Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү облус аймагындагы бардык мечиттер арасында масштабдуу сынак өткөрдү. Иш-чара диний чөйрөдөгү кызматтардын сапатын жогорулатуу, мечит жамааттарынын ынтымагын бекемдөө, мечиттердин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана үлгүлүү тажрыйбаларды жайылтуу максатында уюштурулду.
Аталган сынак КМДБнын Баткен облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Нуридин ажы Мамасабировдун демилгеси менен өткөрүлүп, “Ыйман аманат” фонду тарабынан колдоо көрсөтүлдү.
Сынакка Баткен облусунун бардык район-шаарларындагы мечиттер активдүү катышып, алардын диний, социалдык жана уюштуруучулук ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Баалоо иштери атайын иштелип чыккан критерийлердин негизинде жүргүзүлүп, мечиттердин жамааты, кызматкерлери жана материалдык-техникалык шарттары комплекстүү түрдө каралды.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү:
«Мыкты азанчы»
«Мыкты ыңгайлуу шарт»
«Илимдүү жамаат»
«Мыкты Куран окуучу»
«Мыкты мечит эсепчиси» (мыкты мутавалли)
«Кайрымдуу жамаат»
Сынак облустун аймагында этап-этабы менен өткөрүлүп,
— 1-декабрда Баткен шаары жана Баткен району,
— 4-декабрда Лейлек району жана Сүлүктү шаары,
— 15-декабрда Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттер камтылды.
Ар бир аймакта сынакты КМДБнын Баткен облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Нуридин ажы Мамасабиров баштаган өкүлчүлүктүн кызматкерлери калыстык менен өткөрүп, мечиттердин ишмердүүлүгүнө жеринен баа беришти.
Сынактын жыйынтыгында мыкты деп табылган мечиттер жана жамаат өкүлдөрү грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Уюштуруучулардын айтымында, мындай сынактар мындан ары да улантылып, облус аймагындагы дин кызматкелердин билим сапатын, жамааттын ынтымагын, мечиттердин дагы да шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Бул сынак мечиттер арасындагы ынтымакты бекемдеп, жоопкерчиликти арттырып, жамааттарды активдүүлүккө үндөгөн маанилүү иш-чара катары жогору бааланды.