"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 13.04.2026
  • |

Азатбек ажы Абытов Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Абытов Азатбек Авазбекович Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду. 

Абытов Азатбек Авазбекович 1990-жылдын 25-февралында Ош шаарында туулган.

Билими:

* 2014-2020-ж.ж. Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресесинин араб тили жана шарият илимдери факультети. 
* 2016-2021-ж.ж. МУИТ университетинин психология факультети.
* 2023-2025-жж «Көлмө» медресесинин (Тахассус филь-фикхи валь-ифта) адистиги.
* 2025-жылдан И. Арабаев атындагы КМУнун теология факультетинин магистранты.

Эмгек тажрыйбасы:

* 2021-2022-жж. Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресесинде мугалим кызматын аркалаган.
* 2022-2026-жж. КМДБнын Чүй облустук өкүлчүлүгүндө кадр жана катчылык адиси.
* 2022-2024-жж. Сокулук, Москва райондорунда ажылык боюнча оператор.
* 2023-жылдан баштап азыркы күнгө чейин Чүй облусу боюнча ажылык иштерин уюштурууда жооптуу куратор.