Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, казынын орун басары Арпидин ажы Жороев Кара-Көл шаарына болгон иш сапарында шаар мэри Нуртилек Орозбаев менен жолукту.
Жолугушууда жаңыдан дайындалган баш имам-хатиб Ниязалы Айтматов тааныштырылып, диний маселелерди жөнгө салууда жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы белгиленди.
Арпидин ажы Жороев: «КМДБ тарабынан шаардын хатибдерине жергиликтүү бийлик менен биргеликте иш алып баруу талабы дайыма коюлуп келет. Диний маселелерди биргеликте чечүү – эл үчүн маанилүү кадам», – деди.
Мэр Нуртилек Орозбаев шаар бийлиги диний маселелерди чечүүгө, элдин диний сабаттуулугун арттырууга, экстремизмдин алдын алууга, ашыкча ысырапкерчиликти жоюуга кызыктар экенин белгилеп, жаңы баш имамга ийгилик каалады.