Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 19.08.2025
  • |

Баткенде “Дин тармагында иш кагаздары жана улуттук нарк” аттуу семинар өттү

Үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын имаратында “Дин тармагында иш кагаздары жана улуттук нарк” темасында семинар болуп өттү. Иш-чараны Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын кадрлар жана катчылык адиси уюштурган. Семинар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жана Баткен облустук мамлекеттик архиви менен биргеликте өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — дин тармагында иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура жана так жүргүзүү, дин кызматкерлерине “Кыргыз жараны” жана “Улуттук нарк” концепцияларынын өзөк идеяларын түшүндүрүү, ошондой эле мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдардын талаптарын иш жүзүндө аткарууну камсыз кылуу болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров кайрылып, иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Андан соң Улуттук комиссиянын өкүлү Мамлекеттик тил мыйзамы, “Кыргыз жараны” жана “Улуттук нарк” концепциялары боюнча маалымат берип, бул багыттагы талаптарга токтолду. Баткен облустук мамлекеттик архивдин кызматкери болсо иш кагаздарын жүргүзүүдө типтүү нускамага ылайык иш алып баруу жол-жоболору жөнүндө айтып берди.

Семинар практикалык сабак жана суроо-жооп форматында уланды. Катышуучулар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, иш кагаздарын жүргүзүүдө кездешкен айрым көйгөйлөрдү талкуулашты.