Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Ак-Төбө айылынын жашоочулары, өзгөчө жаштары айылдын имамы Майрамбек Жанибековго унаа белек кылышты.
12 жылдан бери имамдык кызматты аркалап, айыл элине диний илим-билим жана тарбия берип келген Майрамбек ажынын эмгегин жогору баалаган тургундар ага өз ыраазычылыгын билдирип, ушундай чоң белек тапшырууну чечишкен. Имам тургундарга терең ыраазычылыгын билдирип, айылдаштары үчүн дуба кылды.
Бул окуя айыл элинин ынтымагынын жана биримдигинин белгиси катары көпчүлүктүн көңүлүн бурду.