Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 19.07.2025
  • |

Бакытбек ажы Усманов Москва районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Диний ишмер Бакытбек ажы Усманов Чүй облусунун Москва районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка облус казысы Абдул-Азиз ажы Чыныбеков кол койду. 

Бакытбек ажы Усмановдун тууралуу маалымат:

Усманов Бакытбек Колмахамадович 1982-жылы 6-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Токтогул шаарында туулган.

Билими:

1996-1999-жылдары Сокулук районундагы «Салман Фарсий» диний билим берүү мекемесинен билим алган;
1999-2003-жылдары Кара-Балта шаарындагы «Хазрети Осмон» атындагы ислам институтунда билим алган;
2011-2015-жылдары Нарын шаарындагы «К.Мамбетакунов» атындагы колледжинде дене-тарбия багытында окуган;
2017-2020-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Кыргыз тили жана кыргыз адабияты» багыты боюнча окуп бүтүргөн;
2020-2022-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ислам теологиясы багыты боюнча магистрдик ишин жактаган;
2023-жылдан бери И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «теология» багыты боюнча докторант.

Эмгек тажрыйбасы:

2003-2005-ж.ж. Кара-Балта шаарындагы «Хазрети Осмон» атындагы ислам институтунда мударрис;
2005-2007-ж.ж. «Расул Акрам» ислам институтунда мударрис;
2008-2014-ж.ж. Токтогул районунун баш имам-хатиби;
2014-2016-ж.ж. Нарын казыятында кызматкер;
2016-2023-ж.ж. «Расул Акрам» ислам институтунда мударрис;
2018-2021-ж.ж. Чүй облусундагы Военно-антоновка айылындагы «Хадича» мечитинин имам-хатиби;
2022-2025-ж.ж. Бишкек шаарындагы «Жусуп Баласагын» мечитинде имам-хатиб;
2023-2024-ж.ж. КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы;
2024-2025-ж.ж. Жалал-Абад шаарындагы «Абдулла» атындагы ислам институтунун окутуучусу;
2024-2025-ж.ж. Жалал-Абад шаарындагы «Аалым Мусулманкул ажы» медресесинин директору;
2024-2025-ж.ж. Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары болуп эмгектенген.

Өзүнө берген мүнөздөмөсү:

Өз жумушуна жоопкерчилик менен мамиле кылат. Анын ишмердиги учурдагы талаптарга жооп берет, өзүнүн сабак өтүү учурунда окутуунун жаңы ыкмаларын колдоно билет. Билимин үзгүлтүксүз жогорулатып келет жана келечекке койгон максаттарын ишке ашырууга далалаттанат.