«Уят – ыймандын бир бөлүгү» (Бухари, Муслим)
Бисмиллахир-Рохманир-Рохийм.
Аллах Таалага чексиз алкыш-мактоолор болсун.
Пайгамбарыбызга салам жана салаваттар болсун.
Ар бир момун мусулман пенде сактанышы зарыл болгон дил-жүрөк илдеттеринен дагы бири текебердик жана менменсинүү.
Текебердик жана менменсинүү бири-бирине жакын жана окшош болгон терс сапаттар.
«Кибр», «такаббур», «кибрия» сөздөрү сөздүктө чоңдук маанисин билдирет жана өзүн башкалардан чоң, өйдө жана абзел деп эсептөө сыпатына ээ болгон адамга карата иштетилет.
عَنْ عَبْدِاللهِ بْنِ مَسْعُودٍ رَضيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ مَنْ كَانَ فِي قَلْبِهِ مِثْقَالُ ذَرَّةٍ مِن كِبْرٍ قَالَ رَجُلٌ: إنَّ الرَّجُلَ يُحِبُّ أَنْ يَكونَ ثَوْبُهُ حَسَنًا وَنَعْلُهُ حَسَنَةً، قالَ: إنَّ اللهَ جَمِيلٌ يُحِبُّ الْجَمَالَ، الْكِبْرُ بَطَرُ الْحَقِّ، وَغَمْطُ النَّاسِ. رَوَاهُ مُسْلِمٌ
Абдуллах ибн Масъуд (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): «Жүрөгүндө кыпындай текебердик бар киши бейишке кирбейт» деп айтканда бир киши: «Чындыгында бир киши кийими жана кепичи жакшы болуусун кааласа да текебердикке жатабы?» деп сурады. Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам): «Албетте Аллах Тааланын Өзү жамийл-сулуу, сулуулукту жакшы көрөт. Ал эми текебердик дегени бул; Акыйкатты четке кагуу жана адамдарды пас саноо» деп жооп берди». (Имам Муслим риваяты).
Имам Газзалий (рахимахуллах) текебердикти: «Ал өзүн улуу деп саноо жана кадырын башкалардын кадырынан өйдө коюу», деп сыпаттаган.
Ал киши «Ихяу улуумуд дийн» китебинде текебердиктин бактыздык ачкычы экендигин төмөнкүчө баян кылат: «Бактылуулук ачкычы сергектик жана парасаттуулук. Ал эми бактысыздыктын булагы текебердик жана кайдыгерлик. Пенде үчүн Аллах Тааланын нээматтары ичинде ыйман жана маърифаттан улуусу жок. Ага жетишүү үчүн боорукеңдик жана көкүрөк көзүнүн өткүрлүгүнөн башка ортомчу жок.
Куфр жана маъсияттан чоңураак балээ-апаат жок. Мына ушул эки нерсеге чакырууда көкүрөк көзүнүн сокурлугу жана наадандык –билимсиздик караңгылыгынан башка нерсе жок.
Зирек адамдар деп, Аллах Таала алардын хидаятын ирада кылган жана жүрөктөрүн Исламга кең кылып койгондорду айтылат. Текебер адамдар деп, Аллах Таала алардын залалатын ирада кылган жана жүрөктөрүн кудум асманга көтөрүлүп бара жаткандагы сыяктуу тар кылып койгондорду айтылат. «Текебер өз хидаятына кепил болуусу үчүн көкүрөк көзү ачылбаган киши».
Текебердиктин себептери
Өзүн жогору алган адам текебер болуп саналат. Кемел сыпаттардын ээси болгон киши эч качан башкалардан өзүн өйдө көрбөйт. Кемел сыпаттар дегенде, диний жана дүйнөбий сыпаттар көздө тутулган. Диний сыпаттар илим жана амал болсо, дүйнөбий дегени ата-тек, сулуулук, кубат, мал жана тарапташтары көп болуу жактары көздө тутулат.
Булардын баары жетөө:
1. Илим. Илим алууга урунган кээ бир адамдар текебердик дартына тез чалынат. Алар өзүнчө илимдин жамалына жана кемелине мас болуп өздөрүн жогору баалап, өзгөлөргө пас назар менен карай баштайт.
Алардын текебердиги эки себепке байланыштуу болот.
Биринчи себеп – илим деп аталып жаткан нерсе чыныгы болбогондугунан. Чыныгы илим аркылуу пенде Раббисин жана өзүн жакшы тааныйт. Чыныгы илимдин ээси бой көтөрбөгөн, кибрден алыс болот.
Аллах Таала «Фатир» сүрөсүндө мындай деген:
... إِنَّمَا يَخْشَى اللَّهَ مِنْ عِبَادِهِ الْعُلَمَاءُ ۗ ... ﴿٢٨﴾
«... Албетте, Аллахтан Анын аалым пенделери гана коркот...». (28-аят).
Экинчи себеп – илимге урунган болсо да, өзүнүн напси бузук, кулк-мүнөзү жаман адам болуусу. Мындай адамдар канча илим алса да өзүн оңдобогону үчүн жаман сыпаттардан арыла албайт. Дал ушундай кишиде пайда болгон илим ээсининин текеберлигине себеп болуусу таңкалыштуу эмес.
2. Амал. Бул жердеги амалдан ибадат да көздө тутулат. Мындагы кибр көбүнчө ибадаткөй жана такыбаларда болот жана ал эки бөлүктөн турат.
Биринчи бөлүгү дүйнөлүк иштерде болот. Анда, адамдар жалаң аларды гана зыярат кылуусу керектигин доо кылышат. Адамдар алардын кажеттерин чыгаруусу, улуулоосу, жай бошотуусу, дайыма алардын такыбасы жана ибадаты мактоо менен тилге алынып туруусу керектигин доо кылышат.
Экинчи бөлүгү диний иштерде болуп, анда доогер өзүнөн башкалар туура эмес жолдон бара жатканын жана алардын кыйроого учуроосун доо кылат.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: إِذَا قَالَ الرَّجُلُ هَلَكَ النَّاسُ فَهُوَ أَهْلَكُهُمْ رَوَاهُ مُسْلِمٌ
Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам): «Качан бир кишинин «адамдар кыйроого учурады», деп айтканын уксаңар, анын өзү чындап кыйроого учураганы», деп айткан». (Имам Муслим риваяты)
3. Ата-тек менен текеберденүү.
Ата-теги сыймыктуу болгон адам һзүнөн илими жана амалы жогору болгон адамга текебердик менен мамиле кылат. Алардын оюнда, башка адамдар кудум эле алардын кулу же кызматкериндей болуп көрүнөт. Ислам таалимдеринде болсо, ата-тек кишинин амалынан өйдө коюлган эмес.
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: مَا مِنْ رَجُلٍ يَسْلُكُ طَرِيقًا، يَطْلُبُ فِيهِ عِلْمًا إلَّا سَهَّلَ اللهُ لهُ طريقَ الجنةِ، وَ مَنْ أَبْطَأَ بهِ عَمَلُهُ لَمْ يُسْرِعْ بِهِ نَسبُهُ. أَخْرَجَهُ أَبُو دَاوُدَ (3643)، وَالدَّارَمِيُّ (344)، وَابْنُ حِبَّان (84).
Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Кайсы бир киши бир жолго илим талап кылуу үчүн түшсө, Аллах Таала ага бейиш жолун жеңил кылып берет. Кимди амалы артка тартса, аны ата-теги астыга сүйрөй албайт». (Абу Давуд, Дарамий жана Ибну Хиббан риваяты)
Акыретте адамадардын ата-тегине эмес, амалына карап даража берилет. Кимдин амалы жакшы болсо, ата-теги кандай болуусуна карабай астыга өтөт, жогору мартабага жетишет. Кимдин амалы жаман болсо ал артка сүрүлөт, иши чатак болот. Ата-теги канчалы жогору болбосун, иши астына сүрүлбөйт. Ошондуктан эч ким өзүнө ишенип калбастыгы, өзүнөн кетпестиги керек. Тескерисинче, көбүрөөк амал кылууга аракеттенсин.
4. Жамал менен текеберденүү. Бул нерсе адатта аялдардын ортосунда көбүрөөк учурайт. Алар бири-бирине сулуулугу менен мактануу, башкалардын айыптарын айтууга өч болушат.
5. Мал менен текеберденүү. Мал-пулу көп болгон адамдар исламий тарбия албаган болсо, колунда жок кедейлерден текеберденүүсү, өз малын сыймык менен тилге алуусу аркылуу ажырап турат. Алардын текебердиги кеп-сөздөрү, кыймыл-аракеттери жана имаа-ишараларынан билинип турат.
6. Күч-кубат менен мактануу. Мында материалдык жана моралдык күч, мүмкүнчүлүк, иш-чаралар жана башкалар көздө тутулат. Текебер кишилер өздөрүнүн мал-дүйнө жагынан пас болгондордун үстүнөн «сени антип жиберем, минтип жиберем», деп мактанат.
7. Өз тарапташтары менен текеберденүү. Мында киши өз карамагындагылар, шакирттер, кызматчылар, тууган-урук, жердешчилик, ага-ини жана перзенттер менен текеберденет.
Текебердиктин даражалары:
Ибну Кудама Макдисий (рахимахуллах) кибрдин үч даражасы бар экендигин айтат:
1. Кибр инсандын жүрөгүндө конум табат. Ал өзүн башкалардан абзел деп билет. Бирок ал болбой эле өзүн пас алган кылып көрсөтөт. Мындай адамдын жүрөгүндө кибр дарагы эгилген болуп, болгону анын шактары кесип салынган.
2. Бир киши өз аракеттери менен жыйындарда бой көтөрүүнү, тең-туштарынын ортосунда алдыңкы болууну жана өз акысынын кемсинтилүүсүн четке кагууну ашкере кылат. Аалым болсо, адамдардан жүз үйүргөндөй болуп бешенесин тырыштырат. Аабид – ибадаткөй болсо, кудум адамдардан жийиркенгендей мурдун чүйрүйт. Бул экөө Аллах Таала Өз пайгамбарына «Өзүңдү ээрчиген момундарга канатыңды жаз» деп берген адебин билбеген наадандардан болуп саналат.
3. Бир кишинин тили менен доо кылып, сыймыктануусу жана өзүн мактоосу менен текеберденүүсү. Ошондой эле, ата-теги менен текеберденүүсү.
Текебердиктин түрлөрү:
1. Аллах Таалага кибр кылуу.
Бул эң жаман текебердик. Бул Фиръавн жана Намруддун текебердигине окшош болуп, Аллах Таалага пенде болуудан өзүн алып качуу.
2. Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва салламга) кибир кылуу.
Бул Мекке каапырларына окшоп Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам)га баш ийүүдөн наадандык жан тоң-моюндук менен текеберденүү.
3. Пенделерге кибр кылуу.
Бул өзүн башкалардан өйдө коюп, өзгөлөргө акарат назары менен кароо.
Текебердиктин өкүмү
Имам Захабий (рахимахуллах) жана башка аалымдар текебердик чоң күнөө экендигин баса белиглеп айтышкан.
Аллах Таала «Бакара» сүрөсүндө мындай деген:
وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ أَبَىٰ وَاسْتَكْبَرَ وَكَانَ مِنَ الْكَافِرِينَ ﴿٣٤﴾
«Периштелерге: «Адамга сажда кылыгыла!» дегенибизде эсте. Анан алар сажда кылышты, бир гана Иблис баш тартты, текебердик кылып каапырлардан болду». (34-аят).
Карасаңыз! Текебердик Иблисти куфрга жана Аллах Тааланын наалатына алып барды.
Аллах Таала «Нахл» сүрөсүндө:
إِلَٰهُكُمْ إِلَٰهٌ وَاحِدٌ ۚ فَالَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ قُلُوبُهُمْ مُنْكِرَةٌ وَهُمْ مُسْتَكْبِرُونَ ﴿٢٢﴾ لَا جَرَمَ أَنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعْلِنُونَ ۚ إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُسْتَكْبِرِينَ ﴿٢٣﴾
«Кудайыңар жалгыз Кудай. Ал эми акыретке ыйман келтирбей тургандардын жүрөгү (бул ишенимге) каршы чыгуучу. Алар (Аллахка баш ийүүдөн) текеберленишет. Эч шексиз, Аллах алардын ичине сактаган сырларын да ачык-ашкере иштерин да билип турат. Чынында ал текебер адамдарды сүйбөйт». (22-23-аяттар)
Бир тайпа инсандардын ыймансыз-каапыр болуусуна алардын өздөрү себепчи. Илдет, дарт, фасад-бузукулук каапырлардын ичинде болот. Алардын жүрөгү ыйманга далалат кылуучу аят-белгилерден үлгү-ибарат албай, аларды четке кагат. Өздөрү болсо, Аллахка баш ийүүнү, Пайгамбарды ээрчүүнү ар деп билишет, текебердик кылып, өздөрүн өйдө тутат.
Аллах алардын бардыгын жараткан Зат. Алардын бардык сырларын да, ашкере иштерин да билет. Алардан, Аллах алардын жүрөгү акыйкатты четке кагып жатканын да, өздөрү текебердик кылып жатканын да билип турат. Ошондуктан:
«Чынында ал текебер адамдарды сүйбөйт». Себеби текебер инсандардан жакшылык чыкпайт. Аларды куфрду ыктыяр кыла турган кишилер.
عَنْ حَارِثَةَ بْنِ وَهْبٍ الخُزَاعِيِّ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، عَنِ النَّبِيِّ ﷺ قَالَ: أَلاَ أُخْبِرُكُمْ بِأَهْلِ الجَنَّةِ؟ كُلُّ ضَعِيفٍ مُتَضَاعِفٍ، لَوْ أَقْسَمَ عَلَى اللهِ لَأَبَرَّهُ. أَلاَ أُخْبِرُكُمْ بِأَهْلِ النَّارِ؟ كُلُّ عُتُلٍّ جَوَّاظٍ مُسْتَكْبِرٍ. رَوَاهُ الْبُخَارِيُّ
Хариса ибн Вахб Ал-Хузаъий (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): «Силерге бейиштик адамдын кабарын берейинби? Ар бир абалы алсыз жана абалы алсыз саналган киши. Эгер Аллахка ант ичсе, Ал зат анын антын жүзөгө чыгарат. Ошондой эле тозоку ким экендиги жөнүндө да кабар берейинби? Ар бир копол, кекирейген текебер киши» деди». (Имам Бухарий риваяты)
عبدالله بن مسعود رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: "لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ مَنْ كَانَ فِي قَلْبِهِ مِثْقَالُ ذَرَّةٍ مِن كِبْرٍ، وَلَا يَدْخُلُ النَّارَ مَنْ كَانَ فِي قَلْبِهِ مِثْقَالُ ذَرَّةٍ مِنْ إِيمَانٍ...". رَوَاهُ ابْنُ خُزَيْمَةَ
Абдуллах ибн Масъуд (разияллоху анху) риваят кылат: «Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам): «Жүрөгүндө бир даана ачыткынын салмагындай кибри бар адам бейишке кирбейт. Жүрөгүндө бир даана ачыткы ыйманы бар адам тозокко кирбейт...» деп айтты». (Ибну Хузайма риваяты)
عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ ﷺ: ثَلاثَةٌ لاَ يُكَلِّمُهُمْ اللهُ يَوْمَ الْقِيَامةِ، وَلَا يُزَكِّيهِمْ، وَلَا يَنْظُرُ إِلَيْهِمْ، وَلَهُمْ عَذَابٌ أليمٌ: شَيْخٌ زَانٍ، وَمَلِكٌ كَذَّابٌ، وَعَائِل مُسْتَكْبِرٌ رَوَاهُ مُسْلِمٌ.
Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айтты: «Кыямат күнү үч тайпага Аллах сүйлөбөйт, аларды аруулабайт, назар да салбайт. Аларга жан чыдагыс азап бар. Зынакор чал, жалганчы падыша жана текебер кембагал». (Имам Муслим риваяты)
عَنْ عَمْرِو بْنِ شُعَيْبٍ، عَنْ أَبِيهِ، عَنْ جَدِّهِ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمْ عَنْ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: "يُحْشَرُ الْمُتَكَبِّرُونَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَمْثَالَ الذَّرِّ فِى صُوَرِ الرِّجَالِ، يَغْشَاهُمُ الذُّلُّ مِنْ كُلِّ مَكَانٍ، يُسَاقُونَ إِلَى سِجْنِ جَهَنَّمَ، يُقَالُ لَهُ: بُولَسُ، تَعْلُوهُمْ نَارُ الْأَنْيَارِ، يُسْقَوْنَ مِنْ عُصَارَةِ أَهْلِ النَّارِ: طِينَةِ الْخَبَالِ". رَوَاهُ التِّرْمِذِيُّ .
Амр ибн Шуъайб атасынан, ал чрң атасынан (разияллоху анхум) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деген: «Мутакаббирлер кыямат күнү майда кызыл кумурскага окшогон кишилердин көрүнүшүндө тирилтирлет. Аларды ар бир орундан кордук каптап алган болот. Алар тозоктогу Булиса деген камакка айдап барылат. Алардын үстүндө жалындаган от болот. Алар тозокулардын ириңи – тийнатул хабал менен сугарылат». (Имам Термизий риваяты)
Текбердиктин зыяндары:
1. Кибр Аллах Тааланын каарына алып баруучу жол.
2. Кибр нафстын пас жана жүз төмөн кеткендигинин белгиси.
3. Кибр Аллах Тааладан жана адамдардан узак болуусуна себеп.
4. Кибр тозок азабына дуушар кылат.
5. Кибр кыйроого жетелөөчү жана өмүрдүн берекесин кетирүүчү фактор.
6. Кибр өз ээсин Аллах Тааланын таат-ибадатынан алыстатат.
7. Кибр өз ээсин Аллах Тааланын рахматынан кууйт.
КИБИРДИ ДАБАЛОО ЖОЛДОРУ
Кибир кыйроого алып баруучу илдеттерден болуп, инсандын андан арылуусу кыйын иш. Кибрди жок кылуу фарзу ъайн. Кибр өз-өзүнөн жок болбойт, аны түрдүү шыпаа-дармандарын иштетип кунт коюп, үзгүлтүксүз дабалоо зарыл.
Кибрди дабалоо эки макамда болот:
Биринчи макам – кибрди тек-тамыры менен сууруп салуу.
Бул макамдагы дабалоо илимий жана амалий болот. Экөө тең ишке салынбаса, шыпаа толук болбойт.
Илимий дабалоо төмөнкүчө болот: Оболу, пенде өзүн жана Раббисин таанысын. Ошонун өзү андагы кибрди жоготуу үчүн жетиштүү. Эгер пенде өзүнүн кимдигин акыйкатта аңдап жетсе, ар бир кор болгон кишиден да кор экендигин, ар бир кичик кишиден да кичик экендигин билет. Мына ошондо ага бойкөтөрбөс болуу жана өзүн пас туттудан башка нерсе туура эместигин аңдап жетет.
Эгер пенде Раббисин чыныгы таризде тааныса, улуулук Ал заттан башкага туура келбестигин аңдап жетет.
Амалий дабалоо төмөнкүчө болот: Мында амалий таризде Аллах Таалага тавазуъ кылынат. Адамдарга карата үзгүлтүксүз таризде Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва салламдын), салихтердин жана тавазуъ адамдардын кулк-мүнөзү менен мамиледе болунат.
Экинчи макам – кибрден убактылуу пайда болуп, инсанды текебер кылбай турган даражага келтирүү үчүн өзүнө ылайык себептери менен дабалоо.
Абибилла ажы Кадырбердиев