"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорундагы имамдары үчүн уюштурулган 3 күндүк “Салттуу ислам түшүнүгү” аттуу окуу семинары ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Семинардын жүрүшүндө Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана муфтияттын кызматкерлери тарабынан салттуу ислам баалуулуктары, матуриди акыйдасы, ханафи мазхабынын негиздери жана ислам тарыхы боюнча мазмундуу сабактар өтүлдү.
Имамдар окууга активдүү катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Семинардын соңунда Азиретти Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев имамдардын элге кылып жаткан кызматын жогору баалап, терең ыраазычылыгын билдирди.
Семинар жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, сабак өткөн устаздар — Абдыкалык Эшматов жана Кенжетай Курманкожаевге ыраазычылык билдирилди.
Бул сыяктуу илимий иш-чаралар диний кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатууга жана коомго туура багыт берүүгө чоң салым кошот.