«Орозо кармагыла да, (жан дүйнөңөрдү да, ден-соолугуңарды да) чыңдагыла! (Хайсами 3/179)
Аксы районунун баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыковдун демилгеси менен Кербен шаарындагы аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө күнүмдүк тамак ашка керектелүүчү азык-түлүк, 198 балага кийим-кечелер таратылып берилди.
Райондун баш имам-хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков жергиликтүү ишкерлердин жардамы менен жалпы 240 миң сомдук жардам берилгендигин айтып, демөөрчүлөр менен тизмени тактоодо жардам берген имамдарга өз ыраазычылыгын билдирди.