-өзү талак кылса, аны казы элге жарыя кылганда гана талак түшкөн болуп саналат да, ошондон кийин аялды идда күтүүгө буюрулат.  

Эри жоголгон аялдын маселеси
Бул маселеде аалымдардын фатвалары эки түрдүү болгон:
1- фатва: кайып, дайынсыз болгон адамдын тирүү экендигинин ыктымалы күчтүүрөөк болсо, аялы жоголгон эринин жашы токсонго кирди дегенге чейин анын никесинде болуп тура берет. Эрдин өлүмү же талак бергени анык болмоюн же анын жашы токсонго жетмейин нике бузулбайт.  
2- фатва: кайып болгон адамдын кайтыш болгону жөнүндөгү пикир устун болсо, анын аялы төрт жыл күтөт. Соң казы «бул аялдын эри кайтыш болгон» деген мааниде өкүм чыгарат. Казынын ушул чечимине таянган абалда бул аял төрт ай он күн идда күтөт. Иддасы бүткөндөн кийин башка эрге тийип кетүүсү мүмкүн.  
Хванафий мазхабы биринчи фатвага амал кылат. 
Демек, мындай маселелерде чечим чыгарууну казыдан талап кылынат. Эч кайсы аял же анын туугандары өз башымча өкүм чыгаруусу жаиз эмес. 
Исламий мекеме жок болгон өлкөлөрдө мусулмандардын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүү ошол жердеги аалымдар же диний башкармалыктардын милдети болуп саналат. 

Өлгөн деп өкүм кылынган адам тирүү болуп чыгуусу 
Кайып болгон адам жөнүндө өлгөн деп өкүм чыгарылгандан соң тирүү экендиги аныкталса, анын «башка эрге тийип кеткен аялын жана мураскорлорго бөлүнүп берилген мал-мүлкүн өзүнө кайтарып берилиши керекпи», деген маселеде да аалымдар фикх китептеринде Куран, сүннөт жана сахабалардын фатваларынан аңдап жеткен далилдердин негизинде талкуу жүргүзгөн. 
Тирүүлүгү аныкталган адамдын мураскорлоруна бөлүнүп берилген мал-мүлкү маселесинде – эгер ал мал-мүлк жок болуп кете элек болсо – төрт мазхаб аалымдары бир добуштан келишим кылып: мал-мүлк өзүнүн чыныгы ээсине кайтарылып берилүүсү шарт.  

Жок болуп кеткен болсочу? 
Эгер мал-мүлк жок болуп кеткен болсо, жумхур аалымдардын пикиринде, ошол мал-мүлктү иштетип, жок кылган киши аны (баасын) төлөп бериши керек. 
Ханафий мазхабы аалымдар болсо, жок болуп кеткен нерселердин төлөнүүсүн аны иштетип жок кылган кишиден талап кылынбайт. Чыныгы ээси тагдырына ыраазы болуш керек дейт. Валлоху Аълам!  

Башка эрге тийип кеткен аялынын маселеси:
Тирүүлүгү белгилүү болгон адамдын аялы эгер башка эр менен турмуш кура элек болсо, анда маселе жок, ошол тирүү болуп чыга келген эри менен жашоосун уланта берет. 
Башка эрге тийип кеткен болсочу деген маселеде да жумхур аалымдар (ханафийлер, шафеъийлер, ханбалийлер) айтат: чыныгы эрине кайтуусу шарт, себеби жаңы эрге тийүүсү үчүн кыйылган нике ката болгондугу анык болду, эми ал нике этибарга алынбайт. Бирок, бул аял чыныгы эрине кайтуудан мурда идда күтүүсү керек. Идда күтүп, тазаланып болгондон кийин чыныгы эрине кайтат, никесин жаңылоого эч кандай кажет жок, мурда кандай жашаган болсо, ошондой жашоону улантып кете берет.  

Ханбалий аалымдардан имам Бухутий айтат: тирүүлүгү аныкталган эрге ыктыяр берилет: 
Ал адамга айтылат: «кааласаң аялыңды кайтарып ал, кааласаң жаңы эри менен жашай берсин».
Ал: «мейли, жаңы эри менен жашай берсин» деп ыраазылык берсе, жаңы эр менен жашоосун уланта берет, никесин жаңылоо шарт эмес. 
Эгер: «жок, аялымды кайтарып бергиле» десе, кайтарып берилиши шарт болот. Мындайда, чыныгы эри менен жаңыдан нике кыюу шарт эмес, бирок, жогоруда айтылгандай, эри жакындык кылуусунан мурда албетте идда күтүү шарт. Идда күтүүнүн шарт болуусунда эч кайсы аалым ихтилаф кылбайт.  

Ата-эненин талап кылгандыгынан талак кылуу
Ата-эненин өз уулунан аялынын талагын талап кылуу эки абалдын бирине туура келет: 
1-абал: ата-эненин талабы шариятка ылайык болуусу. Мындай абалда перзент ата-энесине итаат кылып аялын талак кылуусу важиб болот. 
Бул абалга мисал, ата же эне уулуна: “аялыңды талак кыл, себеби анын эркектер менен уятсыз сөздөрдү сүйлөшүп жатканы, жаман жыйындарга барып катышып жатканы сыяктуу иштер анын адеп-ахлагында күмөн пайда кылат” десе, перзент ата-энесине итаат кылып, аялын талак кылуусу керек. Анткени ата-эне мындайда өздөрүнүн каалоолору себептүү “талак кыл” деп айтып жаткан жок. Перзентинин төшөгүн булгануудан коргоп айтып жатышкан болот.  
2-абал: уул өз аялын жакшы көргөнү үчүн ата-энесинин кызганычы келип, ага “аялыңды талак кыл” деп айтуусу. Айрыкча эне көбүнчө уулун кызганат. Мындай учурда ата же эне аялды талак кылууга буюрса, уул аялын талак кылуусу шарт эмес. Бирок ата-энеси менен мунаса кылышы керек. Аялын сактаган абалда ата-эненин көңүлүн алат. Айрыкча, эгер аял динде жана кулк-мүнөздө чырайлуу болсо, уул ата-энесине сылык сөздөр менен мамиле кылып, аялы менен жашоосуна ыраазылыктарын алууга аракет кылат.  

Түрдүү маселелер
Эр аялын талак кылууга ниети бар болсо, бирок тили менен айтпаса талак түшпөйт.  
Тили менен талак сөзүн айтып жатканда атайын бир санды айтпай талак десе бир талак гана түшөт. 
Талак кылынган аялдан ага нике учурунда берилген махрды кайтарып алуу жаиз эмес. Бирок нике кыйылгандан соң, али «духул» боло электе (жакындык боло электе) ажырашып кете турган болсо, мына ошондо махрдын жарымын кайтарып алуусу жаиз, бирок ошондо да албаган абзел. 

Кат, телефон, интернет, социалдык тармак жана ушуларга окшош нерселер аркылуу талак кылуу: эгер чындап эле талак кылынган аялдын эри эс-акылы жайында болсо, өз ыктыяры менен талак кылганы дайын болсо талак түшкөн болот. 

Абибилла ажы Кадырбердиев