Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Муфтият | 11.11.2025
  • |

УМРА – БУЛ КИЧИ АЖЫЛЫК

I.    Умра деген эмне?

Умра – Меккеге барып, белгилүү амалдарды аткаруу менен Алла Таалага жакын болуу ибадаты. Ал ажыга окшош, бирок убактысы чектелбейт жана Арафада туруу, шайтанга таш ыргытуу сыяктуу амалдар камтылбайт.

II.    Умранын өкүмү
Ислам аалымдарынын пикирине ылайык:
•    Ханафи мазхабында – Умра сүннөт амалдардан, башкача айтканда сообу көп бериле турган, аткарууга сунуш кылынган амал.

Далилдер:
وَأَتِمُّوا الْحَجَّ وَالْعُمْرَةَ لِلَّهِ

“Ажылык жана умраны Алла үчүн толук аткаргыла” (Бакара сүрөсү, 196-аят).

III.    Умранын фазилаттары (пайдалары)
1. Күнөөлөрдүн кечирилиши. 
عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم : “العمرة إلى العمرة كفارة لما بينهما، والحج المبرور ليس له جزاء إلا الجنة. رواه البخاري
Абу Хурайра (разияллоху анху) Пайгамбарыбыздан (соллаллоху алайхи ва саллам) риваят кылат:

Алланын Элчиси (соллаллоху алайхи ва саллам) айтты: «Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (Имам Бухарий риваяты).

2. Ажылар Аллахтын коногу катары эсептелинет. 
الغازي في سبيل الله والحاج والمعتمر وفد الله دعاهم فأجابوه وسألوه فأعطاهم. رواه  ابن ماجه
Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Аллах жолундагы казатчы, ажы жана умра зыяратчылары, Аллахтын өкүлдөрү. Алах аларды чакырган, алар Ага лаббай деп жооп беришти, алар Аллахтан кажеттерин сурашты, Ал аларга берди”, – деп айтты” (Ибн Мажа риваяты).

3. Умра ибадаты умра зыяратчыларынын күнөөлөрүн өчүргөндөй, алардан жакырчылыкты да кетирет. Умра зыяратына баргандардын малына Аллах береке берет. Бул да Умранын пазилеттеринин бири. 
Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): 
تابعوا بين الحج والعمرة، فإن متابعة بينهما تنفي الذنوب بالمغفرة كما ينفي الكير خبث الحديد. رواه الترمذي
"Ажылык менен умраны удаама-удаа аткаргыла! Анткени бул эки ибадатты удаама-удаа аткаруу темирчи темирди тазалагандай күнөөлөрдү магфират менен тазалап салат”, – деди”. (Имам Тирмизий риваяты). 

Бул хадиске караганда ажылыктан кийин умра кылуу мустахаб деп түшүнүлөт. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) өмүрүндө төрт жолу умра кылды. Алардын төртүнчүсү ажылык менен бирге аткарган умра.
Белгилүү болгондой, ыйык убакта кылынган ибадаттын сообу да ошого жараша көбүрөөк болот. 
4. Рамазан айында кылынган умранын сообу эки эсе көбөйөт.
عنِ ابنِ عباسٍ، رضي اللَّه عنهُما، أنَّ النَّبيَّ ﷺ قَالَ: عُمرَةٌ في رمَضَانَ تَعدِلُ حجة أَوْ حَجَّةً مَعِي متفقٌ عليهِ.
Ибну Аббас (разияллоху анхума) риваят кылат: Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): «Рамазанда кылынган умранын сообу ажылыктын сообу менен барабар. Башка бир риваятта: “Мени менен чогуу ажылык кылганга барабар”, – деген”  ( Имам Бухарий жана Муслим риваяты).

Бирок парз ажылыктын ордуна өтпөйт.

Кошумчалай кетсек, умра зыяратчылары Аллахтын үйүн таваф кылууда алардын ар бир баскан кадамы үчүн бир сооп иш жазылып, бир күнөөлөрү өчүрүлөт. 
عن ابن عمر رضي الله عنهما قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: من طاف بالبيت، لم يرفع قدما ولم يضع أخرى إلا كتب الله له حسنة: وحط عنه بها خطيئة ورفع له بها درجة.  رواه أحمد

Абдулла ибн Умар (разияллоху анхума) риваят кылат: Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): мындай деп айткан: “Ким Каабаны таваф кылса, бир бутун көтөрүп, бир бутун жерге койгондо Аллах ага бир жакшылык жазат жана анын бир күнөөсүн кетирет жана анын даражасын көтөрөт” (Имам Ахмад риваяты).

Аллах Таала баарыбызга Аллахтын үйүн кайра-кайра таваф кылуу бакытын насип кылсын!

4. Умранын негизги амалдары
1.    Ихрамга кирүү (Ниет жана Талбия):
Ниет: «Аллахумма инни урийдул-умра, фаяссирха ли ва такаббалха минни» (Оо Аллах, мен Сен үчүн умра кылууну ниет кылдым. Аны мага жеңил кылгын жана менден кабыл кыл).

Талбия: لَبَّيْكَ اللَّهُمَّ لَبَّيْكَ، لَبَّيْكَ لا شَرِيكَ لَكَ لَبَّيْكَ. إِنَّ الْحَمْدَ وَالنِّعْمَةَ لَكَ وَالْمُلْكَ، لا شَرِيكَ لَكَ 
«Лаббайка Аллахумма лаббайк, лаббайка ла шарика лака лаббайк. Иннал хамда ван-неьмата лака валь-мулк, ла шарика лак».
2.    Таваф (Каабаны жети айлануу) 
▶️    Каабанын айланасында 7 жолу айланат.
▶️   Ар бир бурчта «Бисмиллахи Аллаху Акбар» деп айтуу сүннөт.
▶️    Дуалар: «Раббана атина фид-дуния хасана...» ж.б.
3.    Сафа менен Марва арасында Саий (жети жолу жүрүү)
▶️    Сафа тоосунан баштап Марвага чейин жети жолу жүрөт.
▶️    Дуба:
«Инна-с-сафа валь-марвата мин шаьаи-риллах...»
▶️    Сафа үстүндө кол көтөрүп дуба кылуу – сүннөт.
4.    Чач кыркыш (таҳаллул)
▶️    Эркектер чачын толук кырышат же кыскартышат.
▶️    Аялдар чачынын учун бир манжа узундугунда кесет.

Жыйынтык
Умра – бул жүрөктү тазалаган, ыйманды күчөткөн жана Алланын ырайымына жол ачкан керемет ибадат. Ар кимге Алла Таала умра кылууну насип кылсын! 

اللهم ارزقنا عمرةً مقبولةً وذنباً مغفوراً
(Оо Аллах, бизге кабыл болгон умра жана кечирилген күнөөлөрдү насип эт!)

Даярдаган: Умар ажы Бакиров, умра бөлүмүнүн адиси