«Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. Аныгында, кыйынчылыкты улай жеңилдик келет» (Инширах, 5-6.)
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1-Май айылындагы «Биримдик» атындагы мечиттин азанчысы Аниярбек Тантикеевге жана жубайына демөөрчүлөр тарабынан ыйык Мекке шаарына умра зыяратына жолдомо сертификаты салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Бул саамалык көп жылдан бери мечитке ак ниет менен кызмат кылып келген азанчынын үзүрлүү эмгегине көрсөтүлгөн жогорку баа катары кабыл алынды.
Демөөрчүлөргө жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдирилип, Аниярбек аксакалга жана жубайына ыйык зыярат сапарынын кабыл болуп, аман-эсен барып келишин тиленип, дубалар кылынды.