Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Баткен шаардык жана райондук хатибияты тарабынан иш-чара уюштурулду. Баткен шаарынын жана районунун баш имам-хатиби, ошондой эле аймактык имамдар Баткен шаарында жана районунда жашаган ардактуу аксакал имамдардан жана апалардан кабар алышып, алардын ден соолугу жана жашоо-шартынан кабар алышты.
Иш-чаранын алкагында карыларга жылуу сөздөр айтылып, алардын эмгеги жана коомдогу орду жогору бааланары белгиленди. Ардагер дин кызматкерлерине ыраазычылык билдирилип, белектер да тапшырылды.
Бул иш-чаранын негизги максаты — улуу муунду урматтап, алардын тажрыйбасы менен акыл-насаатын алуу болуп саналат.