«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Алла Таала никени жер бетинде адамдарды таркатуу, тукумду улантып, коомду бузукулуктан, зынадан сактоо үчүн жараткан. Жана ошондой эле Жараткан Алла Таала жубайлардын ортосундагы мамилени дагы бийик, назик кылып, ынтымактын, сүйүүнүн жана мээримдин үстүнө тургузду. Алла Таала Курани Каримде айтты: “Ага байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да Анын белгилеринен” (Рум, 21).
Алла Таала эркектерди аялдарына жакшы мамиле кылууга жана алар менен жакшы жашоого, аларга камкорчулук кылып, аларга баш-көз болууга өкүм кылат. Алланын Элчиси (с.а.в.) айткан: “Аялдарга болгон мамиледе Алладан корккула, акыйкатта Алла Таала аларды силерге ишенип берди жана аларды жубайлыкка Алланын сөзү аркылуу алдыңар”.
Пайгамбар (с.а.в.) айтты: “Ким өзүнүн үй-бүлөсүнө мээримдүүрөөк болсо, ошол ыйманы бийик момун болуп эсептелет”. Дагы: “Силердин эң жакшыңар өзүнүн үй-бүлөсү менен эң жакшы болгону жана силердин араңардагы эң жакшыңар менмин” деген. Үлгү алууга Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жашоосу мисал болуш керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнүн кийимдерин өзү жамап, бут кийимин өзү оңдогон, аялына балдарды тарбиялап, үй жумуштарын кылууда жардам берген. Жана ошондой эле Пайгамбарыбыз (с.а.в) туугандарына да жардам берип турган. Алладан бекем ыйман, диний билим жана ушуга ылайык үй-бүлөдөгү жашкы мамилени сурайбыз.
Эркектин аялга болгон мамилеси жөнүндө.
Күйөөсү менен аялы бири бирин толуктап турат. Жашоодо ар биринин өзүнчө милдети бар. Үй-бүлөгө камкорчулук кылуу бийик адеп-ахлактын белгиси, күйөөсү менен аялынын ортосундагы мамиле өз ара сүйүүгө жана мээримдүүлүккө негизделиш керек.
Аялдын күйөөсүнө болгон мамилеси жөнүндө.
Аялдардын күйөөсүнө болгон милдеттери бар. Биринчиден, ал күйөөсүнүн жыныстык талаптарын кайсы учурда болбосун ал суранганда канааттандырууга милдеттүү (албетте, эгерде буга олуттуу себептер болбосо).
Экинчиден, аялы күйөөсү жактырбай турган адамдарды (эгерде күйөөсү мурда булар жөнүндө кабарлап койгон болсо), үйүнө киргизбеш керек, эгерде алар аялдын туугандары.
Аялдын үчүнчү милдети – күйөөсүнүн сырын жашыруу. Ал эч качан бирөөлөргө үйдө болуп жаткан нерселер жөнүндө айтпаш керек, өзгөчө бул күйөөсү менен болгон жыныстык катнашка байланыштуу болсо. Мындай нерселерди ачыкка чыгаруу исламдык укукту олутту бузгандык болуп эсептелет.
Төртүнчү , ошол коомдун кабыл алган салттарына ылайык милдеттер. Алар ар бир коомдо өзүнчө болот, мисалга шаарда жашаган үй-бүлө менен элетте жашаган үй-бүлөнүн милдеттери сыяктуу.
Бешинчи, ар бир үй-бүлөдө кабыл алынган жекече милдеттер. Алар ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн милдеттери, күйөөсү жана аялы аларды өздөрүнүн каалоосу менен орнотот.
Талак маселеси
Алла Таала жубайларга бири бирин сүйүп урматтап, тынчтыкта, бири бирине жакшы мамиле кылып жашоого өкүм кылган. Бирок, биргелешип жашоонун сыноолорун жана кыйынчылыктарын жубайлардын бардыгы эле көтөрө бербейт. Жубайлардын ортосунда ар дайым эле сүйүү жана өз ара түшүнүшүү боло бербейт жана көпчүлүк учурда биргелешип жашоого мүмкүн болбой ажырашуудан башка арга калбай калат. Мындай учурда Ислам шариятында ажырашуу каралган. Ажырашуу үчүн эркек өзүнүн аялына талак берет. Бул учурда эркек талакты берүүчү, ал эми аялы талакты алуучу сыпатында болот.
Ажырашуу кантип иш жүзүнө ашырылат?
Күйөөсү аялына ажырашуу сөзүн айтат, мисалга: “Мен сага талак бердим же мен сени менен ажыраштым, же сен ажыраштың ж.у.с.” деген сөздөрдү айтат. Мына ушул сөздөр айтылган соң жубайлардын ортосунда нике бузулат жана талак түшөт. Мындайча айтканда, шарият боюнча бир талак түшөт. Ажырашуу үчүн ушул сөздөр же бир жолу айтса жетиштүү. Күйөөсү үч талакты чогуу айтпасын, аялы да үч талак бер деп талап кылбасын.
Талакуль-бидъат – талактын бул түрү тыюу салынган жана күнөө болуп эсептелет. Талактын бул түрүнүн ар кандай варианттары бар:
3.Үч талакты же эки талакты бир тазалыктын ичинде бир сөз менен берүү, аялдын айыз учурунда талак берүү. Бул учурда айткан талагы талак болуп эсептелет жана берген адам күнөөкөр болот.
Талак маселесиндеги туура эмес түшүнүктөр.
Азыркы учурда талак боюнча кенири таралган жаңылыштыктар бар. Дин маселелери боюнча адеп-ахлактык тарбиянын начардыгы жана сабатсыздык талак жөнүндө туура эмес түшүнүккө алып келүүдө. Төмөндө ошолордун кээ бирөөлөрүнөн мисал келтире кетебиз.
Туура эмес түшүнүк: Адамдар талак сөзүн үч жолу айтмайынча талак түшпөйт деп эсептешет. Бул жубайлардын кайрадан некелешүүсүнө таптакыр мүмкүндүк бербей турган туура эмес ката түшүнүк. Бул ачык адашуу. Аялы күйөөсүнөн үч жолу талак айтуусун талап кылуусу же күйөөсү үч талакты бир сөз менен бир мезгилде берип салуусу менен үч талак түшүп калат. Натыйжада жубайлар кайра никени жаңыртып бирге жашоого таптакыр жол калбай калат.
Туура эмес түшүнүк: Кээ бир эркектер талакты күнүмдүк турмушта эрди катын урушканда аялын сөгүүчү же урушуучу сөз катары колдонуп жүрүшөт. Аял эркек уруша кетсе же кызганганда же кимдир бирөөгө өчөшүп дароо эле үч талакты берип салуу туура эмес. Бул учурда үч талак түшүп, кайра жарашууга болбой калат. Ажырашуу үчүн бир талак жетиштүү, үч талак берүү зарыл эмес. Аллах Таала эркекти эрктүү, аялга караганда күчтүү, сабырдуу деп талактын тизгинин эркекке берген. Ошондуктан эркектер эрктүү, сабырдуу болуп шарияттын маселелерин окуп, үйрөнүп талак сөзүнө этият болуулары зарыл.
Туура эмес түшүнүк: Адамдар ачык сөздөр менен талак айтканда, ажырашуу ниети болбосо эч кандай талак түшпөйт деп эсептешет. Бул дагы ачык адашуу, анткени жогоруда белгиленип кеткендей, ачык талактын түшүүсү үчүн ниет милдеттүү шарт болуп эсептелбейт. Берилген талак айтылуусу менен күчүнө кирет.
Туура эмес түшүнүк: Көптөрү талак күнөө жана бул сөздөрдү таптакыр айтууга болбойт деп ойлошот. Бирок бул андай эмес. Талак бул жакшы амал эмес, бирок, олуттуу себептер болсо ажырашуу (талак) күнөө болуп эсептелбейт, кээ бир учурларда ал сунуш кылынуусу да мүмкүн. Албетте, эч кандай себеби жок талак берүү, бул аялына зулумдук кылууга жатат. Талактын оң да терс да жактарын туура түшүнүү керек. Туура чечим кабыл алуу үчүн илимдүү адамдарга (аалымдарга) кайрылуу зарыл.
Гусул
Гусул — бул бүткүл денеге суу жеткирип жуунуу тазалануу дегенди түшүндүрөт. Тазалануу эки түрдүү болот. 1. Жунубдуктан тазалануу (гусул алуу). 2. Даарат алуу. Инсан кайсы бир себептер менен гусул алуу важиб болуп калган учурду жунубдук (таза эмес) абал деп айтылат. Гусул алуу үч абалда фарз болот. 1. Жыныстык мамиле болгондон кийин. 2. Адам уйкуда түшүркөп, жунуб болгондо. 3. Аялдардын айызы жана нифасы (төрөттөн кийинки каны) токтогондон кийин.
Гусулдун үч парзы бар. 1.оозду жууганда суу тамакка толук жетиш үчүн гар-гара кылып чайкоо. 2. Мурунга терең суу тартып, ачыштыра чайкоо. 3. Бүткүл денени бир жерин калтырбай суу жеткирип, мүчөлөрдү жуу.
Айыз (этек кир)
Аялдарга тиешелүү болгон кан үч түрдүү болот, алар; айыз, нифас (төрөттөн кийинки кан), истихаза (оору себептен келген кан).
Айыз – балагатка, тактап айтканда дене мүчөлөрү жетилген учурда аялдын жатынынан келе турган кан. Бул кан белгилүү мөөнөткө келет, эң аз мөөнөтү 3 күн, эң көп мөөнөтү 10 күн болот.
Аялдарга айызы келип турган учурда намаз окуу, орозо кармоо, мечитке кирүү, Каабаны таваф кылуу (айлануу), Куранды сырт капсыз кармоо, Куранды жатка же карап окуу, жыныстык катнаш кылууга болбойт.
Айыз убагындагы калган намаздардын казасы окулбайт. Ал эми рамазан айынын орозосунун калып кеткен казаларын канча күн болсо, ошончо күн кармап берет.
Айыз абалында аялы менен жыныстык мамиле кылууга тыюу салынат.
Айыз учурундагы аял менен сүйлөшүүгө, бир дасторкондо тамактанууга аны менен бир төшөктө жатууга болот. Ошондой эле айыз учурунда нике окууга дагы уруксат берилет. Ошондуктан айыздары той күнүнө туш келген келиндердин никеси окула берет, тою да улана берет. Бирок жыныстык жакындык айыз бүткөндөн кийин гана болот.
Нифас (төрөттөн кийинки кан)
Боюнда бар аял перзентин төрөгөндөн кийин келе турган кан нифас каны деп аталат. нифастын эң аз мөөнөтүнө чек жок, ал эми эң узак мөөнөтү кырк күн болот. Ал эми кырк күндөн кийин келген кан истихаза деп аталат.
Нифас көргөн аял да айыз көргөн аял сыяктуу кээ бир диний ибадаттарын убактылуу токтолуп турат. Мисалы; намаз окуу, орозо кармоо, мечитке кирүү, Каабаны таваф кылуу (айлануу), Куранды сырт капсыз кармоо, Куранды жатка же карап окуу, жыныстык катнаш кылуу.
Истихаза (оору себептүү келген кан)
Истихаза- бул аялдын жатынынан оору себептүү келе турган кан. Мисалы; айыздын эң аз мөөнөтү 3 күн, ага жетпей токтоп калса же эң көп мөөнөтү 10 күн андан ашып кетсе анда мындай кан истихаза каны болот жана эч кандай ибадатты токтотпойт. Нифастын эң көп мөөнөтү кырк күндөн ашып кетсе анда ошол кан дагы истихаза болуп эсептелет.
Аль-Идда деген эмне?
Идда – бул ажырашуунун себебинен (талактан) же күйөөсүнүн өлгөнүнө байланыштуу аялдын милдеттүү түрдө экинчи турмушка чыкканга чейин белгиленген, күтүү мөөнөтү. Аялга бул мезгилдин ичинде күйөөгө чыгууга тыюу салынат. Идданын мөөнөтү идданын түрүнө жараша ар кыл болот.
1.Айыз көргөн аялга үч айыз мөөнөтү. Идданын бул түрү «иддатут-талак» деп аталат.
2.Айызы токтогон аялдын иддасынын мөөнөтү үч ай.
3.Күйөөсү өлгөн аял үчүн идданын мөөнөтү, эгерде анын боюнда болбосо, төрт ай он күн. Идданын бул түрү «иддатуль-вафат» деп аталат.
4.Эгерде аял кош бойлуу болсо, анда анын иддасынын мөөнөтү төрөгөнгө чейин.
Нафака деген эмне?
Нафака – бул камкордун өзүнүн камкордугундагыларга сарптаган чыгымдары. Шарият боюнча эркек адам өзүнүн никесиндеги аялын же аялдарын же никеден төрөлгөн балдарын багууга милдеттүү. “Нафака” термини бойго жеткен балдарынын карыган ата энелерин же колунда жок бир туугандарын, эже-карындаштарын камсыздоо үчүн чыгымдаган акча каражаттарын да билдирет. Мындайча айтканда, шарият боюнча адам багууга милдеттүү болгон адамдарды материалдык каражаттар менен камсыздоону билдирет.
Күйөөсү аялын эмнелер менен камсызоо керек?
Күйөөсү аялын үй-жай, тамак-аш жана кийим-кече менен камсыздоого милдеттүү.
Аялды багууга байланыштуу шарияттын кандай өкүмдөрү бар?
Төмөндө шарияттын ушуга байланыштуу негизги өкүмдөрү келтирилет:
1.Шариятка ылайык күйөөсү аялын ал мусулман болсун же Китеп ээлеринен болсун, эгерде ал күйөөсү менен бирге жашай турган болсо (эгерде ал өзүн толук күйөөсүнүн ыктыярына өткөрүп берген болсо), камсыз кылууга милдеттүү. Жогоруда айтылгандай ал үй-жай, тамак-аш жана кийим-кече менен камсыз кылууга милдеттүү.
2.Эгерде аялы күйөөсүн укпай, аны менен бирге жашабай турган болсо, анда аялы өзүн толук анын ыктыярына өткөрүп берип, бирге жашоо үчүн анын үйүнө бармайынча күйөөсү аны камсыз кылууга милдеттүү эмес.
3.Эгерде аялы күйөөсү махрын төлөп бербегендиги үчүн анын үйүнө жашоого барбай жаткан болсо, анда күйөөсү аны багууга милдеттүү.
Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүм башчысы Равшан ажы Эратов