Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Иш-чаранын негизги максаты – дин кызматкерлери ортосундагы достук мамилени бекемдөө, өз ара кызматташууну күчөтүү жана ден соолук маданиятын даңазалоо болуп саналат.
«Бул мелдеш дин кызматкерлеринин өз ара таанышып, ынтымакта болуусуна өбөлгө түзүп, ыйман жана маданияттын чегинде ден соолукка кам көрүүдө чоң роль ойнойт», – деп белгиледи Кадамжай районунун баш имам-хатиби Абдимуталиб Усманов.
Кичи футбол боюнча өткөн мелдешке жалпы 11 команда катышты. Командалар оюн эрежелерин сактоо менен таза оюн көрсөтүп, таймаш жогорку деңгээлде, достук маанайда жана кызыктуу өттү. Мелдештин жыйынтыгында «мыкты дарбазачы», «мыкты чабуулчу» жана «мыкты оюнчу» номинациялары тапшырылып, мыктылар грамота жана дипломдор менен сыйланышты:
Дин кызматкерлеринин ынтымак оюну төмөнкүдөй жыйынтыкталып, 1-орунду Бирлик айыл аймагынын командасы мыкты оюн жана ынтымак менен башкы байгеге ээ болду. Ал эми 2-орунду Айдаркен шаарынын командасы жигердүү аракет менен камсыздаса, 3-орунду Актурпак айыл аймагынын имамдары ээледи.
Мындай иш-чаралар дин кызматкерлеринин ортосундагы ынтымакты чыңдап, коомдо биримдик менен позитивдүү маанайды жайылтууга чоң салым кошорун, келечекте бул сыяктуу спорттук таймаштар салтка айланып, кеңири масштабда өткөрүлөрүн казыяттан маалымдашты.