"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Муфтият | 14.12.2018
  • |

ҮЧ НЕРСЕНИ АБАЙЛАП КОЛДОНУП, ҮЧӨӨНҮ ЭЧ КАЧАН УНУТПАЙЛЫ

Үч нерсени абайлап колдонолу:
— кадамды
— калемды
— касамды (антты)

Үч нерсени таза туталы:
— денени
— кийимди
— кыялды

Үч нерсени иштетели:
— акылды
— сабырды
— жоомарттыкты

Үч нерседен сактаналы:
— күнөөдөн
— өкүнүүдөн
— чычалоодон

Үч нерсени булгабайлы:
— жүрөктү
— тилди
— көздү

Бирок үчөөнү эч качан унутпайлы:
— Аллахты
— өлүмдү
— ыймандуу досту!